«ЭЛДИК ЛОТЕРЕЯДАН» 5 МИЛЛИОН СОМ УТТУМ»

Өлкө тарыхында алгачкы жолу байге фонду 11 миллион сомду түзгөн ири суммадагы утушту былтыркы жылы «Элдик Лотерея» уюштурган эле. Ал 31-декабрда «Белек» лотереясынын 1-тиражы аталып, миңдеген адам жеңүүчү болгон. Ал эми башкы байге –5 миллион сомдун ээси дайынсыз болуп жаткан. Миллиондогон элди күттүргөн бул бактылуу инсан өткөн жумада табылды. Көрсө, ал 60 жаштагы Александр Афанасьев аттуу Кыргызстандын жараны экен.
Өзү үчүн да бул утуш күтүүсүз болгонун айтып, толкунданганын жашырбаган жеңүүчү Жаңы жылга чейин беш билет алып коюп, Орусияга кеткенин кошумчалады.»Жаңы жылды неберелерим менен бирге тосуу үчүн Орусияга кеткем. Так эсимде жок, 23 же 24-январда ЦУМдун жанындагы «Элдик Лотереянын» кеңсесинен Жаңы жылга чейинки алган беш билетимди текшертип көрөйүн, утуш чыкты бекен, жок бекен деп баш багып калдым. Анан минтип алардын биринен 5 миллион сомдук утуш чыгып отурат» деди жеңүүчү. Эми бул акчага кыймылсыз мүлк сатып алууну пландап жатканын айткан Александр Афанасьев кийинки оюндарга да активдүү катыша бере тургандыгын жашырган жок. «Буга чейин да көп лотереяларды сатып алып ойногом. Бирок бир да жолу утушка ээ болгон эмесмин. «Элдик Лотерея» элди алдабайт. Бул оюн таза өткөрүлөрүнө ынандым»,- деди ал. Күтүүсүз жерден миллионерге айланган жеңүүчү утушка ээ болгонун уккан күндөн бери жумушунан баш тартканын айтып, аны көрүүгө келген элдин баарына жылмаюу тартуулады. Александр Афанасьев буга чейин өмүр бою айдоочу, механик болуп иштеп келген.
Аталган оюндун комиссиясынын мүчөсү, белгилүү ырчы Гүлжигит Калыков буларга токтолду:
– Оюн Жаңы жыл күнү өткөн. Мени комиссиянын мүчөсү болууга чакырып калышты. Кызык сезилип, макул болдум. Буга чейин лотерея ойноп көргөм, бирок утушка ээ болгон эмесмин. Бул утуш ачык-айкын өттү деп толугу менен айта алам. Жеңүүчү карапайым адам экен, бул да утуштун таза өткөрүлгөнүнүн бир белгиси. Эми менде ишеним пайда болду, демек, утууга болот экен. Кийинки оюндарга билет алып көрсөмбү деген оюм бар.
Кошумчалай кетсек, аталган лотерея оюну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын уруксаты менен уюштурулган. Ал эми компанияга түшкөн кирешенин 10 пайызы маданиятты өнүктүрүүгө которулуп келет.

Гүлмайрам Сабырбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
hakker
2014-02-03 15:43:52
Бактылуу жан экенсиз тууган оозубузгабы,колубузгабы тукуртуп алсакпы
0
emilkyrshab
2014-02-03 16:23:07
hakker, тукурук эч нерсеге жардам бербейт, ал жон гана тукуруууук...)))
+1
Byshakov
2014-02-05 01:32:47
emilkyrshab, банкага тукуртуп сактап кой десен убак убагы менен колдонгону))))
0
hakker
2014-02-03 16:29:58
Тамашалап эле жазып койгом да Куршаптык жигит.Оозубузга тукургондой ал Ашыралы Айталиев беле жон эле бир везучий да
0
fanatka19
2014-02-03 17:03:10
Кут болсун.Ошончо кыргыздан бир оруска туш болгонуна жиним келди бир чети.
0
snejinka
2014-02-04 17:47:38
fanatka19, жөн жерден Нацист боло бергендин кереги жокко, "везение" өзүнүкүн алып кеттти бул жерден.
0
Beko87
2014-02-09 00:35:49
snejinka, Нацист болуу керекоо.кыргызга тийсе жакшы болмокта ошо акча.
0
Husan
2014-02-04 08:30:44
Men oiloim 5 milliondu e4kim utkan jok,kompani9 jon ele ozuno kaira algan owol summany dep oiloim
+3
Mambo87kg
2014-02-04 10:09:06
Husan, эээн туура!Бизде кg.де омуру акыйкат болгон эмес и буюрса болбойт дагын!Мен ойлойм бул жон эле пиар.
0
ELIMA91
2014-02-05 19:25:53
Озу кыргызстанга 5млн акча барбы жок эле жок деп атпадыбы беле???
0
mersedes2013
2014-02-08 01:25:23
мен ушул лотерея ойногонго эч ишенбейм.чын эле утушабы кызык да
0
Cyldyzka
2014-02-10 17:53:16
Super info sizder uyuştursanızdar bolboybu.El dagı sizderge işenet go,cılda bir colu.
0
angelina89
2014-03-27 00:32:10
2жолу 200сомдон уттум,200мин болуп калса болмок жок дегенде.
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан