2015-жылдын 1-январынан тартып кыргызстандыктар Орусияга бир гана чет элдик паспорт менен кирип-чыга алышат. Мындан улам КРнын Орусиядагы элчилиги эмдиги жылдын 1-январынан тартып аталган өлкөгө барууну пландап жаткан кыргызстандыктарды тышкы паспортун алдын ала даярдап алууну эскертти. Маалыматка ылайык, мындай чара Орусиянын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү тартибин бир түргө келтирүү жана чет элдик жарандардын миграциялык каттоосу менен көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу аракеттерине байланыштуу. Орусиянын аймактарында иштеп жана жогорку окуу жайларында билим алып, туруктуу жашап жаткан кыргызстандыктар чет элдик паспорт алуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы консулдук мекемелерине кайрыла алышат. Элчиликтен билдиришкендей, жакынкы аралыкта Санкт-Петербург, Красноярск жана Владивосток шаарларында элчиликтин бөлүмдөрүн ачуу пландалууда. Буга чейин элчиликтин Москва, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында бөлүмдөрү иш алып барып жаткан.
Кошумчалай кетсек, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен байланыштын ортосунда визасыз режим күчүндө каларын ишенимдүү түрдө маалымдаган.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg