Мирлан Баеков:«ЧАНА ТЕБЕМ ДЕП ЭШЕКТИН КУЙРУГУН ЖУЛГАМ»

Балалыкка кылчайып, бактылуу көз ирмемдерди эскерүү кандай жакшы. Бул сапар биз ырчы Мирлан Баековдун туулган айылы Торкенге барып, анын бала чагында калган издер менен таанышып кайттык. «Туулган жердин топурагы алтын» деп бекеринен айтылбайт эмеспи. Каарманыбыз өз айылына жеткенде абасынан кере-кере жута, толкундануу менен балалыгын эскерди.

«БАРАБАНДАН БОЮМ КӨРҮНБӨЙ КАЛЧУ»
– Мен 1982-жылы 23-февралда Токтогул районуна караштуу мына ушул Торкен айылында жарык дүйнөгө келгем. 5 бир туугандын улуусумун. Айылда Калинин атындагы 9 жылдык мектепти аяктап, Токтогул шаарындагы кесиптик-техникалык окуу жайда окуп калдым.
Балалыктын таттуу күндөрү айылда өттү. Эшек, ат минип, чана тээп, кадимки эле айылдык балдардай чоңойдум. Мектепте комуз чертчүмүн. Анан клубда барабан бар эле, аны 4-классымда үйрөнүп, майрамдарда ойноп жүрдүм. Кичинемин да, барабандан боюм көрүнбөй калчу. Кама үлгүсүндөгү велосипедим бар эле. 4-классымда үйдөгүлөргө ыйлап жатып саттырып алгам. Ал велосипедди мектепти аяктагыча, андан кийин Токтогулга да ала келип, ал жактан эки жыл тептим.

«ЭШЕК ҮЧҮН ТАЕНЕМДЕН ТИЛ УККАМ»
– Биздин балалыгыбызды чанасыз элестетүү мүмкүн эмес. Айылда Ак-Бейит деген жер бар, ошол жерден дөңгө чыгып, чана менен ылдый зуулдаган боюнча кетчүбүз. Эртең менен эрте туруп, бети-колду жууп, чала-була тамактанып болгондон кийин чананы сүйрөп алып жумушка жөнөгөндөй жөнөп калчубуз.
Мен таенемдердин эшегин жетелеп чыгам. Анын куйругуна чананы байлап, узун жип таап тизгинге улайм да, чанага отуруп, жип менен эшекти эки жакка буруп көчөгө чыгам. Мени көрүп Жапар деген классташым «мен да байлап алайынчы» деп өзүнүн чанасын чиркейт. Анан бизди көрүп башка балдар да чиркешет. Ошентип 7-8 чананы сүйрөтүп алабыз...
Бир күнү байкуш эшек бизди сүйрөп келе жатып эле тарта албай туруп калды. Чапсак жулунду эле, куйругу жарымынан үзүлүп кетти. Кечинде таенемден тил уктум. Куйругу канап жатканын көрүп, балабыз да, аябай каткырганбыз.
Караңгыда трактордун тросун жыланга окшоштуруп жасап, көчө боюна таштап койчумун. Анан кишилер өткөндө жип менен байлап тарткылап койсом кыйкырып, чочуп кетишчү.

«Б» КЛАССТАГЫ КЫЗДЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮМҮН»
– Ойногондон тышкары окууга да жетишчүбүз. Окуудан калсак мектептен эжей-агайлардан, үйдөн ата-энеден уруш угуп, таяк жемей. Тентектигибизди үйдөгүлөргө көрсөтчү эмеспиз. Мектепке ким эрте барса, ошол биринчи катарда туруп, ал күнү ошол бала атаман. Ким кеч келсе, ал акыркы атаман болот. Окуучулук кезде тоок сүйүүлөрдү көп эле өткөрдүм. Мен «А» класста окуйм, «Б» класстагы бир кызды жакшы көрүп, ага кат жазчумун. Андан жооп келген-келбегени эсте жок.

«Ушул мектепте чаң салып жүрчүмүн».

Мирлан 1-класстын окуучусу.

«МИРЛАН ТЕНТЕК ЭЛЕ»
Классташы ЖАПАР ИТИКУЛОВ ырчы менен бирге өткөргөн бала чагын эстеп бир жылмайып алды.
– Мирлан экөөбүз бала бакчадан бери доспуз. Мектепте бир класста окудук. Бала чагынан эле ырга шыктуу болчу. Комуз, аккордеон ойночу. Сабактарды калтырбай, жакшы окучу. Тентек эле. Класстан Гүлзар деген кызга ашык беле билбейм, айтор, ага тийишип, бантигин чоюп эле жүрчү.
Бир окуяны айтып берейин. 5-6-класс болсок керек. Мектептен классташ балдар чогуу чыгып, үй жакка жеткенде Мирлан Улан, Тыныч деген классташтарыбызды көчүккө тээп, кээ бирде байкабай турганда башка чаап качып кетчү. Алар бою чоң болсо да Мирландан коркушчу. Күндө мектептен чыкканда Мирлан бизден биринчи кетет да, үй жактан жолдон тосуп алып өткөрбөйт. Анан Тыныч ыйлайт. Акырында ал «үйдө атамдын эңкеси (эликтин чүкөсү) бар, ошону берем, өткөрүп койчу» деп араң өтөт. Эртеси мектептен Мирлан эңкесин доолайт, Тыныч болсо «унутуп коюптурмун» дейт. Анан үй жактан кайра эле баягы окуя кайталанат. Кийин мектепти бүткөндө шаардан жолуктук. Ошондо «Кызыл өрүктү» жаңы жазган экен. Угузуп, «ушул ыр чыкса ырчы болом, чыкпаса экинчи ырдабайм» деген.

«МИКИ КӨЗ АЛДЫМДА ЧОҢОЙДУ»
Музыка мугалими, класс жетекчиси КАРЫПБАЙ НАЗАКЕЕВ окуучусу тууралуу буларды айтты:
– Микини төрөлгөндөн бери билем, көз алдымда чоңойду. Коңшу жашачубуз. Кичинекей кезинде анын үйүнө барып, аталары менен чогуу отуруп, аккордеон тартып ырдайбыз. Мики уктабай бизди карап отурчу. Көрсө, ошондо эле музыкага кызыкчу экен. Мектептен окуучум болуп калды. Комуз, барабан ойноп, «Манас» айтып жүрдү. Жакшы окуду. Азыр окуучум Мирлан менен сыймыктанам.

 



«АТАМА ҮЙ САЛЫШКАНЫМ ЭСИМДЕ»
– 11-класста окуп жатканда апамдын көзү өтүп кетти. Атамды айылга жалгыз таштабайлы деп Бишкекке көчүрүп кеткенбиз. Мына бул бактарды иним экөөбүз тиккенбиз. Бакчабыздын ары жагында клуб бар. Концерт келгенде чуркаган бойдон жетип барар элем. Мектеп болсо клубдун ары жагында. Мага үйүбүз бала чагымда аябай чоң көрүнчү эле, азыр карасам кичинекей сезилип жатат. 1998-жылдары кошунабызга сатып жибергенбиз. Кайра өзүбүз былтыр иниме деп сатып алдык.
Бул башында жайкы үй болчу. 1-класска бара элек кезим. Атам времянкага улап бөлмөлөрдү салды. Мен ылай, топурак алып берип койсом «Ой, азамат!» деп ыраазы болгону эсимде. Бала чагымда биз үйдө мал кармачу эмеспиз, ошондуктан малга анча жакын эмесмин. Көбүнчө кар күрөмөй, отун жармай сыяктуу жумуштарды жасачумун.

«Балалыгым ушул үйдө өттү».

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Чана тебем деп эшектин куйругун жулгам" дейт Мирлан Баеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
tiletork
2014-01-27 18:46:23
Азамат Мирлан биз Торкендиктер сиени менен сыймыктанабыз, чыгармачылык ийгилик каалайм, аган!
Ата конушунду кайрадан сатып алып койгонун туура болуптур азамат, Ак бейитти суроттон коруп турам
0
sirga-92
2014-01-27 20:12:32
рахмат супер инфого айылымды коруп кичине болсо да сагыныч таарып калды Мирлан байкеге чоон-чоон ийгиликтерди каалайбыз.
0
Begimkyz
2014-01-28 03:08:11
Чыгармачылык ийгилик, жаны ырларды кутобуз.
0
taalai.torkent
2014-01-28 19:22:23
ээ супер инфо айылыма куш келипсиздер! А мики братка чыгармачылык ийгилик каалайм алдыда журобер дайым! Айылымы мектебими коруп абдан кубандым
0
hakker
2014-01-31 13:26:10
Аткаруучу болуп журо бербей озун дагы ыр жаратканы аракет кыл.Обон чыгаруу сендей адамга--анчалык деле оор жумуш эмес.Унун аткаруун--мыкты.
0
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан