«ШОРО» МЕНЕН АР БИР КҮНҮБҮЗ МАЙРАМГА АЙЛАНСЫН!

Декабрдан январга чейин Рождество майрамынын алдында Парижде атактуу базарлардын бири – «Европалык Рождество» жарманкеси болуп өттү. Ага «Шоро» компаниясы да катышып келди. Бул жарманке Франциянын жашоочуларынын арасында өтө популярдуу. Мында ар кыл өлкөлөрдүн азык-түлүктөрү жана товарлары коюлгандыктан, төгөрөктүн төрт бурчунан келген туристтер да арбын. Алсак, Венгрия, Словения, Словакия, Италия, Испания, Литва, Аргентина, Чехия, Польша, Хорватия, Германия, Швейцария, Непал, Азербайжан, Монголия, Орусия жана башка өлкөлөр. Жарманкеге катышкан өлкөлөрдүн тизмеси муну менен чектелбейт. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан да жарманкеге катышуу бактысына ээ болуп, «Шоро» компаниясы улуттук суусундуктардын кеңири ассортиментин көргөзүү менен өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп келди.
Дал ушул Рождество жарманкесине келгендер бөлөк элдердин маданияты жана салт-санаалары менен таанышуудан сырткары Рождество жана Жаңы жыл майрамдарына карата өзгөчөлөнгөн белектерди сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат. Төгөрөктүн төрт тарабынан келген уникалдуу товарлар жайылган чатыр шаарчасындагы көчө ыр-күүлөрү жана бийлери баарына жакшы майрамдык маанай тартуулап, өзгөчө шаттык абалын түзүп турат.
Кыргызстан бул жарманкеге «Франк-Кыргыз» достук, маданият жана искусство ассоциациясынын кызматташтыгынын алкагында катышты. Ассоциация «Шоро» компаниясынын Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө кошкон салымын жана улуттук суусундуктарды Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөргө да жайылтып жатканын эске алуу менен аталган жарманкеге чакырып, ага катышууга өбөлгө түздү. Жарманкеге катышуунун негизги максаты – Кыргызстандын маданиятын өркүндөтүп жана анын тарыхый мурастарын сактап калууга багытталган.
«Шоро» компаниясы кыргыз элинин сыймыктана турган улуттук суусундуктарынын кеңири түрүн көрсөтүү менен европалыктарды таңдандыра да, кубандыра да алды.
Көп жылдардан бери Парижде жашап келе жаткан мекендешибиз Мирлан Осмонд «Франк-Кыргыз» ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Ал жарманке тууралуу бизге буларды айтып берди:
«Биз европалык публикага «Шоро» компаниясынын улуттук суусундуктарын чоң сыймык менен татыктуу көрсөтө алдык. Бул жарманкеге катышуу менен биз өзүбүздүн улуттук сыймыгыбызды бир эле жерден туруп бүт дүйнөгө тааныштыруу бактысына ээ болдук, себеби Рождество күндөрү Парижге агылган туристтердин саны бир кыйла өсөт. Улуттук суусундуктарыбызды даамдап көргөндөр бир ооздон алардын өзгөчө даамга ээ экенин белгилешти. Биздин продукциянын сапаты жана жасалма кошулмаларсыз табигый азыктардан жасалары европалыктарга өзгөчө жакты.
Биопродукттар Европада өтө баалана тургандыгы баарыбызга маалым эмеспи. Маселен, жарманкеден биз туура тамактануунун жана жашоонун сергек мүнөзүнүн жактоочуларын көп кезиктирдик. Алар биздин продуктуларды даамдап көрүшүп эле улуттук суусундуктарыбыздын табигый сапатына баа берип жатышты. Көпчүлүк адамдар бизге бир нече ирет келишип, жөн келбей, туугандарын, досторун жана тааныштарын биздин продукция менен тааныштыруу үчүн ээрчитип келип жатышты. Биздин продукттарыбыз баарынын көңүлүнө төп келди. «Максым Шоро» менен «Бозо Шоро» жарманкеде кеңири популярдуулукка ээ болсо, «Чалап Шоро» да өз күйөрмандарын таппай койгон жок. Француздар сырды жакшы көргөндүктөн, биздин куруттун даамын сырдын даамына да окшоштуруп жиберишти.
Жалпысынан биз улуттук суусундуктарыбызды бөтөлкөнүн жасалгасынан, этикеткасынын кооздолгондугунан тартып даамына чейин татыктуу көрсөтө алдык. Продуктулардын сапаты Кыргызстанды башка өлкөлөрдүн катарында тийиштүү деңгээлге көтөрүүгө жетишти. Менин оюмча, «Шоро» компаниясынын продукциясы Европада өз кардарларын таба тургандыгы күмөн жаратпайт. Себеби мында экологиялык жактан таза азыктарды баалашат».
«Шоро» компаниясы өндүргөн азыктардын пайдалуу сапаттары жана курамындагы кошулмалары жөнүндө маалымат алуусу үчүн атайын франк тилдүү аудитория үчүн француз тилинде буклеттер басылып чыккан.
Жаңы жылдык этикетка менен чыгарылган жаңыртылган бөтөлкөдөгү «Максым Шоронун» 15-декабрда калаабыздын дүкөндөрүндө алгачкы сатыкка чыгышы француз публикасынын да бул продукция менен алгачкы таанышкан күнүнө дал келип калгандыгы да таң каларлык.
Интернет айдыңындагы социалдык тармактарда биздин мекендештер гана кубанычы коюнуна батпай, жылуу пикирлерин айтпастан, улуттук суусундуктарыбыздын даамына жогору баасын берген француздар да өз ойлору менен тең бөлүшүп жатышат. Жарманкеге катышып келген мекендештерибиздин бири «Максым Шоронун» бөтөлкөсү менен түшкөн сүрөтүн интернетке жайгаштырып, өзүнүн баракчасына минтип жазып койгон экен: «Мына, кыргыздын бактысы жана майрамы!»
«Шоро» компаниясынын улуттук суусундуктары жана азыктары ылайым майрамдык дасторконуңуздардан үзүлбөсүн. «Шоро» дайым сиздер менен бирге болуп, сиздерге майрам тартуулап турсун!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nura.1012
2014-01-27 12:08:49
Азаматсынар!!!Жакшы кабар.
+1
Aipri
2014-03-01 17:46:25
Азаматтар! Улуттук суусундукту бизге тартуулай бергиле.
0
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан