«Блестящие» тобунун солисти катары таанылган ырчы, актриса Жанна Фриске былтыр уулдуу болгондон тартып эл көзүнөн алыстай түшкөн эле. Күтүүсүздөн 15-январь күнү интернет булактарында Орусиянын Шереметьево аэропортунда каталка менен ырчыны алып баратышкандагы видео тараган соң чынында эле ырчы айым оорулуу экени тастыкталды.
Атактуулукту алып келген «Блестящие» тобуна Жанна 1996-жылы келип, 7 жылдан кийин жеке ырчы катары бөлүнүп чыккан. 2011-жылы өзүнөн 9 жаш кичүү телеалпаруучу Дмитрий Шепелев менен мамиле куруп, өткөн жылы 7-апрелде ага Платон аттуу уул төрөп берген эле.
Жанна Фриске бул күндөрү ден соолук жана өмүрү менен күрөшүп жаткан кези. Жарандык никедеги күйөөсү Дмитрий 20-январь күнү ырчы айымдын абалы жакшы эмес экенин ачыктады. «Көп айдан бери үй-бүлөбүздүн жеке маселеси болуп жаткан нерсе, тилекке каршы, эми коомчулукка жарыяланды. Биз ар кандай жагымсыз кептерди токтотуу максатында чындыкты айталы деп чечтик. Учурда үй-бүлөбүзгө чоң сыноо түшүп отурат. Жанна рак менен ооруйт. Биз анын жашоосу үчүн күрөшүп, сакайып кетишине терең ишеним артуудабыз. Жалпыдан суранып кетет элем, Жанна үчүн сыйынып, бизди жакшы сөзүңөр менен колдоп тургулачы»,- деди ал.
Ал эми атасы Владимир Фриске кызынын баш мээсинде шишик бар экенин жана ага операция жасоо мүмкүн эместигин айтууда. Ал: «Мындай илдет кызым төрөгөндөн эки айдан кийин билинип баштады. Учурда Жанна Нью-Йорктогу клиникалардын биринде дарыланууда. Анын бир күндүк дарылануусуна 2 миң доллардан көп акча кетет. Болгон каражаттын баарын жумшап жатабыз»,- деген.
23-январдагы маалыматтарга ылайык, ырчы айымдын буттары шал болуп, баса албай калган. 39 жаштагы Жаннага 4-даражадагы глиобластома (мээнин залалдуу шишиги) диагнозун коюшкан.
Учурда Орусиянын Биринчи каналы ырчы айымды колдоо максатында акча чогултууда. Акыркы маалыматтарга ылайык (23-январь), 60 миллион рублдан ашык каражат топтолгон. Ал эми шоу-бизнес чөйрөсү аны колдоо максатында концерт уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg