КУЧАКТАЙЫН, КУЧАКТАЧЫ

Кыргыз эли ырга жакын келет. «Улуу сөздө уят жок» демекчи, бүгүн сиздерге кыргыз акындарынын «сол чөнтөктөгү» дептерге жазылган ырларынан сунуштайбыз.

Кучактайын, кучактачы,
Ортобузга жел кирбей.
Эркелейли айлуу түндө,
Эстен танып элжирей.

Аймалайын, аймалачы,
Моюндашып ак куудай.
Сүйүүбүздүн асманында,
Сүзүп өтсүн алтын ай.

Шыбырайын, шыбырачы,
Назик, таттуу кебиңден.
Укмуштуудай ушул түндү,
Сурап алдык Теңирден.

Жалынайын, жалынчы сен,
Жүрөгүмдү ысытып.
Уктабастан өткөрөлү,
Жаштык оюнун кызытып.

Имерейин, имерилчи,
Ортобузга от жагып.
Эркелейин, эркелечи,
Экөөбүз тең кош жарык.

БҮГҮНКҮ ТҮН
Бүгүнкү түн эсте калсын түбөлүк,
Сүйүшөлү жүрөктөрдөн гүл өнүп.
Эртең эмне болуп кетет ким билет,
Эркелешип, каткырышып, күлөлүк.

Айсыз түндү жарык кылып туралык,
Алоолонуп, аймалашып, кубанып.
Ак дилиңди берчи мага ушул түн,
Азгын жанды махабатка сугарып.

Ооба, эркем, мага берчү сыйың бар,
Менин сага ашыгылык ырым бар.
Экөөбүздүн жалын чачкан сөздөргө,
Эрип кетсин бөлмөдөгү буюмдар.

Сейит Жээнбаев

ӨБҮҢҮЗЧҮ
Өбүңүзчү, акетай, өбүңүзчү,
Көзүмдөгү күн нурун көрүңүзчү.
Кубанычтан эреркеп бир төгүлүп,
Нурга чылап кетейин төшүңүздү.

Өбүңүзчү, өбүшүп кетеличи,
Махабаттын дүйнөсүн кезеличи.
Ак-карасы аралаш бул жашоонун,
Таш тагдырын жаш менен эзеличи.

Өбүңүзчү, дагы да өбүңүзчү,
Өзгөртпөңүз кезиксек өңүңүздү.
Менден кетип азапка кабылгыча,
Кучагымда тумчугуп көрүңүзчү.

Миң-миңдеген кыздардын арасынан,
Издеп келип ийилип өбүңүзчү.
Карагаттай көзүмдүн карасынан,
Кайыл болуп кагылып көрүңүзчү.
Андан көрө бир келип өбүңүзчү!

Конверттей бекем чапталып,
Чыкпай калды буттарыбызчы.
Сиз өчүргөн шамды жандырып,
Бул бейиштен куткарыңызчы!

Денеме денең сүрүлүп,
Күчөгөн кезде ысыгым.
Аңдабай туруп кетесиң,
Аялдын билбей кызыгын.

Колтукка бекем кысканда,
Таркабай жатса ысыгым.
Таркыйып туруп кетесиң,
Катындын билбей кызыгын.

Бурулкан Карагулова

ЭШИГИҢ ТҮК ИЛИНБЕЙТ...
Төгүлүп айдын нуру апакай мамагыңа,
Эшигиң түк илинбейт...
Түрүң жок сыр жашырар...
Баягы күйөөң айткан кара түгөт,
Көп жүрөт күш-күш этип, сага түнөп...

Табылды Муканов

СҮЙЛӨШ БАР ДА, ЖАЛЫНЫЧ БАР, ОНТОШ БАР

Төшөктө экен жан берүүгө белендик,
Төгөрөгү төп дүйнөгө теңелдик.
Андан денди тартыш –
улуу бийиктик,
Ага денди басыш – улуу тереңдик.
Тереңдикти, бийиктикти буруш жок,
Терибиз бар, демибиз бар,
туруш жок!
Сүйлөш бар да, жалыныч бар,
онтош бар,
Сүйүшүүдө өгөй тил жок, улут жок!

Кожогелди Култегин

БИР ЖОЛУ...
Көзүңө көзүм жиберип,
Билектен тартсам имерип:
«Кой!»- деген өңдүү урунду,
Колума күмүш билерик.

Билектен бери тартканым,
Өпкөнү бара жатканым.
Аңгыча сездим сөйкөңдүн,
«Койчу!»- деп бетке какканын.

Сүйүнбай Эралиев

ОО, ТУН СҮЙҮҮМ
Оо, тун сүйүүм, узанган,
Жалындаган кызгалдактай
кызарган,
Жайлоодогу жалгыз жолдой узарган,
Ак денебиз айлуу түндө кармалган,
Эң биринчи жигиттигим арналган,
Эң биринчи жарым элең кыз алган.

Анда сенин эмчегиңден кармасам,
Жооп күтүп ак жүзүңө карасам.
Жайнап турган эки көзүң коюлуп,
Айттың эле «ооруп жатат,
аясаң».

Тургунбай Эргешов

Эркин Сексенбаев
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (53)
medya1991
2014-06-09 10:25:58
Eh keremetko
0
umar92
2014-07-10 00:33:49
оууууу керемет ырларго))))
0
askar_myrza
2014-07-19 15:23:00
Мидинге жетпейт экен
0
VIK
2014-08-20 01:40:06
ukmuw jazylyptyr
0
saica
2014-11-06 17:03:02
:D !
0
NurlanS-89
2014-11-07 20:13:44
Сонун ыр саптар магада жакты !
0
dymak
2014-11-19 04:04:19
мамагындан ушаласам магдыраймын, ээрининден соргондо далдыраймын, денендеги ысык тапты сезгенимде банандын кабыгындай шалдыраймын.
0
dymak
2014-11-19 04:19:00
махабаттын лаззатын издегиле никелешкен жарындын коюнунан, адашып зына жакты басып алба азгырылып сулуулардын оюнунан.
+1
Kairatbek-2011
2015-01-29 15:01:23
Кош бол эми балалык, жигитик белги келди.. чуркап ойноп тердеген кун эмес, сойлоп терге батып ойногон тун келди
0
aikakg_4147
2015-02-07 23:11:58
соонун ырлар экен....))))
0
Nura91
2015-06-16 14:45:54
Аябай жакшы жазылган. Менин жашоомдо болуп откон окуяларды бир эскерип келбедимби.
0
Aseyin
2016-04-03 22:00:50
Nura91,
Кой чогу эскерсек кандай болор экен
0
dastan94
2015-07-08 14:38:40
эн соонун жазылган ырлар. Мидиндин ырларынан да киргизип койсонор.
0
arzykul
2016-01-04 12:30:41
Жакшы саптар... Мидиндин ырларынан келтиргилечи салыштырып королу.
0
basyz-kaman
2016-04-27 13:47:19
Ак булуттай тамагын,
Ак пахтадай мамагын.
Мамагындан кармалап,
Мамырап качан каламын).
0
anargazy
2016-08-15 18:20:15
Кандай гана керемет создор
0
Erlanchik1998
2016-08-24 03:29:52
Сонун ырларго
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан