ТОВАРГА АЙЛАНГАН АДАМ ОРГАНДАРЫ

Медицина илими күн санап өнүгүүдө. Ак халатчандар адамдан-адамга бөйрөк, боордон сырткары жүрөк, өпкө сыяктуу органдарды да которуп салууга (трансплантация) жетишип калышты. Бирок орган которуу менен катар эле органдарды мыйзамсыз сатуу жагы да өнүгүп, бизнеске айланып бараткандыгы сыр эмес.

Тарыхынан кыскача...

Трансплантация жүргүзүү аракетин биринчи болуп 1670-жылы Макрен аттуу дарыгер адамга жаныбардын сөөгүн салып көрүүдөн баштаган. Бирок ал кездин шартына ылайык мындай эксперименттен эч кандай майнап чыккан эмес.
Андан бери убакыт өтүп, адам органдарын трансплантациялоо медицинанын жаш тармагы катары чыга келди. Тарыхка кайрылсак, алгачкы орган которуп салуу операциясы 1933-жылы жасалган. Ошондо орус хирургу Ю.Ворон 26 жаштагы айымга 60 жаштагы кишинин бөйрөгүн салгандыгы белгилүү. Бирок жаңы органдын кожоюну (реципиент) эки күн гана өмүр сүргөн. Мындай ийгиликсиз операциядан кийин калган орган которуулар тажрыйба топтоо катары гана жүргүзүлө баштайт.
Орган которуу аракеттерин 1950-жылдан тартып ийгилик коштойт. Тактап айтсак, аталган жылы 17-июнда АКШда бөйрөк которуу боюнча жасалган операция реципиенттин өмүрүн дагы 5 жылга узарткан. Жаңы дары-дармектердин чыгышы, илимдин өнүгүшү менен оорулуулардын жашоо мөөнөтү узара баштады.
СССРде болсо биринчи ийгиликтүү трансплантация болуп 1965-жылы 15-апрелде 19 жашар балага апасынын бөй­рөгүн салуу эсептелет. Бүгүнкү күндө бул тармакты Батыш менен Чыгыштын өл­көлөрү өз ара атаандашып, өнүктүрүп келишет. 
Азырынча аталган тармактын өнүгүп-өскөн мезгили болуп XX кылымдын аягы менен XXI кылымдын башы эсептелет. Бирок ийгиликтер менен кошо эле донор органдардын кымбаттыгынан, тартыштыгынан улам органдарды мыйзамсыз сатуу да өнүгүүдө.
2003-жылы укук коргоо органдары москвалык хирургдарга мыйзамсыз түрдө оорулуулардын органдары тартылып алынган” деген күнөө коюп, чоң дүрбөлөң жаратышат. Аны менен бирге коомчулукта, эл арасында кайчы пикирлер пайда боло баштайт. Башка жерлерде да мыйзамсыз орган сатуу фактылары ачылууга өтөт.

Бирөөнүн өмүрүн сакташ үчүн башка бирөөнүн өмүрү керек

Донор органдар өлүк адамдан же тирүү донордон алынат. Башка жолу жок. Жасалма органдар азыркы кезде тажрыйба иретинде гана колдонулат. Ал эми жаныбарлардын органдарын пайдаланууга таптакыр болбойт. Анткени аларда адам иммунитети көтөрө албай турган жугуштуу оорулар кездешет.
Учурда адам органдарын табуу кыйынга тургандыктан, анын баасы өсүп, карапайым адам үчүн кол жеткиске айланууда. Анткени органга муктаж болгондор көп, ал эми донорлор аз. Керектүү органдарды алыш үчүн адамдарды уурдап өлтүрүү, ооруканадагы өлүп бараткан адамдардын органдарын кесип алып калуу сыяктуу мисалдар жок эмес. Мындай көрүнүштөр ар өлкөдө ири чатактарды жаратып, токтобой келет.
КМШ аймагында “адам органдарын мыйзамсыз экспорттоо боюнча 1-орунда Украина турат” деген маалыматтар бар. Ал жактан органдар көбүнчө Израиль жана Германияга сатылат. Жадакалса былтыр Украинада израилдик хирург Михаэль Зис­тин үстүнөн сот иши да болгон.

Адам органдары менен байыган миллионер

АКШдагы Майкл Мастромарино башчылык кылган кылмыштуу топту мыйзамсыз орган сатуунун генийлери десек болчудай. Алар маркумду акыркы сапарга узатуу бюросун ачышып, ал жерден 1077 өлүктөн тери, сөөктөрдү, жүрөк клапандарын жана башка органдарын алып, кайра сатуу менен 5 миллион доллар иштеп табууга жетишишкен. Алар ар бир өлүктү көмүү үчүн 1000 доллардан алышкан. Анан алардын ар бир сөөк бөлүгүн 5000, кан тамыр, жүрөк клапандарын 20 000 доллардан сатып акча табышкан. Ачык табытта көмүлчү адамдардын сөөгүнүн ордуна шланг, темир түтүкчөлөрдү жайгаштырып коюшкан. Ал эми жабык табыттарды маркумсуз эле көөмп жүргөндүктөрү аныкталган.
Алардын кылмыш иши белгилүү АКШ­лык телеалпаруучу Алистер Куктун денесинен сөөктөрүн бөлүп алып сатышканда билинип калган. Шылуун орган сатуучулардын төртөө 25 жылдан абакка кесилишкен.

Сандар баяндайт

Дүйнөдө 1 жыл ичинде мыйзамсыз сатылган донор органдардын жалпы баасы 1 миллиардды түзөт.
Жылына 25 миң америкалык маркумдардын органдары трансплантацияланат.
Өнүккөн өлкөлөрдөгү кылмыштуу топтор жакыр мамлекеттердеги өзүнүн санаалаштары менен байланыш түзүп алышкан. Алар адам органдарын сатуу боюнча ири бизнес түзүүгө жетишишкен. Жакыр өлкөлөрдөн 1-2 миң долларга алынган бөйрөк, боор, жүрөк сыяктуу органдар өнүккөн мамлекеттерде 150 миң долларга чейин сатылат.  
Ал эми КМШ аймагында органдардын расмий баасына келсек, көз 5 миң, өпкө-жүрөк бирге 250 миң (анткени экөө тең  бирге салынат), боор 50-55 миң, бөйрөк 40-50 миң жана сөөк чучугу 40 миң доллар турат.

Биринчи орган саткыч

Дүйнөдө биринчи болуп адам органдарын мыйзамсыз саткан адам 1996-жылы кармалган. Египеттик  ал адам мыйзамсыз түрдө 35 бөйрөк сатууга жетишкен.

«Запчасть» үчүн сатылган балдар

АКШнын жарандары башка мамлекеттин балдарын багып алууну адатка айландырып алышкандыгы маалым. Акыркы 10 жыл ичинде эле Орусиядан 45 миң жаш бала чет элдиктер тарабынан асырап алынган. «Алардын көпчүлүгү башкаларга донор орган болуу үчүн багылып алынат» деген кептер бар.
Адам органдары мыйзамсыз түрдө кеңири сатылган бир нече өлкөлөр бар. Алардын арасына Индия, Пакистан, Египет, Украина, Түркия кирет.

Залкарбек  Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
simon
2009-10-06 01:22:04
Шумдугун кур!деги адамзатта эмне калды сатылбай турган!
0
Супер саяк
2009-10-09 16:25:55
Деги Кыргызстанда мындай корунуш жок болду бекен?
0
kgjigit
2009-10-11 11:39:22
мына сага жада калса "орган" сатышат бизде деле бар супер саяк
0
kgjigit
2009-10-11 11:40:04
тан калуунун кереги жок бирок бизде мыйзам турундо
0
Bulat
2010-01-29 14:48:15
Ай шайтандар, бул иштерге жон даражадагы профессорлор, хирургтар, депутаттар тиешеси бар. адамды олтуруп кесип аны мучолоп сатту бир гана ушул адамдардын колунана келет. Билесиздерби бул окуяга бир нече жыл болду, ал Акаевдин маалындаэле, чон кантрабанда кармадыго олук адамдардын, биздин жогорку медицина окуу жайына алып келишкенби же алып кеткенде би короче ошонун бироосуда. бир даалай адамдын соогу, ме студент живой труп мучолоп ургон операция жасайсын. и айбандар, айбандан да пассынар.
0
№ 361, 2-8-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан