ИСХАК РАЗЗАКОВ ТУУРАЛУУ ТАСМА ТАРТЫЛАТ...

  • 2014-жылы өкмөт тарабынан мамлекеттик ишмер ИСХАК РАЗЗАКОВ жөнүндө даректүү тасма жаратуу пландалууда.
  • Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын жетекчиси Азысбек Исраиловду кызматтан бошотуу буйругуна кол койду. Аталган кызматтын жетекчилигине АЗИСБЕК ШАКИРОВ дайындалды.
  • ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставын түзүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.
  • 27-январь күнү өлкө башчы диний маданиятты өнүктүрүүгө багытталган «ЫЙМАН» ФОНДУН түзүү жөнүндө буйрукка кол койду.
  • Мурдагы премьер-министр ИГОРЬ ЧУДИНОВ 28-январда «Бажы биримдиги: коркунучтар жана тобокелдер» аттуу тегерек столго катышып жатып: «Бажы биримдигине өз убагында кирбесек, экономикалык блокада жаралат»,- деген пикирин билдирди.
  • Президенттин Жогорку Кеңештеги жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү МОЛДАКУН АБДЫЛДАЕВ 29-январда парламент депутаттары менен таанышты. Ал буга чейин президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары боюнча иш алып баруу бөлүмүн жетектеп иштеген.
  • 28-январда 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда экономика министри ТЕМИР САРИЕВ өткөн жылда кен иштетүүдөн бонус катары мамлекеттик казынага 853 миллион сом түшкөнүн маалымдады.
  • 28-январда премьер-министр ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ Баткен облусунун бир катар айылдарынын тургундары менен жолугушуу учурунда чек арага жакын жайгашкан айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга 2014-жылы 180 миллион сом бөлүнөрүн билдирди.
  • 29-январда Жалал-Абаддын Аксы районунда мал издегени чыгып, дайынсыз жоголгон 5 МАЛЧЫНЫН сөөгү кар көчкү астынан табылды.
  • Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ Кыргызстанда 2014-жылды – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялады.
  • Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2014-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы калктын саны 5 МИЛЛИОН 777 миңден ашты.
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги учурда өлкө боюнча 1056 китепканада 19 МИЛЛИОН 125 МИҢ 820 китеп бар экендигин билдирди.
  • Президент Алмазбек Атамбаев 27-январда түрмөлөрдөгү 3 МИҢ 700 соттолгон адамдарды бошотуу боюнча мунапыс мыйзамына кол койду.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
hakker
2014-02-03 14:37:24
Бийлик баарынар кетмейинче Кыргызстан онукпойт.Коррупциянын сазына мурункулар белинен баткан болсо силер тамагынардан батып калдынар.Азыркы дайындалган адамдар мисалы мурдагы иштеген жеринде жакшы корсоткуч корсоткону учун эмес,акчаны кобуурок бергени учун же тааныштары кучтуу учун гана креслого келгендер деп тушунобуз же туура эмеспи айткылачы чондор...
-1
Makentay
2014-02-03 18:31:51
Азаматсынар, Исхак Раззаковду эстегенинер эн соонун. Бийликтегилер баары ушундай адамдар болгондобу, эх.... мындай адамдар бир келет да, бир кетет.
+1
infiniti
2014-02-03 18:54:44
Исхактай адам,1000жылда бир туулат.
+1
belosnejka1
2014-02-03 22:13:15
"Президент Алмазбек Атамбаев 27-январда түрмөлөрдөгү 3 МИҢ 700 соттолгон адамдарды бошотуу боюнча мунапыс мыйзамына кол койду."
Кайта кайта окуп тушуно албадым. Неге андай кол коюлду, жана алар кимдер деген суроо туулат экен.
0
hakker_a
2014-02-07 21:49:42
Урматтуу belosnejka1, Мунапыс бул жолу турмодогу 65 жаштан жогорку анча оор эмес кылмыштар менен, биринчи жолу байкабастыктан кылмыш жасап тушеондорго жана аялдарга берилди да
0
assss
2014-02-04 04:05:28
Атамбаев жебесе
Сатыбалдыев жебесе
Коомда жебейт эле
0
Kalmyrza
2014-02-06 23:37:54
И.Разаков жонудо документалдык фильм тартканы жатканы ээн жакшы.Ал эми биздин олко качан башка олкорордой онугоот билбейм качанкыга чейин эле башка олколордон карыз ала беришет.
0
Beko87
2014-02-09 00:30:51
Разаковту болгонун болгондой тартса экен эми.
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан