Кийинки күндөрү Кыргызстанда мыкаачылык менен киши өлтүрүп кармалгандар көбөйүүдө. Кээде «маньяк кармалыптыр» деген уу-дуу кептер угулууда. Маньяк бул ким? Кеп учугу анда ушул багытта улансын.
МАСЕЛЕГЕ ЭМНЕДЕН УЛАМ КАЙРЫЛДЫК?
2013-жылдын 31-декабрында редакциябызга «маньяк кармалды» деп шаардагы милиция бөлүмдөрүнүн биринен маалымат түшкөн. Эмне болгон маньяк экенин кийин изилдеп көрдүк. Көрсө, кылмышка шектүү окуя болгон күнү жаш келинди Месарош көчөсүндөгү ээн жерден кармап, муунтуп, зордуктоого аракет жасаган экен. Аялдын жанындагы кичинекей кызы кыйкырып жардам сураганда кылмышкер качып кетет. Келин үйүнө барып жолдошуна айтат. Күйөөсү дароо окуя болгон тарапка барса, баягы адам дагы бир кызды таш менен башка чаап эсин оодарып, чечинтип жаткан болот. Ошол убакта жакын жерде жашаган милиция кызматкери ызы-чуудан улам үйүнөн чыга калып, экөөлөп кылмышкерди кармап, Биринчи Май РИИБине алып барышкан.
Үстүбүздөгү жылдын 11-январында да кылмышкер 16 жаштагы Карина аттуу кызды өлтүрүп, аны кескилеп, таштандыга ыргытып салган. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип Наиль Надиров аттуу жаран кармалып, кылмышын мойнуна алган. Кылмыш болгон үйдү тинтүү учурунда, үйдөн бышкан эт табылган. Эт адамга тиешелүү болушу мүмкүн деген да сөздөр чыккан, бирок азырынча бул боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.
Коомдо ушул сыяктуу окуялар көп болууда. Чыныгы маньяктар кандай болушат? Ушул суроого жооп издеп бул темага кайрылып отурабыз.
МАНЬЯК БУЛ КИМ?
«Маньяк» сөзү гректин «мания» деген сөзүнөн алынып, бизче которгондо «каалоо», «ээрчүү», «ырахат тартуулаган нерсеге тартылуу» деген түшүнүктөрдү берет. Маньяк деп өзүнүн каалоосун канааттандыруу максатында өзгөчө мыкаачылык менен бир нече адамдын жанын кыйып, андан ырахат алган кылмышкерлерди атоого болот.
БАЛАНЫН КИЧИНЕСИНДЕГИ ТАРБИЯСЫ ТААСИР БЕРЕТ
«Маньяктардын адам өлтүрүүгө болгон каалоосу тээ бала чагынан баштап калыптанат» дешет бул жааттагы адистер. Алардын психикасы туруксуз болот. Айрым маньяктарды адам өлтүрүүгө жыл мезгилдери, ар кандай сезим козгоочу ачык түстөр да түрткү болушу мүмкүн.
Кылмышкерлердин атайын адистер менен болгон маегинде билингендей, алардын психикасы кичинесинен бузулат. Мисалы, убагында СССРди титиреткен, мыкаачылык менен 53 адамдын жанын кыйган Андрей Чикатилонун кичинесинен психикасына доо кеткен. Андрей 12 жашка чыкканча төшөгүнө заара ушатып койчу экен. Буга жинденген апасы аны дайыма уруп, башка балдардын көзүнчө уяткара баштаган. Натыйжада акырындык менен анын акыл-эсине доо кетет. Апасы Андрей бейбаштык кылган учурда коркутуш үчүн киши жегичтер тууралуу жомокту көп айтып берчү. Чикатило ушул сыяктуу кордуктар «криминалдык карьерасын» түзүүгө чоң таасир бергенин эскерген.
Дүйнөлүк хроникага кайрылсак, америкалык маньяк Эдвард Гейндин атасы аракеч, ал эми энеси диний сектанын ашкере күйөрманы болгон. Ал эми энеси сойку жана аракеч Генри Ли Люкас аттуу америкалык киши өлтүргүч да бала чагында көп запкы жеген. Энеси Генрини уруп-сабап, мас болгондо ага аялдын кийимдерин кийгизип шакаба чеге берчү. Ушундай эле коркунучтуу маньяктардын тизмесин толуктаган америкалык Эдмунд Кемпер да ата-энесинен туура эмес тарбия алып, кийин энесин өз колу менен өлтүргөн.
КЫРГЫЗСТАНДА МАНЬЯКТАР ИЗИЛДЕНБЕЙТ
Ал эми Кыргызстанда маньяктар тууралуу илимий изилдөөлөр, алардын кылмыш чөйрөсүндөгү орду тууралуу тизмектеп, тарыхын колго алгандар азырынча жок. ИИМдин берген маалыматына караганда, маньяктар тууралуу изилдөөлөр Союз мезгилинде ишке ашып, маалыматтын баары Москвага түз жөнөтүлүп турган. Ошондуктан эч ким «бул же тиги кылмышкердин жасаган кылмышы маньяктыкына мүнөздүү» деген тастыктоону бере алган жок.
ӨЛКӨДӨ КАТТАЛГАН КИШИ ӨЛТҮРГҮЧТӨР
Өз алдыбызча иликтегенге аракет жасап, интернет булактарынан Кыргызстанда катталган маньяктар тууралуу буларды билдик.
Алардын ичинен эң алгачкы катталганы – Гордеева, Дмитриева, Андрюнина, Плаксина деген 4 фамилиянын ээси болгон (толук аты-жөнү аныкталган эмес) маньяк аял. Аны укук коргоо кызматкерлери 1940-жылдары Токмок шаарынан колго түшүрүшкөн. Ал «мыкаачылык карьерасында» Чүй облусунун аймагында беш аялды өлтүрүп, Орто Азия, Орусия, Казакстан жана Сибирь аймактарында кырктан ашуун аялды өлтүргөн деген божомолдор бар. Бул маньяк киши өлтүргөндөн сырткары алардын канын ичип, этин жеп жүргөн.
Мындан сырткары өтө коркунучтуу «Темир тиш» аталган жан алгыч, Казакстандын жараны Николай Жумагалиев 1989-жылдары Кыргызстанды да байырлап өткөн. Ал Ташкенттен Кыргызстан аркылуу Казакстандагы ооруканалардын бирине которулуп келе жатып, медицина кызматкерлеринин колунан чыгып, качып кеткен. 1995-жылы колго түшүп, туулуп өскөн мекени Казакстанга жөнөтүлгөн. Жумагалиев 5 аялды зордуктап өлтүрүп, алардын канын ичип, этин кадимкидей эле бышырып жегенин мойнуна алган. Ал өзүн «коомду ыплас адамдардан тазалоочу санитар» деп эсептеген.
«ПСИХИКАЛЫК ООРУЛУУЛАРДЫН САНЫ КӨБӨЙҮҮДӨ»
Психикалык жактан жабыркап, адам өлтүргөндөрдүн саны көп. Ал эми оорулуу катары каттоодо тургандардын саны канча? Буга республикалык психикалык ден соолук борборунун башчысынын дарылоо боюнча орун басары Кубанычбек Эрмегалиев жооп берди:
– Кыргызстанда психикалык жактан оорулуу катары каттоого алынгандардын саны 68-70 миңдин тегерегинде. Арасында шизофрения, психопатия сыяктуу оор түрлөрү менен жабыркап, катуу көзөмөлдө тургандары да бар. Биз каттоодогу жарандар айланасындагы адамдарга коркунуч туудуруп, залакасын тийгизбейби деген суроонун үстүндө иш алып барабыз. Зыяны жокторго коомдо эркин жашай берүүгө уруксат беребиз. 70 миңдин баарын жаткырып дарылоого бизде шарт жок. Ошон үчүн оорлорун гана кармап, алар менен жеке иш алып барып, дарылоо жүргүзөбүз.
МАНЬЯКТЫН ТҮРЛӨРҮ
Маньяктар жасаган кылмышына жараша бир нече түрлөргө бөлүнөт:
«Бийлик кылууну сүйгөндөр» – курмандыгынын ага жан соогалап жалынышынан, анын каалаган мүдөөсүн аткаруусунан ырахат алгандар. Алар курмандыгына өзүнүн каалоосунун баарын аткартышып, анан кыйнап өлтүрүшөт.
«Гедонисттер» – сексуалдык активдүүлүгү төмөн же оорукчан кылмышкерлер. Алар курмандыктарын өлтүрүп, андан соң жансыз дене менен жыныстык катнашка барышат.
«Визионерлер» – шизофрения сыяктуу психикалык оорулар менен жабыркагандар. Алардын көзүнө ар нерселер көрүнүп, кулагына ар кандай чакырыктар угула бергендиктен, ой келди адам өлтүрө беришет.
«Өч алууну сүйүүчүлөр» – мындай типтеги маньяктар өздөрүн коомду ыплас нерседен тазалаган адамдар катары кабыл алышат. Мисалы, коррупционерлер, кылмышкерлер, сойкулар көбүнчө «өч алууну сүйүүчүлөрдүн» курмандыктары болушат.
«Каннибалдар» – адамдын дене бөлүктөрүн тамак катары жеш үчүн өлтүргөндөр. Булар курмандыгын колго түшүргөндө анын жумшак жерлерин тирүүлөй тиштеп, үзүп алып, жаракаттан аккан канды көргөндөн ырахат алышат. Ошондой эле адамдын этине кадимки татымалдарды кошуп бышырып жегендер да маньяктардын тарыхында кезиккен.
Дүйнөдө эчен шумдуктар бар. Ата-энелер балдарды тарбиялоодо анын психикасына терс таасир бере турган жагдайларды эске ала жүргөнү оң. Жеке коопсуздугуңузду эске алып, абайлап жүрүңүз демекчибиз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg