Аскат Сулайманов, «2012-жылдын супер актёру» наамынын ээси:«10 РУБЛЬ УУРДАЙМ ДЕП АПАМДАН ТАЯК ЖЕГЕМ»

«Баланы тарбиялоо ташты кемиргенге тете» деген сөз бар. «Апам биздин ысыгыбызга күйүп, суугубузга тоңуп, жалгыз бакты» деген актёр Аскат Сулайманов бүгүн бизге апасы тууралуу кеп салды.

«АПАМ БИЗДИ ЖАЛГЫЗ ЧОҢОЙТТУ»
-Апам Жамалкан 1951-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында төрөлгөн. Союз мезгилинде бала бакчада тарбиячы, Союз ураган соң жумуш жоктугуна байланыштуу тигүүчүлүккө өтүп, пенсияга чыккыча иштеп жүрдү. Азыр кичүү карындашым менен үйдө. Үй-бүлөдө 3 кыздын арасында жалгыз эркекмин, андыктан эрке, тентек болуп чоңойдум. Апам конокко барарда кыздарын таштап коюп, мени ээрчитип алар эле. 11-классты бүткүчө апамды ээрчип конокко барып жүрдүм окшойт.
Ата-энем биз кичинекей чакта эле ажырашып кетишкен. Апам бизди жалгыз чоңойтту. Бирок такыр жыртык кийим кийген жокпуз. Бир окуя аябай эсимде калыптыр. 11-класста окуп жаткан жылдарда «мокрый шёлк» деген мода болгон. Аны колунда барлардын уул-кыздары эле алып кийишчү. Бүтүрүү кечебиз жакындаганда апама «мен жөнөкөй костюм-шым кийбейм, мокрый шёлк кием» дедим. Ал «Балам, ага акчам жетпейт. Силерге тамак-аш алып беремби же сен ошону кийип аласыңбы?» деди. «Эми 11-классты бир эле жолу бүтөм да» деп ыйлап туруп алдым.
Анда Балыкчыда жашачубуз. Акыры апам карызга алган акчасына Бишкектен туфли, көйнөк, «мокрый шёлк» кездеме сатып келип, уктабай, таң атканча мага костюм-шым тигип берген. Эртең менен мени саат 6да ойготту. Турсам көздөрү кыпкызыл. Анан костюм-шымды үтүктөп, мени кийинтти да, колума акча карматты. Мен үйдөн чыгып баратып кылчайсам апам тигүүчү машинага жатып уктап калыптыр.
«Балам, балалуу болгондо билесиң» дегендей, ал кезде балалык менен мага билинбептир. Азыр 5 балалуу болгондо билип отурам. Балдарым мектепке барарда ар нерсесин базардан сатып алып, үйгө келгенге чейин шайың ооп калат.
Ошондо класстан түшкөн сүрөттөрүбүз бар. Чынын айтсам, бүтүрүүчүлөрдөн ошол кездеги чоң кызматта иштегендердин балдары, анан мен болуп төртөөбүз эле «мокрый шёлк» кийгенбиз. Апамдын андагы «баламдын шагы сынбасын» деп көңүлүмдү калтырбаганына чексиз ыраазы болуп кетем. Ошондуктан азыр көңүлүн оорутпаганга аракет кылам. Белек-бечкегимди берип, айтканын аткарып турам.

«АПАМДЫН ЖҮРӨГҮН ООРУТУП АЛГАМ»
-Бир жолу өткөөл курагымда үй жыйналбай калды беле, айтор, арзыбаган нерсе үчүн апам менен айтыша кеттим. Апам да кыйкырды, мен да кыйкырдым. Анан «Эмне эле мага тийише бересиң, башкаларды урушпайсыңбы?» деп ыйлап сыртка чыгып кеттим. Артымдан эле «суу алып кел» деп эжемдер чуркап чыгышты. Кайра жүгүрүп үйгө кирсем апам жүрөгүн кармап отуруп калыптыр. Анан кечирим сурап, күйпөлөктөп калдым. «Мени силер түшүнбөгөндө ким түшүнмөк эле? Менин жүрөгүмдү оорутпагылачы» деди. Ошондон бери апамды капа кылбайм. «Айыл өкмөтү» тасмасында ачык сценаны ойногондо алгач апамдан аябай уялдым. Апам кинону көрдү, бирок көрмөксөнгө салып койду. Актёр болгон соң роль тандабаш керек да, апам аны жакшы түшүнөт. Азыр уялбай деле калдым.

«ТААЖЕЗДЕМ АЙЫБЫМДЫ АЧЫП САЛГАН»
-Кичинекейимде тентектик кылсам, апам сабап койчу. 2-класста окуп жүргөндө Мурат деген таажездемдикине барып, анын үйүнө конокко келген Акыл деген таажездемден 10 рубль уурдап алгам. Ал убакта 10 рубль чоң акча да, анткени балмуздак 7 тыйын болчу. Анан классташтарыма майда-чүйдөлөрдү сатып берип 5 рубль коротуп, калганын үйдөгү паластын алдына катып койгом. Аны үй жыйнап жатып апам көрүп калыптыр. Каткан акчамды таппай калып апамдан «Мобу жерде 5 рубль бар болчу, көргөн жоксузбу?» деп сурасам «Мен алдым. Аны сен кайдан алдың?» деди. Ал убакта карындашым эмчекте эле, «Мурат жездем берди, Чынарага сүт алып бериңиз» деп койдум кыйын болуп.
Ошол эле күнү кечинде Мурат таажездем менен таежем үйгө келип калышты. Чай ичип отурганда таежем «Эже, уят болдук, ушинтип Акыл Оштон конокко келди эле, чөнтөгүнөн акчасы жок. Үйгө деле эч ким келген эмес» дебеспи. «Абайлабайт белеңер...» деп апам анда деле байкаган жок. Бир маалда «Айткандай, рахмат, Мурат. Аскатка 5 рубль берген турбайсыңбы. Чынарага сүткө тыйын жок болуп жатты эле, ырас болбодубу» дегенде эле жездем мени карап «мен акча берген эмесмин» деди. Башым шылк деп, ошону менен сөз токтоду. Анан алар кетер замат апам электр чайнегинин шнуру менен өкүртө сабады. Чыркырап ыйлап бөлмөнү тегеренип качып жүрөм. «Өзүң жалгыз бала болсоң. Анан ууру болсоң...» деп ал да кошо ыйлап алган. «Ой, мен алган жокмун» деп жанымды жейм. Катуу таяк жегенимден ошол окуя эсимде калыптыр.

«АПАМ АКТЁР БОЛУШУМА КАРШЫ БОЛГОН»
-11-классты бүткөндө апам мени азыркы ИИМдин академиясына тапшыртам деп сүйлөшүп коюптур. Мени окутканга 25 миң рубль чогулткан экен. Ал ошол кезде чоң акча болчу. Мен «окубайм» дедим. Бирок кичинекей кезимде «чоңойгондо милиция кызматкери болом» дечүмүн, анан мектепти бүтөрдө эле артист болгум келип калды.
Апам «сен актёр болбойсуң, алар үйүнө токтобой, көчөлөп эле жүрүшөт» деди. Мен ага таарынып үйдөн качып, бир жумадай келбей койдум. Апам милиция кызматкерлерине берип, классташтарым «тигинин үйүндө жатат» деп мени сатып, алар кармап үйгө алып келишти. Анан алардын көзүнчө «Мейли, артист болсоң бол. Бирок кийин «Мени эмне үчүн чоңураак окуудан окуткан жоксуң?» деп мага айтпа» деп макулдугун берди. Аз өтпөй сыналгыдан Алматы шаарындагы театралдык окуу жайга кыргыз улан-кыздары кабыл алынары тууралуу жарнаманы көрүп калдым. Барып сынактан өтүп кеттим. Чогулткан акчасынан берип узатты. Ошентип, Алматыда окуп калдым.
Ал жакта апамды сагынып жүрдүм. Бөтөн эл, бөтөн жер. «Кыргыздар» деп казактар бизди 1-курс кезде сабашчу. Анан эч кимге көрсөтпөй «бул жакка эмне келдим, Бишкекте эле окубай...» деп түн ичинде жарыкты өчүрүп алып ыйлачу элем. Апам да кээде түшүнө кирсем «Балам, кандай жүрөсүң? Кийимиң бүтүнбү, курсагың токпу?» деп жатаканадагы вахтага телефонго чалып калар эле.
Окуумду бүтүп Бишкекке келгенде дипломдук 3 спектаклде тең башкы каармандын ролун аткардым. Апам ал кезде Балыкчыда болчу, Бишкекке чакырттым. 3 күн 3 спектаклди көрдү. Элдин кол чаап, гүл берип куттукташканын көрүп кубанганынан ыйлады. Менин дипломумду куттуктап туугандар келишти. Ошондо апам ыйлап «сенин тагдырыңа балта чаап коймок экем, эми актёр боло бер» деп батасын берген.

«Апамдын уздугунан жыртык кийим кийген жокмун».

«ЖУБАЙЫМ КАЙНЕНЕСИНЕ ОКШОШ»
-Апам азыр балдарымды аябай эркелетет. Кээде алар тентектик кылганда кагып-силкип койсом «сен деле ушинтип чоңойбодуң беле» деп болушат. 35ке чыксам деле, майрамдарда чогулганда «Аскатка бергиле, Аскат жесин» дей берет. Мен барганда катып жүргөн таттууларын ачса, «Өткөндө биз мобу салатты ач десек ачпай койгон. Карабайсыңбы, сен келсең ачып жатканын» деп эжелерим күлүп калышат.
Келинчегим Элмира экөө ынтымактуу. Чогуу көчөгө чыгышса көргөндөр «Кызыңызбы?» деп сурашат экен. Эркек үчүн апасы идеалдуу болот да. Анан ички туюмуң менен жубайыңды да апаңа окшош жактарын көрүп жактырат экенсиң. Экөөнүн окшош жактары көп. Мисалы, экөө тең эмгекчил, тигүүчүлүк өнөрлөрү бар дегендей. Кээде келини экөөлөп «сен мындайсың» деп мени менен уруша кетишет. А мени көбү «атаңа окшошсуң, керек болсо талашканыңа чейин» дешет. Мен деле көргөндө «карысам ушундай киши болом го» деп ойлоп коём.
Атам менен апам мен 1-класста окуп жүргөндө ажырашты. Ошондуктан атамдын жаш кезин чала-була эле эстейм. Бир мотоцикли бар эле. Мени салып алып, экөөбүз Балыкчы шаарын кыдырчубуз. 2000-жылдан бери катташып турабыз. Кеминде жашайт. Үй-бүлөсү, балдары бар. Алар менен мамилебиз жакшы. А киши да «Ден соолугуң жакшыбы, машинаң жүрүп жатабы, ооруган жоксуңбу?» деп сурап турат.

«НЕБЕРЕЛЕРИМ БАЛДАРЫМДАН ДА ЫСЫК»
«Карга баласын аппагым дейт» демекчи, каарманыбыз бала чагындагы тентектигин мойнуна алганы менен, апасы ЖАМАЛКАН УЗАКОВА уулуна сөз тийгизген жок.
-Аскат кичинесинде жоош, тентектиги жок, жакшы окуган бала эле. Өзүм балдарымды көп эркелетпейм. Аскатты да үзүлүп түшүп эркелетпедим. Эне үчүн балаң чоңойсо деле бала бойдон калат экен. Уулумду азыр да баягы кичинекей баладай ойлоп, дайыма ал-жайын сурап турам. Ал эми неберелерим өз балдарымдан да ысык. Аларды өтө эркелетем.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аскат Сулайманов: “Актёр болом деп үйдөн качып кеткем”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
hakker
2014-02-03 10:28:19
Азаматсын Аскат.Кыргыздын мыкты актерлорунун бирисин.Эптеп эле акча табыштын амалын кылган сапаты жок кинолорго тартылбай туболукко калчу кинолорго тартылып журо бер.
+2
bossmos7
2014-02-03 14:50:28
hakker, Ото таамай айтып салдын!Мыкты тасмаларда ойноп !Мыкты каарман катары !
0
maliw
2014-02-03 10:51:08
Talanttu akter,baardik.apalar baldari mn uwintip syimktansa...
0
bossmos7
2014-02-03 14:49:29
Ийгилик!
0
Munara-9-0
2014-02-03 15:12:42
Ийгилик Аскат байке мыкты тасмаларды ойноп журо бериниз!!!!!!
0
Ханбийке
2014-02-03 20:31:46
эн сонун маек! Ийгилик сизге!
0
Aku1977
2014-02-03 22:26:53
Ийгилик ишине!
0
skromnica-1
2014-02-04 04:26:44
Аябай жагат да ушул байке..абдан таланттуу дагы
0
tavsan
2014-02-05 02:00:16
сонун маек болуптур сизге ийгилик маманызга ден соолук каалайм!
0
zzz---zzz
2014-02-05 11:54:35
Талантын ташкындай берсин сиздин зоболонуз которуло берсин уюмдун астын тазалатпай эле коёюн
менда дуконго жонотсо 3-рубльди жоготуп алып аябай уруш жегем.
0
mixi_94
2014-02-07 19:24:59
Ушу актер мага аябай жакчу эле. Дайыма катышкан кинолорун корчумун. Бир жолу "Айыл окмоту" деген кинону коруп, анда жараткан ролунан кийин жаман коруп калгам. Азыр да ошону эстеп кетип ирээнжип калдым...
0
AZAP_2009
2014-02-09 18:30:24
mixi_94, оз ишин жакшы билген актёр да, ар бир ойногони ролунда киришип берилип ойнойт, ошол сен коргон киносунда ролун жакшы аткарган. Актёр олот! Бирок анын ойногон рольдору олбойт! =)
0
Asanovna1805
2014-02-08 15:02:08
Азаматсыз! Ийгилик.. Дагы коптогон кинолорго тартыла бериниз.
0
mery.89
2014-02-09 04:09:52
Чын эле улуу корунот экен.
0
Nelli85
2014-02-10 01:37:07
Апасы абдан акылман адам экен ийгилик сизге Аскат байке
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан