СЕРГЕЙ ЛАЗАРЕВ

Лазарев Сергей Вячеславович 1983-жылы 1-апрелде Москва шаарында төрөлгөн. Бою 178 см, салмагы 69 килограмм. Суусундуктардан дарбыздын ширесин баалайт. Италия, Испания өлкөлөрүнө саякаттоого кызыгат. Бош учурунда МТV, МузТВ каналдарын көрөт. «Гуччи Раш» атырын колдонот. «Ауди» маркасындагы машинаны жактырат.

КИЧИНЕКЕЙ СПОРТЧУДАН ЫРЧЫГА...
Сергей бала кезинен өтө зээндүү өскөн. Өзү менен курактуу балдар космонавт, өрт өчүргүч, жоокер болууну кыялданып жүргөн кезде Сергей ошондо эле артист болууну самачу. Антсе да төрт жашында Сергейди үйүн­дөгүлөр спорттун гимнастика түрүнө беришет. Бул жаатында ал өспү­рүмдөр арасындагы беттештерден орундарга илинет. Ошондо эле талыкпас эмгектин аркасында ийгилик жаратууга болоорун түшү­нөт. Бирок, спортко караганда анын жан­дүй­нө­сү музыкага жакын эле. Анын музыкага болгон кызыгуусу ошол кездеги жаш балдардын сүйүктүү «Утренняя звезда» аттуу берүүсүнөн улам башталган. Аталган конкурска барып катышуу анын максаттарынын бирине айланат. Музыка дүйнөсүнө болгон чоң кызыгуунун деми менен Сергей балдар ансамблине кирет. Бирок, ал жактан «Утренняя звезда» конкурсуна катыша албасына көзү жетип, көп узабай ансамблден чыгып кетет. Ан­дан кийин тагдырдын буйругубу, айтор, күтүлбөгөн жерден эле белгилүү «Непоседы» балдар ансамблине кабыл алынат. Көп өтпөй ошол жерден Сергейдин ырчылык талантына баа беришип, анын тилеги болгон «Утренняя звездага» жөнөтү­шөт. Көк­сөп жүргөн конкурсуна катышып, жеңиш менен кайтат. «Непоседыда» жүрүп Сергей сахна, гастроль, мындайча айтканда, артисттин жашоосу менен таанышат.
Мектепте окуп жүр­гөн кезде ырчы абдан тентек, шок бол­гон. Мугалимдердин сөзүн укпагандыктан келишпестиктерге көп барчу. 8-класска киргенде гана ырчы окуунун аркасынан сая түшөт. Аз убакыттын ичинде тентек окуучудан үлгүлүү окуучуга айланат. Анткени, Сергей кичинесинен сөзүнө турганды, айткан ишин аткарганды жогору койгон.

«РОМЕО» КЛИЧКАСЫНА ЭЭ БОЛУУ
Мектепти бүткөн соң, Сергей профессионалдуу актёрдук билим алуу үчүн МХАТ мектебине тапшырат. Аталган окуу жай болочок жылдыздын дагы бир өнөрүн ачат. Ошентип, Сергей спектаклдерге катышып, роль жарата баштайт. Сергей «Ромео жана Жульетта» спектаклинде Ромеонун ролун жогорку деңгээлде аткарып, көпчүлүк­түн көңүл борборунан орун алууга жетишет. Ушундан улам аны өзү окуган окуу жайда Ромео деп тааныша башташат. Андан тышкары «Алёша Карамазовдун жашоосунан бир нече күн» аттуу спектаклде Алёша Карамазовдун ролун аткарат. Мыкты актёрдук чеберчилиги үчүн «Чайка» деген, эң мыкты сүйүү сценасы үчүн «Дебют» деген театр сыйлыктарынын ээси болгонго жетишет. Сергей катышкан ар бир спектакль аншлаг менен өтө баштайт. Ал эми күйөрман кыздарынын саны күндөн-күнгө өскөнү байкалат. Ошентип, ырчылык менен кошо театр Сергейдин жашоосунун маңызын түзүп калат.

«SMASH» ТОБУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ
МХАТ мектебинде окуп жүргөндө жакын досу Влад Топалов экөө 2001-жылы «Smash» аттуу топ түзөт. Сергей менен Влад кичине ке­зинде «Непоседыда» чогуу ырдашкан. Дуэт ырдап чыгуу идеясы ошондо эле жаралган. «Smash» тобунун чыгармачылык иштерине Владдын ата-энеси көп жардамын тийгизген. Дуэт ырдап чыгуу идеясын да Владдын апасы сунуштаган. Көп узабай элдин оозуна алынып, дуэти радиолордон кете баштаган соң, аларга «Universal Music Russia» компаниясынан иштешүү келишими түшөт. Ошондон тартып Влад менен Сергейдин күндөрү концерт, гастролдор менен өтө баштайт. 2002-жылы «Smash» тобу «Новая Волна» конкурсунун жеңүү­чүсү аталат. Ал конкурстан кийин топтун популярдуулукка жолу ачылат. 2003-жылы МузТВ каналынын «Жылдын ачылышы», Европа плюс радиосунун «Евро хит», «Алтын Граммофон» конкурстарынын жеңүү­чүсү болот. Ал эми «Белл» аттуу ыры хитке айланат. Ошол эле 2003-жылы «Freeway» аттуу альбому миллион нуска менен чыгып, болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келет.

ДОСТОРДУН АЖЫРЫМЫ
«Smash» тобу эки жакын достун эмгегинен түзүлгөнү белгилүү. «Ал­бетте, топтон, досумдан бө­лүнүп кетүү мен үчүн жеңил болгон жок. Мен Владды эң жакын досум деп эсептечүмүн. Экөө­бүз чогуу иштешип жүр­гөн­дө мен бир кырдаалга туш болдум. «Достук жамандыкта билинет» дегендей, досумдун жардамын абдан күткөм. Тилекке каршы, жардам кылган эмес. Ошондон кийин ага муздай түштүм­бү, айтор, жеке чыгууну чечкем. Ошентсе да мен Владдын жана анын ата-энесинин мага кылган жардамын эч качан унутпайм» дейт Сергей. «Smash» тобунан кеткенден кийин ырчы бир топ кыйналат. Анткени, элден «өзү жалгыз чыгып деле кыйратпайт» деген сыяктуу сөздөрдү угат. Бирок, өжөр мү­нөзүнүн аркасында чыгармачылыктын үстүндө талыкпай эмгектенип жаңы ырларды жарата баштайт. «Эмнегедир жүрөгүмдүн түпкүрүнөн ийгилик мени коштоп, чыгармачылыкта жолум ачылаарын сезгем» дейт ырчы өзү. Таланттуу, келбеттүү жаш ырчыга көз арткандар чекесинен чыгат. Көп узабай Сергей Энрике Иглесиас, Шер өңдүү жылдыздар менен иштешкен дүйнөлүк атакка ээ Брайн Роулинг аттуу продюсер менен иш­тешүүгө келишим түзөт. Жакында эле Сергей Лондонго барып Брайндын студиясынан үч жаңы ыр жаздырып келди.

СЕРГЕЙ МУЗ ҮСТҮНДӨ
РТР каналында көрсөтүлүп жаткан «Муз үстүндө бий» аттуу шоуга Сергейдин катышканы көпчү­лүккө белгилүү. Аталган шоуга ырчы бир жарым ай даярданган. «Мен чоң сыноодон өттүм. Анткени, 23 жашымда муз үстүндө басмак түгүл, бийлегенди үйрөндүм» дейт ырчы. Алгач машыгууда Сергей кулап кетүүдөн абдан корккон, бирок, шериги Настя Грабёнкинанын жардамы менен тең салмактуулугун сактаганды үйрөнөт. Конкурс учурунда бийди ырчы жогорку деңгээлде аткарып, көрүүчү­лөрдүн купулуна толгону да талашсыз. «Кайсыл иш болбосун өтөсүнө жетүү» деген принципти кармап келет. Бул принципке аны апасы үйрөткөн. Сергейдин ата-энеси ажырашып кетсе да апасы баласына туура тарбия берген. Сергей үй­үндөгү иштердин баарын өзү жасайт. Ошондой эле кийимдерин эч кимге карматпай өзү жыйнаганды жакшы көрөт. Анын апасынан башка бир тууган бизнесмен агасы бар экени белгилүү. Ошондой эле ырчы сүйлөшкөн кызы менен урушуп кеткенин жана чыныгы сүйүүгө жолуга элек экенин интервьюларында айтып кеткен. Сергейдин учурдагы чоң тилектеринин бири Лондондун «Wembley» стадионунда өзүнүн жеке концертин аншлаг менен өткөрүү.

Даярдаган
Жаркынай Усубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 208, 27-октябрь-2-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан