А.Воинов, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору:
– Медалга илиниши күтүлгөн балбандарыбызды алсак, Канатбек 66 килограмм салмактан 74кө өтүп алгандыктан, жаңы салмакка толугу менен көнүп, ири мелдештерге катышуу үчүн кеминде 1 жыл керектелет. Руслан болсо былтыркы автокырсыктан кийин машыгууларга киришкенине да көп болгон жок. Ал эми Базарга медалга илинүү үчүн жөн гана ийгилик жеткен жок. Жалпысынан балбандарыбыздын Дүйнө чемпиондугуна катышуусун ийгиликсиз деп айта албайм.
Э.Алыкулов, грек-рим күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу:
– Негизи, Дүйнө чемпиондугу барып эле медаль утуп келе турган мелдеш эмес. Буга чейин Раатбек Санатбаев менен Канат Бегалиев гана байгелүү орун ээлегендиги маалым. Быйыл Канаттын катышуусуна анын башка салмакта күрөшкөндүгү да чоң таасир тийгизди. Ал эми Русландын автокырсыктан кийин мурдагыдай спорттук формасында эмес экендиги белгилүү. Башкысы, жаш балбандарыбыз үчүн бул мелдеш келечекте боло турган Азиялык жана Олимпиадалык оюндарга карата зор тажрыйба болду.
А.Үсөнканов, эркин күрөш боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу:
– Эркин күрөш боюнча көбүнчө жаш балбандарыбыз катышып келишти. Алар үчүн ушундай даражадагы мелдешти көрүп, тажрыйба топтоо чоң мааниге ээ. Ал эми Базардан үмүт бар эле. Медалга илинмек. Баягы эле калыстардын кийлигишүүсү өз ролун ойнобой койгон жок.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg