Алихан: «САРЫК ООРУМ БАЛЫККА ЖУККАН»

Жаныбарга жакын адам шаарда уй-кой болбосо да, шартына жараша үй жаныбарларын бага берет. Мындай адамдардын катарында жаш ырчы Алихан да бар.

– Алихан, эмнеден улам балык багып калдың?
– Мен кичинемден эле балыктарга аябай кызыкчумун. Бир жолу Орусияда жүргөн кезибизде бөлөм “Алихан, балык берейинби?” деп калды. Ооба десем, 11 балык берген. Үйдө балык багууга ыңгайлуу шарт деле жок болчу. Болбой эле аларды алып келдим. Атайлап суу кайнатып, аны муздатып 3 литрлик банкага куюп балыктарды салып койдум. Бир аздан кийин карасам эле 9 балыгым суунун бетине калкып чыгып калыптыр. Көрсө, мен аларды сууну жакшы муздатпай туруп эле салып, өлтүрүп алыптырмын. Кудай жалгап, 3 балыгым аман калган.
– Азыркы балыктарыңдын ичинде ошондон аман калгандары барбы?
– Жок, балыктар Орусияда калган. Бишкекке келгенден кийин бул балыктарды аквариум дүкөнүнөн сатып алгам. Менде азыр 4 түрдүү 16 балык бар. Аларга күнүгө бир чымчымдан 3 маал тамак берем. Ал эми балыкка берилүүчү азыктарды атайын базардан сатып келем.
– Сен гастролдо жүргөндө буларды ким карайт?
– Чындыгында, мен үйдө көп болбойм. Мындай учурда эжем келип жем берип, үйдү карап кетет. Кетерде өзүм деле балыктарыма көп жем таштап кетем, ошону жешет. Гастролдон келгенде бир сыйра сууларын жаңылап, жемдерин берип, жакшы карай баштаймын. Менин балыктарым бат-баттан көбөйөт. Башында көзгө көрүнбөй таштардын арасында жашап 10 күндөн кийин чоңоюп, 12-13 кичинекей балыктар пайда болуп калат. Бирок буларды чоңойтуш аябай кыйын. Ишенесизби, балыктар көбөйөр кезде кадимкидей курсактары чоңоюп, семирип калышат.
– Минтип бат-баттан көбөйө берсе аквариумуңа балыктар батпай кетпейби?
– Азыр мен 2 бөлмөлүү үйдө жашаймын. Ошондуктан аквариум бир аз кичинерээк. Кудай буюрса, чоң үй алайын деп жатам. Ошондо балыктарымдын үйүн да чоңойтуп, көбөйтөм. Мен балыкты оригиналдуу белектердин катарына кошом. Чарчап келгенде балыкты карап турсаң, кадимкидей эс аласың. «Ооруну да өзүнө тартып алат» деп коюшат го. Кичинекейимде сарык болуп ооруп калып, эртерээк сакайып кетейин деп кечке балыкты карап тура берчүмүн. Мен айыкканда бир балыгым өлүп калган. Чындап менин оорум жугуп өлдүбү же ажалы жеткен беле, анысын айта албаймын.
– Балыктардын ургаачы-эркек экенин кайдан билсе болот?
– Эми ал түрлөрүнө жараша болот. Менин балыктарымдын эркектери аябай сулуу болуп, куйруктары ар түрдүү өң берип кубулуп турат да, ургаачысына караганда, кичинерээк­ болот. Ал эми ургаачылары бир аз чоңураак, бир эле өңдө болуп, анча кооз эмес.
– Аквариумду айына канча жолу тазалап ту­ра­сың?
– Кээде 3-4 айда, кээде 2 жумада бир тазалап турам. Негизи, аквариумда сууну тазалап туруучу аппараты бар. Анан фантазияңа жараша таштарды тизип, балыр чөптөрдү коюп жасалгаласаң кооз көрүнүп, балыктар үчүн да жакшы болот.
– Алихан, ийгилигиң балыгыңдын икрасындай көбөйө берсин.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 361, 2-8-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан