Адамдын кандай экенин өзүнөн да анын айланасындагылар жакшы билишет. Айрыкча бир туугандар бири-бири жөнүндө эл билбеген жашыруун сырларды көп билишет эмеспи. Ырчы Минюра Рахимжанова тууралуу анын бир туугандарынан билдик.
БИР ТУУГАНДАР:
Гүлнура Салимбекова, 30 жашта, инженер-технолог, үй-бүлөлүү, Бишкек шаарында турат.
Кайрат Салимбеков, 29 жашта, электрик, үй-бүлөлүү, Талас шаарында жашайт.
Гүлира Салимбекова, 23 жашта, экономист, үй-бүлөлүү, Бишкекте турат.
Минюра Рахимжанова, 22 жашта, ырчы, бойдок, Бишкекте турат.
Агасы Кайрат:«ТАҢ АТПАЙ ЫРДАП ТАЖАТЧУ»
-Кичинесинде Минюра ак жуумал, толук, көздөрү топтоголок кыз эле. Тили чыккандан тартып эле ырдап баштады окшойт. Ата-энемден да ошон үчүн урушту көп укчу, күзгүгө каранып алып ырдай берсе керек, «күзгүгө көп каранба» деп эле какшап жатышчу. Таң атпай туруп алып кыйкырып ырдап, уйкубузду бузганы жаныбызды чыгарчу. Күндө эле ушул көрүнүш, «кечинде кеч жатчы, эртең менен кечирээк турасың» деп урушсаң деле болбойт. Кантсе да биз үчүн баягы эле кичинекей кыз, кези келгенде Мика, Микиш деп эркелетип эле жүрөбүз.
Карындашымдын жигит менен жетелешип, дос-курдаш деп шаан-шөкөткө тартылганын деле көрбөгөм. Бирок баары бир телефонунан группалаштары менен түшкөн сүрөттөрдү көрүп калсам ага катары «Ким болду экен?..» деп кызыгып калам.
Эжеси Гүлнура:«КЫЗ-БУРАК» ТОБУНДА ЫРДАМАК»
-Сиңдим аябай аракетчил, көздөгөн максатына жетмейинче артка кайтпаган көк бет кыз. Бул кыялы бала бакчага барып жүргөндө эле бар болчу. Өзүм уйкусурап батыраак жеткизип келип уктоонун айласын издеп жатсам, кийимин оңдоп-түзөп, чачынын бир жери туура эмес өрүлүп калса баарын баштан оңдотуп, ботинкасын тазалап отура берет десең. Азыр да немистей тактык менен жүрөт.
Мен Бишкекте окуп жүрүп турмушка чыгып, борбордо жашап калдым. Эсимде, Минюра 6-классты бүткөндө жанымды койбой Бишкекке келген, «М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырам» деп. «Күрөңкеевге 9-классты аяктаган соң алат» дегенибизди укпайт, акыры ал жакка алып бардым. Эч кимдин айтканын укпады. Анан борбордогу №68-мектепке киргизип койдум. Күндө сабактан качып келип ыйлайт, «ал жерде музыка үйрөтпөйт экен» деп. Акыры 2 айдан кийин кайра Таласка кеткен.
Кийин Таласка «Кыз-Бурак» тобу концерт коюп барышыптыр. Айылда тандоо жүргүзүшкөн экен. Минюра Кенже Дүйшеевага жагып калып, аны Ошко алып кетмей болушат. Атам «өмүрүмдө көрбөгөн жерге жөнөтпөйм» деп жибербей койсо, Минюра чатак чыгарып, үйдөгүлөрдү кыйнаптыр. Азыр апамдар аны араң сооротушканын айтып калышат.
9-классты бүтүп, күздө Күрөңкеев атындагы училищеге экзамен тапшырды. 52 адамдын ичинен 3 гана студент өттү. Алардын арасында Минюра да бар эле. Эми сүйүнгөнүн сүрөттөп бере албайм.
Ушул убакка чейин жигити, турмуш куруу жөнүндөгү ойлору тууралуу сурабаптырмын. Себеби мага Минюра дагы деле баягы томпойгон кичинекей кыздай сезилет.
Минюра:«УЛУУ ЭЖЕМЕ АШЫКЧА ЭРКЕЛЕЙМ»
-Гүлира эжем мага курбу катары эле болуп калган. Себеби ортобузда бир эле жаш айырма да. Бир жолу аябай акылдуу болуп, «Кайрат байкем болсо шаарда, жүр, дискотекага барабыз, үйдөгүлөр текшермек беле» дедим. Жакшы кийимдерибизди курбу кыздардыкына алдын ала бекитип койгонбуз. Үйдөгүлөргө бир шылтоону айтып, бийди эзгени кеттик. Барып алып жыргап бийлеп жатсак, байкем шаардан келип, ал да дискотекага келип калыптыр. Бийди эзип жаткан жерибизден сууруп тышка алып чыккан. Андан суранып жатып ата-энебизден жашырып калганбыз.
Улуу эжем Гүлнура болсо аябай камкор, ага ашыкча эркелейм. Мен концертке баратып бир нерсемди унутсам, ага дароо чалып «тез жеткизиңиз» демейим бар. Аптыгып алып келет, Гүлира эжем болсо «жакшылап караш керек болчу» деп телефонду коюп коюшу мүмкүн. Төртөөбүздүн кыялыбыз ар башкача. Мисалы, мен аябай сырга бекем жанмын. Алгачкы сүйүү, жаралануу деген нерселерди жадакалса бир тууган эжелериме айтпаптырмын.
Азыр, Кудайга шүгүр, продюсерим Каниет Жыргалбеков баарына чуркайт. Негизи, ар бир жаш ырчыга ушундай колдоочу керек экен. Эки адамдын эмгеги бириксе жасаган жумушуңдун деңгээли мыкты болот экенин билдим.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg