Жыл жаңыргандан бери бир айдын ичинде эле Кыргызстандын чек арасында орун алган олуттуу окуя экинчи жолу кайталанды. Алгач өлкөнүн түштүк-батышында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чечилбеген жер тилкелерине байланышкан жаңжал чыгып, атышуу болуп өттү. Дагы бир жаңжал өлкөнүн түндүк-чыгышында, Кытай менен чектешкен аймакта болуп, анда белгисиз адамдардын тобу жок кылынды. Дал ушул окуя коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурууда.
ЧЕК АРАНЫ БУЗУП КИРГЕНДЕРДИН БИРИ ДА ТИРҮҮ КАЛТЫРЫЛГАН ЖОК
Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 23-январда Кытай менен чектешкен Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги Жети-Өгүз районуна караштуу «Ак-Шыйрак» тилкесинде 11 кишиден турган белгисиз топ аңчылар коомунун башчысы Александр Барыкинди мууздап өлтүрүп, анын куралын тартып алуу менен бир чек арачыны жарадар кылышкан. Бул окуя ушул эле күнү кечинде кылмышкерлерди тыптыйпыл жок кылуу менен аяктады. Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райымберди Дүйшөнбиев кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн бардык чаралар көрүлүп, бирок жыйынтык чыкпаганын айтты. «Биздин аскерлердин багынып берүү талабына алар макул болушкан жок. Күн да кечтеп бара жаткан. Алар качып кетүүгө аракет кылышты. Бир токойчубузду мыкаачылык менен өлтүрүп жатса, булардан баарын күтүүгө болот да. Ошондуктан баарын өлтүрүүгө аргасыз болдук»,- деди башкы чек арачы.
Айтымында, алар Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзянь автономиялык районунда укук коргоо органдарынан качкан сепаратисттер (бөлүнүүчүлүктү жактоочу) болушкан. Алардын ар биринин жанында кепин, диний атрибуттар, аркан, мүшөк, компас, топографиялык карта, бет кап, оор жүк ташуучу унаанын камералары, балта, бычак жана доллар, юань акчалары бар болгон.
БЕЛГИСИЗ ТОПТУН МАКСАТЫ БЕЛГИСИЗ БОЙДОН КАЛДЫ
Ушул күнгө чейин кыргыз чек арасынан мыйзамсыз киргендердин аты-жөнү да белгисиз бойдон калууда. Чек ара кызматы алардын сүрөттөрү Кытайга жөнөтүлгөнүн маалымдады, бирок Кыргызстандын аймагынан кармалган белгисиз топтун мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн жергиликтүү басылмалардан, телекөрсөтүүлөрдөн көрүүгө мүмкүн болбоду. Муну менен алардын ким экендиги, сепаратистпи, аңчыбы, контрабанда ташуучубу же качкындар беле деген суроо жаралбай койбойт. Алардын чек араны бузуп өтүүдөгү максаты эмне?
Маркум Александр Барыкин чек араны бузуп өткөндөр тууралуу маалыматты чек арачыларга айтып барганы менен, өзү белгисиз адамдардын тобуна кайтып келип, өз алдынча аларды туткундоого аракет кылганы айтылды. Эмне үчүн чек арачылар дароо эле аңчы менен чогуу келишкен эмес, Барыкиндин жүрөгү дааган ишке алардын жүрөгү эмне үчүн батынбады? Түмөн жаралган суроолорго жооп алуу үчүн жок дегенде бир кылмышкерди тирүү алып калууга эмне үчүн мүмкүнчүлүк болгон жок?
Чек ара кызматы окуя орун алган жерге спецназдын аба ырайынын начарлап кеткендигинен улам кеч жеткендигин, ошондуктан чек арачылар кылмышкерлердин көзүн тазалоо боюнча операцияны аткарууга киришкенин билдирди. Ашып кетсе 3 октуу аңчыдан тартып алган мылтыктан башка куралы жок 11 адам менен болгон кармашуунун дээрлик бир күнгө созулушу, жыйынтыгында баарын өлтүрүп салуу менен аяктоосу мындан да чоң бир окуяны жашыруу максатында болгон жокпу? Себеби «чек арачылардын айрымдары менен ошол белгисиз делген топтун мүчөлөрү контрабанда менен шугулданып жүрүшү мүмкүн, из жашыруу үчүн да баарынын көзүн тазалап салышты» деген пикирлер да айтылууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков бул окуяга карата: «Чек ара кызматынын ишин бир чети жакшы деп бааласак болот. Башкалар Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөндөр өлтүрүлө турганын түшүнсүн. Экинчиден, жок дегенде 11 адамдын бирөөсүн тирүү кармап, алардын байланыштарын билиш керек эле»,- деди.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg