«АЮ ГРУПП» ХОЛДИНГИ ТҮРКИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

15-январда Кыргызстанга Түркиянын ишкерлер чөйрөсүнүн 53 адамдан турган өкүлдөр тобу келишти. Сапардын негизги максаты курулуш, тамак-аш өнөр жайы, соода тармактарындагы байланышты түзүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Сапардагы программанын алкагында бир катар заводдорго баш багышты. Атап айтсак, өлкөнүн «Аю Групп» ири холдингине кирген Токмоктогу спирт заводун, «КазГрейн» ун комбинатын, Шопоков шаарындагы жаңы «Bear beer» сыра заводун жана Сокулук айылындагы «Аю» арак заводун кыдырып чыгышты.

Түрк ишкерлери заводдордун бардыгы эң күчтүү жабдыктар менен камсыздалганына күбө болушту.
Түркиялык топтун жетекчиси Исмаил Караман өз маегинде: «Аю Групп» холдинги тарабынан чыгарылып жаткан бардык продукция жогорку сапатка ээ экенине жана эл аралык стандарттарга шайкеш келерине ынандык. Ал эми заводдо эң акыркы үлгүдөгү мыкты технологиялар жана жабдыктар колдонулуп жатыптыр»,- деди.
Аны менен катар бардык жумуштар профессионалдар тарабынан жасалып жатканын белгилеген топтун жетекчиси: «Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда жемиштүү кызматташтык түзүлөт деген үмүттөмүн. Ошондой эле холдингдин продукциялары Түркияда да суроо-талапка ээ болоруна ишенем»,- деп кошумчалады.
Мындан сырткары топтун дагы бир өкүлү Танзер Шахинылмаз иш сапардын жүрүшүндөгү ойлору менен төмөнкүчө бөлүштү: «Аю» холдинги биз менен тыгыз кызматташат деп ишендире алам. Анткени кыргыздар менен түрктөр – бир тууган элдер».
Учурда түркиялык компаниялар менен «Аю Групп» холдингинин ортосунда биргелешкен долбоорлорду түзүү тууралуу конкреттүү келишимдер кабыл алынды.
Баарына таанымал «Аю» арак заводу Кыргызстандын рыногунда жана өлкөбүздүн аймагынан алыскы мамлекеттерде да өзүн көрсөтүүгө жетишкенин белгилебей коюуга болбос.
«Аю» заводунун чыгарган продукциялары дүйнөнүн 13 өлкөсүнө кеңири экспорттолуп келатат. Алар АКШ, Чехия, Кытай, Франция, Германия, Вьетнам жана башка өлкөлөр.
«Аюнун» жергиликтүү алкоголдук ичимдиктерин чет өлкөдө бекеринен баалашпайт. Анткени аракты чыгарууда таза артезиан суусу жана Токмок спирт заводу чыгарган 5-муундагы «Альфа» спирти колдонулат.
"Аю" заводунун директору

Эркин Назаров:
– Биз элибиздин бакубат турмушу үчүн иштеп жатабыз жана келечекке көптөгөн пландарыбыз бар.
Биз өз кезегинде «Аю Групп» холдингине ийгилик жана гүлдөп-өсүү кааламакчыбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Suluwka_1992
2014-01-28 17:06:46
Аю Групп холдинги чындыгында коптогон биздин жарандарды жумуш менен камсыз кылып келет. Ишиниздерге ийгилик! Мындан да осуп онуго беришиниздерди каалайм.
0
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан