Өткөн жумада атактуу жарышчынын абалы акырындан жакшырып, комадан эсине келе баштаганын айтып чыгышты. Эске салсак, белгилүү спортчу башынан жаракат алып, 29-декабрдан бери комада жаткан эле.
Кээ бир маалымат булактарына ылайык, Шумахер эсине келгени менен, анын ден соолугунда функционалдык бузулуулар болушу мүмкүн. Бирок мындай маалыматты анын дарыгери жана досу, нейрохирург Жерар Сайан четке кагууда.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg