КИАНУ РИВЗ

Бул жолу сөз дүйнөгө белгилүү актёр, кинорежиссёр жана «Матрица» аттуу тасманын жүзү, миллиондогон кыздардын арзуусуна айланган Киану Ривз тууралуу болмокчу. Ал көп жылдык тыныгуудан кийин тасма талаасына кайтып отурат.

Кыскача
Толук аты-жөнү
– Киану Чарльз Ривз
Туулган күнү, жылы – 2-сентябрь, 1964-жыл
Туулган жери – Бейрут шаары, Ливан мамлекети
Төрт бир туугандын улуусу
Тартылган тасмалары – «Азезилдин жактоочусу» («Адвокат дьявола»), «Ылдамдык» («Скорость»), «Матрица» жана башкалар

АТАСЫ КЫЛМЫШКЕР, АПАСЫ ТҮНКҮ КЛУБДАГЫ БИЙЧИ
Болочок актёр Сэмюил Ноулин Ривз аттуу геолог жана Патрисия Тейлор аттуу дизайнердин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Анын ата-энеси таанышкан учурда Сэмюил баңгизат ташуучу, Патрисия түнкү клубдагы бийчи эле. Бул үй-бүлөнүн өмүрү 3 жылга гана созулуп, актёрдун атасы үй-бүлөсүн таштап, кылмыштуу сапарын андан ары улайт. Киану акыркы жолу атасын 13 жашында көргөн. Андан кийин анын чоң өлчөмдөгү баңгизат менен кармалып, 10 жылга кесилгенин уккан. Азыркы тапта Кианунун атасы менен катнашы такыр жок.
Актёрдун апасы көп жолу турмуш курган, бирок дайыма ажырашып кетчү. Жеке жашоосу менен убара Патрисия балдарына көп көңүл бөлбөгөндүктөн, Киану чоң ата, чоң энесинин колунда чоңоёт.
Киану Ривз жаштайында актёр болууну ойлончу да эмес. Анын максаты – мыкты хоккей оюнчусу болуу эле. Бирок бутун кокустатып алып, бул арзуусуна чекит койгон.

ТУРУКТУУ АДАМ
Каарманыбыз чыгармачылыгын 9 жашында баштаган. Анын алгачкы ийгилиги «Ромео жана Жульетта» спектаклинде Меркуционун ролу эле. Кийин ал түрдүү жарнамалык түрмөктөргө жана кыска метраждуу тасмаларга тартылып баштайт. Анын чыгармачылыгына өгөй атасы, режиссёр Пол Аарондун кошкон салымы чоң. Ал жаш Киануну кинопродюсер Эрвин Стофф менен тааныштырат. Анын жардамы менен 1999-жылы «Матрица», 2001-жылы «Таттуу ноябрь» тасмаларына тартылып, атактуулуктун даамын тата баштаган. Кызыгы, Эрвин Стофф азыр да актёрдун жардамчысы катары эмгектенип келет. Мындан улам актёрду көпчүлүк туруктуу деп билишет.

Актёрдун акыркы көрүнүктүү ролу 2013-жылы чыккан «47 ронин» тасмасындагы Кайдын образы.

СҮЙҮКТҮҮСҮ АВТОКЫРСЫКТАН КАЗА ТАПКАН
Атактуу актёр 10 жылга чукул мейманканада жашаган. 2003-жылы гана Лос-Анжелес шаарынан үй сатып алат. Себеби Киану аябай жөнөкөйлүктү сүйөт.
Келбети келишкен, аты дүйнөгө таанымал жигиттин жүрөгүнө талапкерлер толтура. Бирок анын арзуусу жаш актриса Женнифер Саймга гана арналган. Жадакалса ал экөө наристелүү да болушмак. Бирок 2000-жылдын башында жаш актрисанын боюнан түшүп калат. Көп өтпөй 2001-жылы Сайм өзү да автокырсыктан каза тапкан. Актёрдун «Мен Женниферди түбөлүктүү сүйөм. Башка мага эч ким жубай боло албайт» дегени бар. Ошентсе да актёрдун жашоосунда айымдар болгон. Анын сүйүктүүлөрүнүн тизмегин атактуу Шарлиз Терон да толуктаган. Тилекке каршы, алардын мамилеси көпкө созулган эмес.
Актёрдун досторунун айтымында, Киану аябай таң калычтуу адам. Оюна келген учурда телефонун өчүрүп, 1-2 айга жоголуп кетет. Каалаган учурда океандын жээгине таң тосуу үчүн кетип калмайы бар.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Азыркыга чейин үйлөнө элек.
  • Күйөрмандардан келген каттарды такыр окубайт.
  • Өмүрүндө жан сакчысы болгон эмес.
  • Кээде коомдук транспортко да түшүп алат.
  • Кичинесинде дислексиядан жабыр тартчу (жазуу жана оозеки түрдөгү маалыматты кыйналып кабыл алат). Ошондуктан жогорку билими жок.
Актёр «Матрица» тасмасында жараткан образы үчүн аябай көп сыйлыкка татыган.

Женниферди акыркы сапарга өз колу менен узаткан.

Шарлиз Терон менен «Таттуу ноябрь» тасмасынан кийин мамиле куруп баштаган.

Рахат Саидова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
hakker
2014-02-03 13:14:12
Без грамотный болуп туруп ушул денгээлге жеткенине тан бериш керек экен.Ролдогу создорун кантип жаттайт экен.
0
kolya121212
2014-02-04 06:55:16
Сладкий ноябрь деген киносу укмуш сонун.
0
zzz---zzz
2014-02-05 12:08:10
Биз жакта бир эки айылдык кенештин депутаттары бар мектептен 8-классында чыгарылган жогорку билими жок бирок элдин колдоосу менен депутат озунун шактылары бар.
+1
Askaruli2
2014-02-07 00:54:07
47-рониновту коргонмун жарымына чейин,эми аягына чейин коруп чыгат окшоймун.
0
Sonun90
2014-02-07 16:24:10
карып эле калыптыр да мен жаш деп ойлой берипмин. негизи билимге коз каранды эмес. Элибизде соз бар го кар кыздын агынан эмес багынан дегендей да
0
nazarnew
2014-02-07 20:13:58
Джон Константинби, красавчик актер да, окугам биографиясын озун кармап жургон актер, молодец башка жылдыздардай болуп бузулган актерлерден эмес, намаз окуса андан сонун адам чыкмак
+3
Nelli85
2014-02-10 01:26:18
Суйуусун бир гана адамга арнаганы жакты
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан