ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

(Башталышы өткөн сандарда)

Канышай эки ийинин куушура үн катты:
– Кандайсыз, мен келдим. Үйүңүзгө кирсем болобу, башка барар жерим жок...
– Албетте. Кел, кир үйгө, үшүп кетиптирсиң го.
Эмнеден сөз баштаарын билбей турган Самат алдастай түштү. Бир жылдан бери издеп жүргөн сүйүктүүсү минтип өзү келип турганына ишенип-ишенбей турат али. Анан шашыла Канышайды киргизип, ысык чай куйду да:
– Чай иче тур, азыр тез эле тамак жасай коём,- деп муздаткычын аңтара баштады. Сүйлөшүп, чечише турган маселелер көп болсо да, Самат сөздүн нугун башкага бурду:
– Окууларың кандай?
– Билбейм. Бара элекмин көптөн бери.
Канышай муңайым жооп кайтара Саматты аяп кетти. «Байкуш, дагы эле көзүмдүн агы менен айланат» деп ойлоду ичинен. Жалооруй карай бергенде каректер чагылыша түштү. Самат жасап жаткан ишин токтотту да, эки аттап сүйүктүүсүнө жетип, бооруна кысты. Анан шыбырай жалбарып жатты:
– Сени күттүм, издедим, жарыгым. Сенсиз жашоом кунарсыз экен.
Канышай да өрөпкүп кетти. Олбурлуу мырзанын көкүрөгүнө башын жөлөй, кучагынан чыга албай турду.
– Мен сизге биротоло келдим...
– Чын элеби?
Ишенип-ишенбей Саматтын көздөрү жоодурай түштү.
– Чын.
Аңгыча тиги бөлмөдө уктап жаткан Саматтын 6 жаштагы баласы Тариэл чыгып, атасы бир жаш кыз менен кучакташып турганын көрдү. Балалыгы менен эмне болуп жаткандыгына түшүнө албай турган ордунда катты.

ххх

Арадан үч күн өттү. Коңшу-колоңдор чогулуп Керимдин үйүндө түлөөнүн тамагын жеп жатышкан. Молдо азан чакырып, таштанды ымыркайга Айдай аттуу ысым ыйгарды. Башкарма баш болуп, аймактык тескөөчү төш болуп бир бөлмөдө отурушат. Эми эле эт алдыга келгенде эшиктен тестиер бала баш бакты.
– Керим байке, сизди эшикте бирөө чакырып жатат.
Тестиердин сөзүнөн улам тышка чыккан Керимди жайы-кышы мал багып тоодон түшпөгөн классташы Салимбай утурлай тосуп алды:
– Ээ, кандай, классташ? Түлөө кабыл болсун, элден угуп эле келип калдым.
«Керимдин эшигинин алдына кыз бала таштап кетишиптир» деген кеп айыл ичине шамалдан да тез тараган эле.
– Жакшы, рахмат. Эмне үйгө кирбей, жүр тамак ич!
– Азыр, бир аз туралы.
Салимбай чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып түтөткөн соң:
– Ким таштаганы белгисиз да?- деп классташына суроолуу карады.
– Ооба.
– Божомолдор барбы?
– Көргөн-билген адам болбоптур.
– Сага бир нерсе айтайын деп келдим эле, балким, кереги тийип калар...
Жыландын башын кылтыйткан Салимбайга Керимдин суроолуу каректери кадалды.
– Айт.
– Тиги Кубандыктын кыштоосу биз жакта эмеспи. Ары-бери өтүп калганда бир-эки жолу аныкында кош бойлуу жаш келин жүргөнүн көзүм чалып калган эле...
Кептин төркүнүн Керим түшүндү. Бирок азыр эмне кылмак? Кубандыктын үйүнө барып ымыркайды таштап салмак беле? Же милицияга билдириши керекпи? Минтип кырктын
кырынан ашып калганча балалуу болбой, бала жытына зар болуп жүрүп, эми гана Жараткандын белегине кубанып турган чагы. Салимбайга баарын түшүндүрүп, окуяны ушул жерден токтоткусу келди.
– Салимбай, билесиң, аяшың экөөбүз канча жылдан бери балалуу болгон жокпуз. Бир бөлмөдө бири-бирибизди тиктеп отура бергенге да көнүп бүттүк. Азыр үйдө башкарма менен участковый отурат. Сенден суранарым, бул тууралуу эч кимге ооз ачпа. «Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала» дегендей, баланы таштагандар деле бага албасына көзү жетип, анан менин эшигимдин алдына таштап кетишти да. Азыр бул тууралуу чырдын кереги жок, кызды мен багып, элден кем кылбай чоңойтом. А сен азыр үйгө кир да, тамак ич!- деп аны үйгө алып кирди.

ххх

Айдар үшүгөнүнөн ойгонуп кетти. Көзүн ачса жарык өчүп калган экен. Колу менен сыйпалап отуруп этегинде жаткан шымын таап, чөнтөгүнөн ширеңке алып чыгып жандырды. Үйдө көмүр да жок. Акырын туруп терезеде турган шамды күйгүздү. Бүлбүл жанган шам нуруна бөлмө ичи комсоо көрүндү. Курсагы ачканын эми байкады. Бурчта турган нан салгычты караса эч нерсе жок. Анан күрмөсүнүн чөнтөгүн аңтарып отуруп тамекисин таап чыкты. Бөлмө ичин түтүнгө ыштап кирди. Аңгыча дубалда илинип турган Канышайдын сүрөтү көзгө урунду. Унутуп бараткан эле. Эмнегедир сүрөттү карап ойго чөмүлдү. Өткөн жашоосу эски тасмадай көз алдына тартылып жатты...
Канышай жатаканадагы көздүн жоосун алган кыздардын бири эле. Менменсинген ага ашык болгон жигиттердин арасында Айдар да бар. Ал кезде 5-курсту аяктап жаткан. Бир жолу
кызык окуя болду. 1-курстар бүтүрүүчү студенттерди узатуу кечесин уюштурушуп, кече соңунда балдар-кыздар шаар четиндеги бир үйгө отуруш кылышты. Канышай менен Айдар так ошол отурушта таанышкан. Жылдыздары келишип, ошол күндөн тарта көп жолугуп жүрүштү. Экөөнүн мамилеси бышып жетилип, мына-мына үйлөнөбүз деп калышкан. Далай бактылуу мүнөттөрдү баштан кечиришти. Эсинде, бир күнү көндүм болгон сейилдөө аяктаган соң экөө так ушул бөлмөгө келишти. Шоктугунун айынан жатаканадан куулган Айдар ушул бөлмөдө жалгыз батирде турчу. Жаанга чачы суу болгон Канышайды белинен сыга кучактап, эрдинен өптү. Денелер дүрт эте, ысык эриндер жабышты...
Ошол окуядан соң эки жаштын арзуусу тутанды. Бири-бирин бир гана күн көрүшпөй калса, алар үчүн тозоктун отуна куйкалаганга тете эле. Акыры экөө баарына кол шилтей, эч кимге билдирбестен чогуу жашап калышты. Бирок Канышайдын кабагы суз тарта, күндөн-күнгө түркүн ойлорго жетеленет. Анын жүрөгүн өйүгөн эки маселе бар. Бири көптөн бери аны сүйүп, артынан чуркап, колунан келген жардамын аябаган Самат байкеси болсо, экинчиси Айдардын жардылыгы. Кичинекейинен эрке өскөн Канышай сүйүктүүсү менен бирге тагдырдын оор сыноолорунан өтүүгө ал кезде даяр эмес болчу. Самат менен бир курбусунун туулган күнүндө таанышкан. Акылдуу, токтоо, келбеттүү мырза жаш кыздын купулуна толгон. Жаш, татынакай кыз да Саматтын көз жаздымынан калган эмес.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
nurzat90
2014-01-27 09:52:48
Дагы бир жума...
0
miniusha
2014-01-27 09:55:48
анан..
0
samiira
2014-01-27 10:29:47
кутуу жана дагы кутуу
0
saltanat.
2014-01-27 14:09:42
Дагы.
0
piter93
2014-01-27 17:52:22
ушентип бул болуму даа аяктады окурмандар суппер инфонун кийинки санын чыдамсыздык менен еми емне болот екен деген ой менен куто башташты.уландысы кийинки санда
0
aiba91kg
2014-01-27 18:07:26
башы кайда ? Мурдагы санында жок эле го
0
hakker_a
2014-01-27 18:53:17
nurzat90,miniusha,samiira,saltanat,piter93,aiba91kg ообаа туура айтасынар дагы бир жума дагы бир жума
0
Adi.led
2014-01-28 17:43:17
tuuui ... bir juma kytyp, bir zamatta ele okup salyp jatam..
0
tashbaka
2014-01-31 12:57:52
Kyzyk jerine kelgende butup kalat......................
0
indira.1991
2014-02-11 20:53:53
Канышай ошондо Айдайдын апасы болуп чыгат окшойт
0
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан