(Башталышы өткөн сандарда)
Самат кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн болгон аракетин жасап, таанышкан күндөн тарта белек-бечкеги менен анын көңүлүн өзүнө бурууга жетишти. Канышай Саматтын баласы бар экенин, өзүнөн бир топ жаш улуу экенин билсе да, кээде ага жолугуп турар эле. Кээ бир күндөрү жатакана жабылып калганда анын үйүнө барып, душка түшүп, ал жакта түнөп калчу. Окуусуна, кийим-кечегине, тамак-ашына андан акча алат. Ал «ага тиймек белем, жөн гана ойноп турайын» деген ой менен өзүн алаксытып жүрдү. Ошондой күндөрдүн биринде Айдар менен таанышып калбаспы. Ага жүрөгүн арнады. Сүйүктүүсүн жоготуп албаш үчүн Канышай алгач Саматты өз жолуна салыш керек болчу. Айдар Канышайдын өткөн жашоосун кайдан билсин?
Бир күнү көптөн бери көрүнбөгөнүнөн Самат сүйүктүүсүн окуусуна издеп келиптир. Университеттен чыкканда эле Канышайды тосуп алды. Нары-бери өтүп жаткан студенттерди көзүнө илбеген Самат сагынычын жашыра алган жок.
– Сагындырып кайда жоголдуң?
Күлүмсүрөгөн ал Канышайды кучактап бетинен өптү.
– Жоголгонумдун себеби бар. Азыр сизге түшүндүрүп берем.
Канышай оңтойсуздана жооп кайтарды. Экөө жанаша басып, жолдун аркы бетине өткөндө Самат жол боюнда турган машинасынын эшигин ачып:
– Жүр, жакын жердеги кафеге барып, шашпай баарлашалы.
Канышай жок дей албады. Машинага отуруп жаткан ал өзүн алып кетмекчи болгон Айдар жолдун ары жагында карап турганын байкаган жок.
Баары ушул окуядан кийин башталды. Кечинде кеч кайткан Канышай эшиктен баш бакканда эле Айдардын ичип отурганын көрдү.
– Кайда жүрдүң?
– Лекция кеч бүттү.
– Алдаба!
Айдар столду бир муштай ордунан тура калды. Анан колдору калчылдай өктөм үн катты:
– Мен билем, сен кайда, ким менен жүргөнүңдү. Ал ким?! Акыркы күндөрү өзгөрүп кеткениңден эле шекшингем...
– Айдар, жинди болбочу! Ал менин жөн гана таанышым.
– Жөн гана таанышың болсо ошентип учурашасыңбы? Кайда бардың, анын машинасына түшүп алып?
– Ашканага барып бир аз сүйлөшүп отурдук.
– Эмнени сүйлөштүңөр?
– «Жумуш таап берем» деген...
Айдар кабагын чытый Канышайдын бет маңдайына тура калды. Анан ызырына кыздын кежигесин мыкчый кармап суроо узатты:
– Жумушту эмне кыласың?
– Иштебейинби, качанкыга чейин кийинбей, ичинбей сенин кепедей болгон үйүңдө жашап жүрө беребиз?! Же сен жыргатып иштеп, үйгө акча таап келбесең...
Канышай чыдабай кетти өңдөнөт. Ачууга алдыра кыйкырып каяша айтканга үлгүрдү. Айдар мындай сөздү күткөн эмес. Нерви чыңала, сүйүктүүсүн жаакка чаап жиберди. Анан
көздөрүнөн заары чыгып, эшикти туштай жаңсап:
– Чыгып кет! Сени көрөйүн деген көзүм жок,- деп кыйкырды да, ачуусун баса албай дубалды муштап-муштап жиберди. Канышайдын жаак ылдый жашы тоголонуп, бүк түшө отура калды. Сөздүн баары ушуну менен бүткөнсүдү. Бир саамдан кийин жинди немеден бетер ары-бери басып жаткан Айдар алдастай Канышайдын кийимдерин, буюмдарын бир сумкага салыштырып, кыздын колуна карматты. Үн катпады. Анын көздөрүнөн бардыгын түшүнгөн Канышай сумканы алды да, акырын үйдөн чыгып кетти.
Айдар туура эмес кылганын, Канышайды сүйөрүн кеч түшүндү. Эки жумадан кийин кечирим сурайын деп сүйүктүүсүн издей баштады. Окуусуна, жатаканасына издеп барды. Жок. Күдөрү үзүлбөдү. «Ага качандыр кайрадан жолугам, ал меники болот» деген ой, үмүт жүрөгүндө жашай берди. Бирок бир жолу Канышайдын курбусу Назгүл жолугуп, Айдарга суук кабар угузду:
–Канышай күйөөгө тийди, аны мындан ары издебей эле койсоң болот.
Ушул сөздөр анын үмүтүн өчүрүп, жашоосунун таш-талканын чыгаргандай болду. Убакыт болсо өз милдетин аткара алдыга шаша берди. Экөө ошол бойдон көрүшкөн жок. Айдарда эстеликке Канышайдын бир гана ушул сүрөтү калды.
Ал бала чагынан сүрөт тартканга шыктуу эле. Бир жолу сүйүктүүсүн бет маңдайына отургузуп алып бул сүрөттү өзү тарткан. Кылыктуу, эркелеген көз караш дале эсинде. Жанатан бери сүрөттү карап отурган Айдар ээк ылдый кусалыктын жашы томолонгонун байкабай калды. Анын оюн шырт эткен дабыш бузду. Жалгыздыкка моюн сунган аны шылдыңдагансып бурчтагы тешиктен бир чычкан улам башын чыгарып, кайра ийинине кире качып жатты.
ххх
Канышай түн ортосунда чочуп ойгонду. Түшүнө Айдар кирген экен.
– Эмне болду, жаным?
Жанында жаткан Самат тура калып, анын колунан аярлай кармады.
– Эч нерсе.
Канышай аны жооткотту. Анан туруп, коомайлай басып барып муздаткычтан суу ичти. Кайра келип бир топко чейин ойлордун кучагынан чыга албай ойгоо жатты. Эсинде, Айдар
менен уруша кеткен соң көпкө күтүп, санаа жеп жүрдү. Бир күнү издеп келиптир. Канышай:
– Жолугуп келейин,- дегенде, курбусу Назгүл:
– Артыңдан бай десең бай, келбеттүү десең келбеттүү Самат ээрчип жүрөт го. Айдарды эмне кыласың? Үй-бүлөлүү болгондон кийин деле жашоо керек. Курбу катары сага айтарым,
Саматты танда,- деп ар кайсынын башын айтып жолуктурбай койгон эле.
Канышай ушул сөздөргө чындап алданды. Арадан убакыт өтүп, кош бойлуу болуп калганын билди. Бир чети кубанычтуу, бир чети күтүлбөгөн бул жаңылыкты алгач Айдарга айтайын деп чамынган, бирок... Бирок Айдар баланы кантип багат?.. Ушул суроо жүрөгүн өйүп, бир чети курбуларынын сөзүнө азгырылып, акыры эл көзүнөн оолак, алыскы айылда жашаган таежесинин үйүнө барып төрөп келүүнү эп көргөн. Мына азыр өткөн жашоосу кайрадан эсине түшүп, караңгы бөлмөдө жаралуу жүрөгү тырмалып жаткан учур.
Эмнегедир Айдарды бир көрүүгө ашыкты. Тагдыр арзышкан эки жашты эки жолго салганы менен, качандыр бир убакта жолуга турганын экөө тең билет, күтөт. Ушу тапта Канышай үчүн баары түгөл, баары жакшы болсо да, бир нерсе жетишпегенсийт. Ал жүрөгүнүн түпкүрүнө терең катылган «Айдар» деген ысым жана айылдагы ата-бабасы тааныбаган адамдардын эшигинин алдында ыйлаган боюнча калган ымыркайы эле. Саат жебеси чыкылдап алдыга шашат.
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков