ЭСКИ ЫРЛАР БАШКЫ НЕРСЕЛЕР ТУУРАЛУУ

«Кумтөрдүн» ишмердүүлүгү жергиликтүү калкка зыян алып келип жатат» деген тажаткан пластинка сыяктуу «сенсациялуу жаңылыктар» айтылып жаткан кез. Бул тууралуу кезектеги жаңылыкты «Ата Журт» фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева айтып чыкты. Ал өз сөзүндө «элди кырып албайлы десек, ишкананы жабуу зарыл» деп белгиледи.

ДЕПУТАТ АЙЫМ, ШАШПАҢЫЗ!
Анын сөзүнө караганда, «Кумтөрдүн» айынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар төрөлүп жатыптыр. Бирок мындай статистиканы тастыктоочу так маалыматтар жок. Ал гана эмес, Саламаттыкты сактоо министрлиги да тиешелүү иликтөөлөрдү жүргүзгөн эмес. Балким, Жолдошева маданият жана туризм боюнча экс-министр Ибрагим Жунусовдун сөзүн эстеп кеткендир. «Кумтөр» боюнча өкмөттүк комиссиянын ишинин жыйынтыгын жарыялоонун бет ачарында Жунусов
«алтын казуу иштери жүрүшүнөн улам облуста бир көзү жок балдар, эки баштуу мал туулуп жатат» деп билдирген эле. Башкалар билбесе да, бирок маданият министри ишкананын иши менен патологиянын байланышын так түшүнүшү керек эле. Бул процесске көптөгөн факторлор, анын ичинде уран калдыктары сакталган жерлер таасир тийгизүүдө.
Өкмөт башчы да эл шайлаган депутатка шашма жыйынтык чыгарбоого кеңеш берди. Жолдошеванын билдирүүсүнө Жантөрө Сатыбалдиев «Кумтөр» ишканасы менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын төрөлүп жаткандыгынын ортосунда байланыш бар экендигинен күмөн санаарын, экөөнүн ортосунда байланыш бар экендиги тууралуу далил болгондо гана мындай чуулгандуу билдирүүнү жарыялоо керек экендигин айтты.
– Учурда бул боюнча экологдор иштеп жатышат. «Кумтөрдүн» айынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар төрөлүп жатат деп ойлобойм. Мисалы, Айдаркендеги сымап комбинаты түздөн-түз шаарда жайгашкан, ошентсе да «ден соолугум бузулду» деп эч ким даттанган эмес. Сымапты иштетүү алтын казып алууга караганда бир топ зыяндуу эсептелет эмеспи,- деп түшүндүрдү өз көз карашын Жантөрө Сатыбалдиев.

ОЛУТТУУ ООРУЛАР КАТТАЛГАН ЭМЕС
Кызыктуусу, өткөн жылы Жети-Өгүз районунун тургундарын медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн жыйынтыгында олуттуу оорулар табылган эмес.
– Саламаттыкты сактоо министрлиги көчмө медициналык борборлордун аймактарга чыгуусун жыл сайын уюштуруп турат. Өткөн жылы Жети-Өгүз районуна курамына невропатолог, уролог, стоматолог, кардиолог, хирург, гинеколог, маммолог, онколог, цитолог сыяктуу адистер бар 5 бригада барган. Жергиликтүү тургундар УЗИ жана ЭКГдан өтүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында урологиялык, калкан без оорулары, анемия жана балдарда итий оорулары аныкталган,- дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бермет Юсупова.
Адистин айтуусуна караганда, Саламаттыкты сактоо министрлиги ишкананын иши менен жергиликтүү тургундардын ден соолугунун абалынын ортосундагы байланышты аныктоо тууралуу максат койгон эмес. Ошол эле убакта Бермет Юсупова бүт республикадагы оорулар тууралуу маалыматтар чогултулган республикалык медико-маалымат борборундагы маалыматтар менен таанышууга боло турганын, Ысык-Көл облусунда алгачкы аныкталган онкологиялык оорулардын саны төмөндөп жаткандыгын белгилеп өттү:
– 2011-жылы мындай 546 оорулуу аныкталган, ал эми 2012-жылы алардын саны 533кө түшкөн. Онкологиялык оорулардын эң жогорку көрсөткүчү Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында байкалган.

Айбек Муратов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
belosnejka1
2014-02-03 21:19:10
Бизде жакшы текшербейт да!
0
ayaza
2014-02-04 12:14:42
Жылдыз Жолдошева эмне деп айтып жатканын озу да тушунбойт.
0
mbk
2014-02-05 22:35:45
ызы-чуу чыгарыш керек эптеп
0
Adilet2014
2014-02-07 16:34:59
Кумторду жаап салса биздин чондор каяктан акча таап жешет.
мамлекеттин бюджети кандай. каяктан толот анда?
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан