«ӨЗ КЫЗЫМДЫ ӨЛТҮРДҮМ, АГА ӨКҮНБӨЙМ»

Эне-бала деген аттын улуулугу деле жоголуп бараткандай. Жаңырган жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө Өзгөн районунда 63 жаштагы эне 35 жаштагы кызынын колу-бутун байлап, башында мыгы бар жыгач менен сабап өлтүргөн. Эмне себептен эне өз канынан жаралган кызын өлтүргөн? Кеп учугун ушундан улайлы...

КЫЗЫНА БАТА КЫЛГАН ЖОК
Бул окуя тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Өзгөн РИИБинин кызматкерлеринин коштоосунда кылмышка шектелип кармалган Бурулуш Арапбаева менен чогуу кылмыш болгон үйгө бардык. Биз барганда үйдө кылмышка шектүүнүн кайын сиңдилери, неберелери, жакын туугандары бар экен. Эч кимиси Бурулуш Арапбаевага боору ооруган да, каргап-шилеген да жок, ыйлап гана отурушту. Таң калычтуусу, энеси кызына окулган куранга бата да кылган жок. Коңшуларынын көпчүлүгү кылмышка шектүүдөн аябай коркуп турушканы билинди.
Каза болгон Гүлбарчын Арапбаеванын күйөөсү Орусияда иштеп жүргөндүктөн, анын 4 айлык кызы милиция кызматкерлери тарабынан төрөт үйүнө тапшырылган экен. Кийин ымыркай маркумдун Орусиядан жаңы эле келген бир тууган эжесинин колуна өткөрүлүп берилиптир.

Кылмышка шектелип кармалган БУРУЛУШ АРАПБАЕВА окуя тууралуу өзү мындайча баяндады:
«МЕН ӨЛТҮРБӨСӨМ, МЕНИ ӨЛТҮРМӨК»
– Кызым Орусияда иштеп жүрүп менин наамыма акча салган эле. Өзү 2013-жылдын 14-декабрында келди. Акчасын эки жолу 14 миң сомдон алып бердим. Анысын эмне кылып иштеткенин билбейм. Бир топ убакытка чейин жакшы жүрдү, андан кийин неберелеримди сабап, уруша бере турган болду. Неберелеримди жетелеп эшикте калдым, ар кимдин үйүндө жүрдүм. 2014-жылдын 10-январь күнү дагы акча алып бер дегенинен банкка бардык. Барып паспортумду таппай калдым. Менин паспортумду кызым өзү жоготкон. Банкта иштегендерге «паспортумдун көчүрмөсүн болсо да берейинчи, кызымдын баласы ооруп жатат, акча алайын» дегениме көнүшкөн жок.
Гүлбарчындын боюнан түшө берип, ушунусун 7 айлык төрөгөн болчу. «Балаңды багып берейин» деп өзүм чакырган элем. Акча ала албай калган соң кызым банкта баласын көтөрүп калып калды, мен үйгө кеттим. Артымдан барып, баласын диванга ыргытты да, мени уруп кирди. Чачымдан сүйрөп эшикке алып чыкты, менин да колум анын чачына илээше калып, чачынан тартып жыгып алып колу-бутун байлап салдым. Отундар бар эле, ошолор менен колу-бутуна чаптым. Кызым мурда мени да ушинтип уруп жүргөн. Мен отундар менен чапкылап жатканда кашынын чети жарылып кетти. «Болду, апа, түшүндүм» деди. Анан мен өзүнө келсин деп эшиктин астына таштап, үйгө кирип кеттим. Чөгөлөгөн абалда калган.
Кылган ишимди моюнума алам, өкүнбөйм. Себеби мен өлтүрбөсөм, неберелеримди, мени өлтүрмөк. Дайыма мени «бүгүн акыркы күнүң» деп сабачу. 5 балам бар эле. Улуу кызым менен жолдошум 1 жылда ушундай эле чатактан улам өтүп кетишкен. 2 уул, 2 кызым калган. Каза болгон Гүлбарчын кыздарымдын кичүүсү. Неберелеримди карап берип, мен өлгөнчө балдарым бутуна туруп алсын деп жүргөм. Балдарым менен дыйканчылык кылып тапкан каражатка Гүлбарчынды окуткан элек...

АБДЫКЕРИМ МАКЕШОВ, Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Бурулуш Арапбаеванын кошунасы:
«ЖОЛДОШУ МЕНЕН ЧОҢ КЫЗЫН ДА ӨЗҮ ӨЛТҮРГӨН ДЕГЕН ИМИШТЕР БАР»
– Бурулуш менен 30 жылдан бери коңшубуз. Ошончо жылдан бери бул аялдын жасаган ишин эч ким кылбайт. Коңшу-колоңго тынчтык бербейт. Мындай жаңжалдар үйүндө тынбай болуп турат. Эл арасында буга чейин да «күйөөсү менен чоң кызын өзү өлтүрүп алган» деген сөздөр айтылып келет. Короосуна апийим экчү, аны укук коргоочуларга айтып коюпсуңар деп уй, ат, эшектерибизди мышьяк берип өлтүрүп койгон. Менин Жигулимди өрттөп салган.
Неберелерин өкүртүп сабаганда карап тура албайсың. Ошол күнү кызын жолго алып чыгып сабаптыр. Туугандары келгенде кызынын башын жанчып салган экен. «Ооруканага алып баралы» деп кошуна, туугандары айтышса, «өзүм төрөгөм, өзүм жооп берем» деп аларды да үйүнөн кууп чыгыптыр. Ушул кызы «атам менен эжемди сен өлтүргөнсүң» деп айтып жүрдү. Ошон үчүн да өлтүрүп койду окшойт. Бул аялдын көп кылыктарын көтөрүп жүрдүк, акыры ушул кызын өлтүргөндөн кийин катуу кооптонуп калдык. Тууган-уругу, коңшуларынын эч кимиси менен катташпайт. Адамзатында мындай мыкаачылык болбосо керек.

Бул окуя боюнча Өзгөн райондук ИИБинин тергөөчүсү МЕЛИС АЙБАТИЕВ буларга токтолду:
«БУГА ЧЕЙИН ЭКИ ЖОЛУ СОТТОЛГОН»
– 10-январь күнү нөөмөт учурунда Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүсүнөн адам өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат түштү. Окуя болгон Кыргызстан айылына ыкчам-тергөө тобу барсак, 1978-жылы туулган Арапбаева Гүлбарчын Салимовнанын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылды. Бул кылмышка шектүү катары анын апасы, 1950-жылы туулган Арапбаева Бурулуш Токтосуновна кармалды. Эмне себептен, кантип өлтүргөнүн жактоочусунун, эксперттердин катышуусунда толук моюнуна алып, көрсөтүп берди. Ал кызын башына мык кагылган жыгач менен сабап өлтүргөн. Шектүү буга чейин да апийим эгип жана коңшуларына зыян келтиргендиги үчүн 2 жолу соттолгон экен.
Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын үстүнөн Өзгөн
РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (98)
sydykova.janna1989
2014-01-31 18:07:41
Жон эле п гордость менен паспортко тушуп жаткандай тушуптур го суротко кыйраттым дегенсип.
+1
kalbek87
2014-01-31 18:28:00
тусунон эле корнуп турат колунан жакшылык келбегени, камап убара болбойле олтуруп салыш керек сразу мындай акмактарды
0
mirlan_ashimovich
2014-01-31 20:20:50
Мелис ишине ийгилик досум, ишин оор, мындай кылмыштар болбосун
0
Sekretka
2014-01-31 21:51:37
Тобо кылдым. Кудай ал аялдын жазасын берер.Акыл эстен кеткен неме болсо керек
0
Sheva
2014-01-31 23:29:13
Мындай окуяларды чет жерден же кинолордон эле корчу элек. Мындай Кыргызданда чыгып, кубо болуп жатканыбыз окунучтуу...
0
Aku1977
2014-02-01 14:03:23
Бул аял оорулу экени корунуп турат.Мындай айбандар арабызда бар экени ото окунучтуу.КУДАЙ озу сактасын мындайдан!!!
0
Klounxs
2014-02-01 19:45:41
Эх акыр замандын адамдары Аллах Талаа куноолорубузду кечирсин
0
mekusha
2014-02-01 20:32:05
куудай сактасын журоум дуркуроп да кетти
0
Uson.91
2014-02-02 02:12:17
Alah yiman bersin baarybyzga
0
Sonunka
2014-02-02 15:49:25
Кудай сакта!
0
Sweet-Lika
2014-02-02 18:15:12
АстагфируЛлахъ, бир нерсе деп айтуудан чоочулап турам...(
Ыйман бере көр Жараткан..!
0
Nurik_9597
2014-02-10 01:40:47
кудайым озу сактасын бундай энелерден, бирок кызыда кантип оз энесине кол которду экен
0
jenius
2014-02-11 03:26:05
Уулбу мындай коопту маалыматтарды этият болуп чогулт' мен сенден кабатыр алып кеттим. Тынчтык
0
Sonun90
2014-04-01 16:06:02
Тооба кылдым. Негизи аял заты эркек адамдардан назиктигибиз, мээримдуулугубуз менен айырмаланып турабыз. Энеге кол котормок турсун ун которуп суйлобошубуз керек. Окуя ото окунучтуу
0
KUMTOR1
2014-04-02 14:52:01
Nakta jindi eken. Soz jok!
0
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан