ПРОФЕССОР НАЗАРАЛИЕВ НОБЕЛДИН ДҮЙНӨЛҮК СЫЙЛЫГЫНА КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ

Өткөн жылдын аягында Йемендеги баңгизатка каршы күрөшүү «Life Friends» араб коомдук уюму демилге көтөрүп, кыргыздын врач-наркологу Жеңишбек Назаралиевдин талапкерлигин 2014-жылдагы Нобелдин дүйнөлүк сыйлыгына ат салышкандардын тизмесине киргизүү сунушу менен Швед академиясына кайрылган. Бул тууралуу маалымат уюмдун Фейсбуктагы расмий баракчасына чыккан.
«Life Friends» уюмунун президенти Ахмед аль-Асхаби түшүндүрмө текстинде профессор Назаралиевди «адам баласынын жашоосуна кам көрүп, миллиондогон баңгилер менен психикалык жактан жабыр тарткан бейтаптардын куткаруучусу» деп белгилеген. 2013-жылы декабрда башында профессор Назаралиев турган «Баңгизатсыз аң-сезим» бүткүл дүйнөлүк лигасынын электрондук дарегине аль-Асхаби мырзадан кат келген. Ал катта «Life Friends» уюму өзүнүн демилгесин жарыялагандан кийин «Нобель» премиясына көрсөтүү боюнча бир нече иш-чараларды жасагандыгы маалымдалган.
Талапкерлерди көрсөтүү эрежесине ылайык, алгачкы сунуштар коомдук институттар, өкмөттөр, уюмдар жана башка бирикмелер тарабынан түшөт. Бирок талапкерлерди тизмеге сунуштоо жана кошуу укугуна Швед академиясынын «Нобель» сыйлыгынын лауреаттарынын айрым комитеттеринин мүчөлөрү гана ээ. Андыктан «Life Friends» профессордун коомдук ишмердүүлүгүндөгү негизги эмгектерин чогултуп, бүткүл дүйнөлүк лиганын кыскача тарыхын жана Жеңишбек Назаралиевдин өмүр таржымалын даярдаган. Чогулган бардык маалыматтык документтер швед академиктеринин кароосуна жөнөтүлгөн.
Мындан сырткары «Life Friends» жана аль-Асхаби мырза академиктерди тандоонун тууралыгына ынандыра турган илимий чөйрөдө жана башка коомдук уюмдардын арасында профессор Назаралиевдин талапкерлигин көрсөтүүгө активдүү киришишти. Бүткүл дүйнөлүк лиганын президентин Нобелдин дүйнөлүк премиясына көрсөтүү боюнча кызматташууга адамдын саламаттыгы жана өнүктүрүү боюнча Британ академиясы, европалык окумуштууларды биригүүгө чакырган Европа академиясы жана Араб академиясы макул болду.
«Нобель» премиясына талапкерлерди Швед академиясы жыл бою карайт. Октябрь айында лауреаттар жарыяланып, 10-декабрда Швециянын борбору Стокгольмдо сыйлык тапшырылат.
«Нобель» премиясын алуу үчүн бүткүл дүйнөлүк лиганын глобалдык идеяларын ишке ашыруу зарыл. Бул дагы 25 жылдай убакытты талап кылат. Бирок араб кесиптештерим мени дүйнөдөгү кадыр-баркы эң жогору премиялардын бирине лауреат кылуу үчүн бүгүнкү эмгектеримди баалап жана колунан келгендерин жасап жаткандары мен үчүн кубанычтуу болду»,- дейт профессор Назаралиев. Нобелдин дүйнөлүк премиясынын лауреаттарынын арасында «Баңгизатсыз аң-сезим» бүткүл дүйнөлүк лигасынын ардактуу мүчөсү Далай-лама XIV, ошондой эле Нельсон Мандела, Михаил Горбачёв, Ясир Арафат жана Барак Обама бар.

P.S. 30-январда профессор Назаралиев Бейруттагы (Ливан) MBC телекомпаниясынын ток-шоусуна катышууга чакырылган. Бул берүүнүн көрүүчүлөрүнүн саны дүйнө жүзүндөгү араб тилдүү 130 миллион адамды түзөт. Анын жакшы ишине ийгилик каалайбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
miniusha
2014-02-03 10:22:56
Ийгилик, Чынгыз атабыз алат эле да((((
0
bossmos7
2014-02-03 14:53:21
Ийгилик!Кыргыздын аты дуйнодо жакшы нерселер менен тааныла берсин!
0
emilkyrshab
2014-02-03 16:05:17
Эгер насип этип нобельди алып калсаныз (кудай буйруса) мамлекетке налог тогушунузго туура келет, бизде ушундай, билесиз го)))
0
dia-omur
2014-02-04 21:17:08
ушундай акулду инсандарыбыз кобойо берсин.ишинизге ийгилик
0
mbk
2014-02-05 22:40:33
Ийгилик каалайм
0
mersedes2013
2014-02-08 01:20:50
мындай нобел наамына корсотулсо бул эн сонун сыймык го кыргыз эли учун.ийгилик болсун.
0
Davlet1994
2014-02-08 18:40:22
Азаматсыз, ийгилик!
0
Akmoor44
2014-02-12 16:38:43
Kyrgyz ulutumdun sizdei tatyktuu insandary kop bolsun!!! Ak jol -sizge!!! Katuu kubanyp turam...
0
egemberdievagulbara
2014-09-12 04:01:18
Ийгиликти сизгеда насмп етсин.
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан