Шериктештик Кубогу-2014 мелдешинде 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы чейрек финалга чыга алган жок.
Биздин футболчуларыбыз Украинадан 2:0 эсебинде жеңилип, Тажикстан менен 2:2 эсебинде тең чыгышса, 3-беттеште Эстониядан 3:0 эсебинде утулуп, өз тайпасында акыркы орунду ээлеп калды.
Эми Анарбек Ормомбеков башкы машыктыруучулук кылган жаштар курама командасы 9-12-орундар үчүн беттеш өткөрүшмөкчү.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg