“Менде да бар карындашым, ага жаман каалабайм...”
Азыр кайсы университетке барба, рэпер Тата Уландын “Карындаш” деген ырындагы ушул саптарды кыңылдай ырдап жүргөн студенттерди кезиктиресиң. Чын эле Улан кыздарды алдабайбы, аны байкап көрөлү.
– Тата Улан деген псевдонимди өзүң ойлоп тапкансыңбы?
Тата Улан: Ооба.
Детектор: Ооба.
– “Карындаш” аттуу ырың учурда популярдуу болууда. Мааниси өзүңө жагабы?
Т.У.: Ооба.
Д.: Ооба.
– Өзүң да ошол ырдагыдай болуп жаш кыздарды алдап, башын айлантып көрдүң беле?
Т.У.: Ооба.
Д.: Жок.
Уландын комментарийи: Детекторду алдап көрөйүн дедим, болбой калды. Ооба, ырда айтылгандай, менин да карындашым бар. Жаш кыздар менен мамиле түзөрдө ал тууралуу ойлонбой коё албаймын. Жакшысы, эч кимисинин башын айлантпай эле коёюн деп чечкем.
– Көзүңө чөп cалган аялды кечире аласыңбы?
Т.У.: Жок.
Д.: Уландын нерви чыңалып чыкты.
Уландын комментарийи: Аялыңдын көзүңө чөп салышы? Бул деген кечирилгис нерсе да. Эркектер ушул маселеге келгенде эмоцияны кармай албай калабыз.
– Үй-бүлөлүү боло туруп, өзүңө жагып калган кызга жетүүгө аракет кылат белең?
Т.У.: Жок.
Д.: Ооба.
Уландын комментарийи: Эми эмне десем? Мен калп айткан жокмун. Болгону, ушул көзгө чөп салмай, ойнош күтмөй деген нерселерди жек көрөм. Аял тарабынан болобу, эркек тарабынан болобу, кыскасын айтканда, бул жоруктарды туура эмес деп билем. Мындай суроо берилгенде кан басымым ошон үчүн көтөрүлүп кетти.
– Шоу-бизнесте элдешкис душманың барбы?
Т.У.: Жок.
Д.: Ооба.
Уландын комментарийи: Такыр элдешкис айыгышкан душманым деле жок. Бирок ырчылар чөйрөсүндө мени жактырбагандар болсо керек. Баарына түгөл жага бербейсиң да.
– Кумар оюндарын ойнойсуңбу?
Т.У.: Жок.
Д.: Ооба.
Уландын комментарийи: Болгону карта, бильярд ойнойм. Алар эми казиного кирип, ири суммада акча ойнотуу, уттуруу эмес да.
– Аялзатына кол көтөрүшүң мүмкүнбү?
Т.У.: Ооба.
Д.: Ооба.
Уландын комментарийи: Айтканыңа түшүнбөй кечке эле мээңди жеп туруп алса, айла кеткенде чапмак тургай... "Көрүнгөн эле аялды сабай бериши мүмкүн экен" деп ойлоп калбагыла дагы. Мен үй-бүлө маселесинде айтып жатам. Жубайыма гана тиешелүү жооп. Акылдуу аял эч качан өзүнө кол көтөртпөйт.
– Тамак жасай аласыңбы?
Т.У.: Ооба.
Д.: Ооба.
Уландын комментарийи: Жатаканада жашап жүргөндө, кийин жалгыздык башка түшкөндө деле далай тамактарды жасап үйрөнгөнбүз. Ачка отургандан көрө колу-бутуң аман-соо болсо, өз курсагыңдын камын көргөнгө эмне үчүн болбосун? Үйдө болсо го, ашканага башбакпайбыз.
– Кызганчааксыңбы?
Т.У.: Ооба.
Д.: Уландын нерви кайра чыңалып чыкты.
Уландын комментарийи: Кандай десем экен? Мен жөн эле кызганчаак эмес, абдан кызганчаакмын. Аял маселесинде эле эмес, баарында. Мага тиешелүү адам, буюм, кийим меники гана болушу керек. Өзүмдүн бул мүнөзүмдү жакшы билгендиктен башкалардын “территориясына” да уруксатсыз кире бербейм.
– Эгер Анжелина Жоли менен эротикалык тасмага тартылууга сунуш түшсө макул болор белең?
Т.У.: Жок.
Д.: Ооба.
Уландын комментарийи: Көрдүңүзбү, жүрөк маселесине тиешелүү бардык суроолорго мен реакция бербей коё албайт экенмин. А чын-чынына келгенде Анжелина Жолинин мага эмне кереги бар? Анжелина болсо өзүнө. Мага анын ысыгы да, суугу да жок. Чынын айтсам, баарыбыз, албетте, эркекпиз. Бирок кыял менен реалдуу жашоону ажырата билүү керек.
Шаиста Шатманова
star@super.kg