УЧАСТКОВЫЙ

Орустардын «Участок» аттуу аймактык тескөөчүлөр тууралуу тасмасы жарык көрүп, элдин купулуна толгону маалым. 2013-жылы кыргыз киночулары да 10-ноябрь – Аймактык тескөөчүлөрдүн кесиптик майрамына карата «Участковый» аттуу тасманы элге тартуулашты.

Тартылган жылы – 2013-жыл.
Сценарийин жазган – Эрнест Абдыжапаров.
Режиссёру – Санжар Абдыжапаров.
Башкы ролдордо – Эркин Усенбаев, Аскат Сулайманов, Нуриза Сабыржан кызы.
Жанры – Комедиялык детектив.
Урааны – «Милиция жакшы иштесе, кыңыр иш дароо билинет».

КЫСКАЧА СЮЖЕТИ
ИИМ академиясынын бүтүрүүчүсү, шаарда чоңойгон Эркинди чоң атасы эл-жерин таанысын деп Бакан-Тоо айылына аймактык тескөөчү Саламаттын жардамчысы кылып жиберет. Чоң атасы отставкадагы генерал болгондуктан, анын тааныштары аркылуу дароо чоң кызматка отурам деген Эркин алгач айылга баргысы келбейт. Таза аба, айыл турмушу жана Сейил аттуу сулуу кыз жигиттин оюн түп тамыры менен өзгөртөт. Жакшы көргөн кызы кылмышкерлердин үй-бүлөсүнөн экенин билген Эркин оор кылмыштын бетин ачып, чоң атасынын ишеничин актайт.

«МИЛИЦИЯНЫН АБРОЮН КӨТӨРГҮБҮЗ КЕЛДИ»
«Участковый» – милиция кызматкерлери тууралуу алгачкы кыргыз киносу. Бул шайыр тасма чындыкты алдыга коюп, погончондорду уяткара турган дагы, сыймыктандыра турган дагы окуялар менен камтылган. Кыргыз милициясы тууралуу тасма тартуу демилгесин Чүй ОИИББи көтөргөн. Тасма тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынын жетекчиси, тасманын продюсери НУРБЕК ТОКТОСУНОВ менен маектештик:
– Тасманы тартканыбыздын себеби, бүгүнкү күндө бул тармакта иштеген кызматкерлерге болгон элдин ишеними төмөндөп кетти. Тасма аркылуу биз карапайым калктын көз карашын өзгөртөбүз дедик. Бул ишке өмүрүн арнаган ардагерлер, генералдар былтыр аймактарга чогулуш уюштурушуп, милиция кызматкерлеринин аброюн көтөрүү, социалдык абалын элге көрсөтүү керектигин айтышты. Ардагерлер:»Союз учурунда ИИМдин академиясына тапшырам дегендер сөзсүз түрдө аскердик кызмат өтөшчү. Ошондон кийин гана аскердик билет менен ИИМдин академиясына тапшырып, 4 жыл академияда казармалык абалда окушчу. Андан соң гана аймактык тескөөчүнүн жардамчысынан генерал болгонго чейин жеткенбиз. Азыр сыналгыдан пара алган милиция кызматкерлерин көрүп, кадимкидей жүрөгүбүз ооруйт»,- деп, тарбиялык мааниси бар, жакшы тасма тартуу керектигин сунушташкан. Ошол жерден Чүй ОИИББинин жетекчиси Капар Турусбекович Батырканов мага тасма тартуу керектигин айтып, тапшырма берген.
Ошентип «Участковый» тасмасы жаш режиссёр жана оператор Санжар Абдыжапаровго тапшырылып, тасма тартылды. Аймактык тескөөчү эл менен тыгыз иштешет. Ошондуктан тасмада 2 аймактык тескөөчүнүн кызыктуу окуяларын чагылдырдык. Милиция кызматкерлери менен элдин мамилесин, иш процессин тасма аркылуу көрсөтөлү дедик.
Биз болсо тартуу убагында режиссёрго милиция кызматкерлеринин жашоосуна тиешелүү нерселерди айтып турдук. Мисалы, формасы кандай болот, кантип иштешет, ушул сыяктуу кеп-кеңештерибизди айтып, ошондой эле техникалык жактан жардам көрсөттүк. Тасма Бишкек шаарындагы Тарых музейинде 31-январга чейин көрсөтүлөт. Келип көрүп кетсеңиздер болот.

«МЕНИ ЧЫНЫГЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ДЕП ОЙЛОШУПТУР»
Башкы каармандын образын жараткан «тамашоучу» ЭРКИН УСЕНБАЕВ тартуу учурунда кандай кызыктар болгондугун төмөнкүчө эскерди:
– Бул менин дебюттук ролум. Башында көнө албай бир аз кыйналгам. Съёмка учурунда режиссёр Санжар Абдыжапаров жана актёр Аскат Сулайманов өздөрүнүн кеңешин берип жатышты. Форманын сүрү болот экен. Кийгенде толкунданып, өзүңдү токтоо алып жүргөнгө аракет кылат экенсиң.
Тасма тартуу учурунда көп эле кызыктар болду. Бир жолу тыныгуу маалында форма кийип турсам бир бала чуркап келип «байке, жүрсөңүз, бул жакта бирөөлөр мушташып жатышат» деп калды. Барсам кичинекей балдар мушташып жатышкан экен, ажыраттым. Анан айыл жашоочулары мени жаңы келген аймактык тескөөчү деп ойлошту окшойт, «чай ичип кет» деп чакыргандар көп болду. Ушул тасмадан соң милиция кызматкерлеринин жумушундагы кыйынчылыктарды, эл менен кантип иш алып барарын түшүндүм.

«ЭЛ МЕНИ УЧАСТКОВЫЙ ДЕП ТААНЫШАТ»
Дагы бир башкы каарман АСКАТ СУЛАЙМАНОВ буларды кошумчалай кетти:
– Мурда «Айыл өкмөтү» тасмасында да аймактык тескөөчүнүн ролун аткарбадым беле. Андан кийин канча роль аткарсам деле элдин эсинде кыз жандуу ушул образым сакталып калыптыр. Көбү «баягы участковый сенсиңби?» дей беришет. Бир күнү Санжар чалып калды, «ошондой образ жаратып бербейсизби» деп. Сценарийди окуп жактырдым. Ошентип тартылып калдым. Тартуу учурунда мен да «мындай кылбайлыбы» деп күлкүлүү жерлерин кошуп, кеңешип тарттык. Жыйынтыгы жаман болгон жок, элге тасма жагыптыр, чалып куттуктап жатышат.

Тасмадан кадр

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ZANIA-92
2014-01-27 12:04:11
нуриза молодец!!
0
aikera1992
2014-01-27 12:19:38
Аскат Сулаймановго негизи эле наглый милициянын ролу ото жарашат...Аябай таланттуу актер.Сыйлайм.
+2
vangolu
2014-01-27 12:53:17
Москва суйуусу деген кинодон кийин аскат сулаймановду сыйлабай калдым.
0
mmdina2013
2014-01-27 19:53:05
Moskva suiuusu al kandai kino ele vangolu?
0
vangolu
2014-01-30 11:06:31
mmdina2013, аябай начар тартылган тупой кино.коп катачылык кеткен.корсон нервин кайнайт.аскат сулайманов тарткан.кыргыздарды уят кылган кино
0
asiia03
2014-01-27 23:12:03
Askatka negizi mikitsianun roly aiabai jarashat. Ishinerge uigilik.
0
kara_kulzha
2014-01-28 14:01:13
Аскат Сулайманов мыкты актёр, сыйлайм
+1
Ema_nookat
2014-02-01 13:15:35
Аявай кызыктууу болсо керееееек, башкы рольдогу Аскат Сулайманов мыкты аткарат... Азаматсыздар, кыргыз кино жаратуучулары. Ишиниздерге ийгиликтерди каалаймын...
0
hakker
2014-02-06 16:38:12
Ушул кино менен эле милициялардын кадыры артып кетсе го.Милициялардын кадыры-- кучтуу мамлекетттерде жакшы эле.А бизде адам укугу деген кучтуу учун милиция экинчи орунда турат.Союздун убагындай кадыры болушу-бийликтин колунда.
0
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан