Биздин төрдүн бүгүнкү каарманы «Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын лидерлик тизгинин колго алып, андагы ички ынтымакты бекемдөөгө жетиштим» деген башчысы Назарали Арипов болмокчу. Ал өзүнүн саясатка кантип келип калганын, жашоодогу өйдө-төмөн, жетишкендиктерин ачык баяндап берди.
«БАЛА КЕЗДЕГИ КЫЯЛЫМА ЖЕТТИМ»
– Учурдагы жаш балдар «чоңойгондо депутат болом» дешет, мен бала кезде жол кыймылын көзөмөлдөөчү болууну каалачумун. Атам мектептин директору болгондуктан, аны уят кылбайлы деп жакшы окуганга тырышар элек. Сабактардан өзгөчө физика менен математика жакчу.
Классыбыздагы 33 окуучунун 23ү кыздар эле. Дене тарбиядан кыздар-балдар өз-өзүнчө командага бөлүнүп футбол ойночубуз. Бирок биз кыздарыбыздан 7-8-класска чейин жеңилип эле жүрдүк. Жогорку класстын балдары бизге тийишсе да кыздар келип кадимкидей болушушат. Бир жолу 8-класста балдар отуруш уюштуруп, конокко кыздарды алып келдик. Аныбыз мугалимдерге жетип, мектептен таяк жеп, жазанын калганын үйдөн да алганбыз.
Ошентип жүрүп мени атам Айдаркен шаарындагы интернатка жиберди. Ал жактан орто мектепти бүтүрүп, аскердик милдетимди аткарууга Москвага жөнөдүм. Кийин Орусиянын Тольятти шаарындагы Техникалык колледжге тапшырдым. Биздин студенттик күндөр СССР урап, социализмдин күнү бүтүп бараткан учурга туш келди. Ошол кездерде Орусияда демонстрациялар өтүп, эл демократияны, эркиндикти талап кыла баштады. Атам «аман-эсен Кыргызстанга келип кал» деп чакыртып алды. Кайрадан Ош технологиялык университетине, ошол эле адистикке тапшырып, диплом алдым. Балалык кыялым орундалганы менен, бир күн да жол кыймылынын инспектору болуп иштеген жокмун.
«АПАМ ДЕПУТАТТАР МУШТАШСА, СЕН АРАЛАШПА ДЕЙТ»
– Атам талапты абдан катуу койгон киши эле. Анын бекем тарбиясы бизди турмушта өз киндигибизди өзүбүз кесип, бышык болгонго үйрөттү. Көрөгөч да болгон экен. Бизге кесип тандоодо азыркы мезгилдин талабын алдын ала сезип багыт бериптир. Үй-бүлөдө эки кыз, алты эркек болсок, баарыбызды жогорку билимдүү кылды. Учурда менден улуу агам Тилеберди Арипов – Лейлек районунун акими, кенже иним Ниязалы Арипов – Ош облусунун казысы, теология илиминин доктору. Башка бир туугандарым өз кесиптери менен иштешет.
Апам болсо абдан мээримдүү, өзгөчө жан. Атам алган 120 сом пенсиясын мага карматып окууга жиберип жатса, апам каткан акчаларын алып чыгып берчү. Учурда ажы болуп, небере-чөбөрөлөрү менен айылда. Кээде Бишкекке алып келсем, бир жумадан кийин Баткенди көздөй жөнөп калат. Айылда өзүнүн чөйрөсү бар да. Кээде телефон чалып «Жогорку Кеңеште мушташып жатасыңар, сен аларга аралашпа, уят» деп энелик насаатын айтып калат.
«БИЗНЕСКЕ АБДАН ЖАШ КЕЛДИМ»
– 90-жылдарда Союз урап, жумушсуздук күчөп турган учурда мезгилдин тамырын кармап кеттим. Завод-фабрика кыйрап жаткан кезде бизнес баштадым. Анда 24 жашта элем. Бара-бара кыш заводдорун куруп, учурда жүздөгөн элди жумуш менен камсыздап жатабыз. Ишиң, максатың түз болсо, эч качан мүдүрүлбөйсүң.
24 жашымда коңшу кызга үйлөндүм. Сыртынан көрүп-билип жүргөн эле Махабат аттуу кыз жан шеригим болду. Учурда үч кыз, бир уулубуз бар. Улуу кызым Юридикалык академияда билим алып жатат, уулум менен экинчи кызым мектепте. Кичинекейибиз мен депутат болуп шайланган жылы төрөлдү.
Негизи, чоң саясатка достор менен мелдеше кетип келип калдым. 2007-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоо башталганы жатыптыр. Мен талапкерлигимди койсомбу десем, досторум «сен өтпөйсүң» дешти. Алар менен мелдешип, шайлоодон жеңип чыгып саясатка келдим. Кийин ФОМСтун (Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун) Ош шаардык башкармалыгын жетектедим. 2010-жылы парламенттик шайлоого даярдыктар башталганда мен да Жогорку Кеңешке депутат болушум керек деген максат койдум. Ким менен болсо да парламентке барышым керек эле.
Анан алгач Коммунисттер партиясы менен сүйлөштүм, кийин «Бүтүн Кыргызстан» менен келсемби дедим. Анан ошол күндөрү «Республика» партиясынын жетекчилиги менен жолугуп калып, ушул партия менен шайлоого барууга бел байладым. Буйрук экен, үч жыл мурун жети уктасам түшүмө кирбеген жерге аракетим менен келип калдым. Жашмын, кырктын кырын эми аштым. Саясаттан азырынча кетпейм го. Элиме кызмат кылып, салымымды салууга мүмкүнчүлүгүм жетишинче жан үрөйм. Келечекте ушул эле партия менен кийинки шайлоого аттанам.
Назарали мырзадан саясий ишмердүүлүгү боюнча да айрым суроолорубузга жооп алдык.
– Саясатка аралашууну «байлык топтоо үчүн же байлыгын коргоо үчүн келди» деп мүнөздөшөт. Сиздин көздөгөнүңүз эмне болду?
– Мен мандатка ээ болгондо бизнесимдин баарын бир туугандарыма, инилериме өткөрүп бердим. Азыркы күндө президент баш болуп коррупция менен күрөшүүгө катуу киришип отурат. Эгер бизнесиңде жаап- жашыра турган кемчилигиң болсо, аны мандат сактап кала албайт.
– Оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүнө коюлган чекти алып салуу боюнча мыйзамга каршы добуш бердиңиз, эмне үчүн?
– Мен жумушка 27-январда чыктым, ал мыйзам добушка коюлганда жок элем. Ооруканада болчумун. Жанымдагы депутатка ишеним билдирип кеткем. Ал «макул» десе да, «каршы» десе да мен ыраазымын. Бул мыйзам керек, бирок аны улам пиарлай берүүнүн кажети жок. Аталган мыйзам депутаттарды бири-бирине каршы көрсөтүп жаткандай туюлат. Анткени коомчулукта «бул коррупцияга каршы экен, бул паракорду колдойт экен» дегендей пикирди жаратууда.
– Министрлер кабинети «Кумтөр» боюнча 50х50 пайыздык үстөк менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча буга чейин сунуш кылган долбоорун кайра алып келүү ниетинде. Сиздердин фракциянын позициясы кандай болот?
– Фракциянын чечими жакынкы күндөрдө айтылат. Биз өкмөткө 67 пайызга көтөрүү талабын койгонбуз. Кечээ жакында өкмөт башчы «фракцияда «Кумтөр» боюнча биздин долбоорду карап койбойсуңарбы» дейт. Анан «эмнени карайбыз, эгер сиздер 60 пайызга көтөрдүк, жок эле дегенде 51 пайызга макулдашып келдик десеңиздер да, балким, карамакпыз» дедим. Алар бир пайыз акцияга көтөрө албагандан кийин аны фракциянын жыйынына коюунун да зарылчылыгы жок, анткени мурда караганбыз, талкуулаганбыз.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg