ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

ГЕРМАНИЯ
ТАППАГАНДАРЫ ЖОК...
Лейпциг-Халле аэропортундагы ташылып бараткан килемдердин арасынан 45 килограмм героин табылды. Учак аркылуу Ирандан жөнөтүлгөн ар бир килемде 5 килограммдан баңгизат катылган. Баңгизат катылган 9 килем Германияга келип, андан ары Польша, Франция, Бельгия жана Конго мамлекеттерине жеткирилмек. Бирок немистердин кыраакы бажы кызматкерлери баңгизат сатуу менен алектенгендердин тилегин таш каптырды. Алар килемдердин салмагы оор болгондугунан улам шек санап, текшерүүгө алганда кездемеге оролгон ичинде героин катылган ичке пакет түтүкчөлөрдү табышкан. Орто эсеп менен алганда, кармалган героиндин Европадагы жалпы баасы 2 миллион еврону түзөт.

КЫТАЙ
АТАСЫ КЫЗЫН КҮЙӨӨГӨ САТА АЛБАЙ УБАРА
Гонконгдук миллиардер Сесил Чао 33 жаштагы Гиги аттуу кызына күйөө таппай убара болууда. Ал кызынын жүрөгүн багынтып, аялдыкка алган күйөө баласына 130 миллион доллар берүүгө даяр. Сесил буга чейин 2012-жылы да кызына үйлөнгөн эркекке 65 миллион доллар бере турганын жар салган. Анда 20 миңге жакын жигиттер сунуш боюнча кайрылып, бирок бирөөсү да кыздын жүрөгүн жылыта алган эмес. Себеби Гиги эркек менен эмес, Шон Ив аттуу айым менен 9 жылдан бери бирге жашап, 2012-жылы Францияда баш кошкон. Бирок атасы кызынын бул жоругун таштап, кайсы бир күнү аял катары бала төрөп, түз жолго кайтуусунан үмүт үзбөй келет.

МУРДУ МЕНЕН ДӨҢГӨЛӨКТҮН ЖЕЛИН ТОЛТУРДУ
Кытайлык 63 жаштагы Не Юнбин бир учурда автоунаанын төрт дөңгөлөгүнүн камерасын жел менен мурду аркылуу үйлөп толтурду. Мындан да кызыгы, ар бир камеранын үстүнө экиден киши салмагын салып турганына карабай, ал буга болгону 21 мүнөт убакыт короткон. Үч жыл мурда дарыгер ден соолугун жакшыртуу үчүн Юнбинге мурду менен шар үйлөп турууну сунуштаган экен. Шарларга алымсынбай калганбы, айтор, кайран кытай эми минтип дөңгөлөктөрдүн желин толтурууга өттү.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Ema_nookat
2014-02-03 10:49:36
Тобаааа, ушундай да болобу? Же булар коз боемочуларбы? Эмне дейсинер достор, силердин оюнар кандай? Мен ишенбей буга...
0
Makentay
2014-02-03 18:47:01
Баары болушу мүмкүн. Акырындан машыгып жүрүп ушундай даражага жеткендир. Адам баласынан амал качып кутулбайт. )))))))))))
+1
Kalmyrza
2014-02-20 21:34:46
Мындай мумкун деле эмеско дейм
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан