Спорт дүйнөсүндөгү маанилүү окуя деп эсептелинген Орусиянын Сочи шаарында өтчү 22-кышкы Олимпиада оюндары башталарына бир аз гана убакыт калды. Олимпиада оту 7-февралда «Фишт» олимпиадалык стадионунда күйгүзүлүп, расмий түрдө ачылат. Учурда ага катышуучу бардык спортчулар белгилүү болду. Алардын арасында оюндарга катыша албай калган атактуу спортчулар да жок эмес.
Сочи Олимпиадасына Кыргызстандан жалгыз спортчу катышат. Аны коштоп өлкөнүн атынан 4 киши (мамлекеттин эсебинен) барат. Мындан сырткары бир журналист (Кабыл Макешов) аккредитация алган (өз эсебинен барат). Бул Олимпиадага даярданууга мамлекет тарабынан 600 миң сом акча жумшалган.
КЫРГЫЗСТАНДЫН АТЫНАН СПОРТЧУ ДМИТРИЙ ТРЕЛЕВСКИЙ КАТЫШАТ
Туулган жылы, күнү – 1983-жыл, 14-октябрь
Учурда Бишкекте жашайт.
1993-жылдан бери лыжа спорту менен машыгат.
Машыктыруучусу – Игорь Борисов
Сочидеги Олимпиадада тоо-лыжа спорту боюнча слалом, слалом-гигант жана супер-гигант стилдеринде катышат.
ВАННЕССА МЭЙ КЫЛ КЫЯКТЫ ЛЫЖАГА АЛМАШТЫРГАНДА...
Сочиде 35 жаштагы атактуу кыл кыякчы Ваннесса Мэй музыкалык өнөрүн тартуулабастан, спортчу катары катышат. Мэй Таиланд курама командасынын атынан тоо-лыжа спортунда мелдешке чыгат.
Ваннесса көп убакыттан бери машыгууларды өткөрүп, Олимпиадага олуттуу даярданган. Мэй Олимпиада оюндарында атасынын фамилиясын алып, Ваннесса Ванакорн ысымы менен катышат.
Белгилүү кыл кыякчы байгелүү орундарга илинбесе да, тоо-лыжа мелдештериндеги кызыгууну күчөтөрү күтүлүүдө.
КАРЫБАС БЬЁРНДАЛЕН
Норвегиялык 40 жаштагы биатлончу Уле-Эйнар Бьёрндален 5-Олимпиадасына барууга даярданууда. Атактуу спортчу 1998-жылдан тартып Олимпиада оюндарына катышып келе жатат. Бьёрндалендин куржунунда бардыгы болуп олимпиадалык 11 медалы бар. Алардын 6сы алтын, 4өөсү күмүш жана 1өө коло. Бул жолу да медалдардан кур калбай, жаш биатлончуларга атаандаштык жарата аларын билдирди.
ВОНН, МОРГЕНШТЕРН...
Олимпиада оюндарына кээ бир атактуу спортчулар катыша албай калышты.
Мисалга алсак, Сочи оюндарына тоо-лыжа спорту боюнча эң күчтүү спортчулардын бири Линдси Вонн катыша албайт. Америкалык спортчу былтыркы жылы алган жаракатынан улам бул Олимпиадага катышуу бактысынан куру калды.
Олимпиаданын 3 жолку чемпиону, австриялык «учкуч» лыжачы Томас Моргенштерн да машыгуу учурунда кулап, башынан оор жаракат алып, оюндарга катышпай калды.
ПЛЮЩЕНКОНУН 4-ОЛИМПИАДАСЫ
Орусиялык атактуу муз бийчиси Евгений Плющенко өзүнүн 4-Олимпиадасына катышмакчы. Ага бул жолку Олимпиада оюндарына катышпай калуу коркунучу туулган. Себеби мекендеши 18 жаштагы Максим Ковтун декабрь айында Орусиянын чемпиондугунда Плющенкону артка таштап, 1-орунду камсыздаган. Бирок ушул айда болгон Будапешт шаарындагы Европа чемпиондугунда Максим 5-орунга илешип, Олимпиадада запастагы музбийчи катары гана катыша турган болду.
Олимпиада оюндарында Евгений Плющенко жеке жана командалык мелдештерге чыгат. 31 жаштагы спортчу 2002-жылы Солт-Лейк-Ситиде күмүш, 2006-жылы Туринде алтын, 2010-жылы Ванкуверде күмүш медалдарды тагынган.
ОЛИМПИАДАНЫН «КӨЗҮ АЧЫКТАРЫ»
2006-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда немис осьминогу Пауль көзү ачыктык кылса, бул оюндарда Сочинин деңиз зоопаркында жашашкан Эшли жана Гарри аттуу кундуздар «көзү ачык» болушууда.
Бул кундуздар муз үстүндө бийлөө боюнча Европа чемпиондугунда орустардын ийгиликке жетишерин алдын ала билдиришип, өздөрүнүн билгичтигин көрсөтө алышкан эле.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg