ТЕННИС БОЮНЧА АВСТРАЛИЯНЫН АЧЫК БИРИНЧИЛИГИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

26-январда Мельбурн шаарында теннис боюнча Австралиянын Ачык биринчилиги аяктады. Эркектер арасындагы жекеликтин финалдык беттешинде 28 жаштагы швейцариялык Станислас Вавринка испаниялык Рафаэль Надалды жеңип, өзүнүн биринчи «Чоң шлемин» алды.
Ал эми айымдар арасында 31 жаштагы кытайлык теннисчи Ли На финалдык беттеште словакиялык Доминика Цибулкованы утуп, жеңүүчү аталды. Ал мунусу менен «Чоң шлемдеги» 2-жеңишине ээ болду, эске салсак, 1-жеңиши 2011-жылы «Ролан Гаррос» мелдеши эле.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
hakker
2014-02-03 15:40:11
Азамат эгер Надалды женген болсо,бизден качан ушундай оюнчулар чыгат.
0
Beka161197kg
2014-02-04 00:29:43
надалдын жарааты жок болгондо женет болчу станисласты
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан