Сайкал Садыбакасова: «ИНИМ МЕНИ 20 КИЛОГРАММГА АРЫКТАТТЫ»

Учурда жаштардын көңүлүн буруп турган ырчылардын тобун Сайкал Садыбакасова да толуктайт. Кичинесинен “Кыз-Бурак” менен чыгармачылыктын ысык-суугун көрүп өскөн бийкеч азыр өңү-түсү, жагымдуу үнү менен көптөгөн жигиттердин жүрөгүн дүкүлдөтүп турган кези.

– Сайкал, Ошто жашаганың менен, борборго көп келесиң. Сага кайсы шаар өзгөчө жагат?
– Ош – менин киндик каным тамган жер, анын үстүнө кайсы көчөсүндө жүрбөйүн, бардык жерде тааныштарым. Бишкекке караганда мени Оштон көп таанышат. Ал жакта биздин үйдү көбү билишет да. Күйөрмандарым үйгө чейин келишет. Баарынан кызыгы, өткөндө мени менен эле тең бир кыз келиптир. Көчөгө чыксам, мени тааныгандай эле “кандайсың, телефон номурумду жазып алчы. Мен “Кыз-Буракка кошулам” дейт. Апама жолук десем “мени сен эле ырдатып көр, жарабасам үйрөт. Баары бир мени аласыңар” десе катуу таң калдым. Ошто ушундай окуялар көп болот. Ал эми борбордо тааныштарым аз. Шаарды ээн-эркин кыдырсам адашып кетемби деп корком. Кенже апам “тиякка-биякка барып кел” десе, апамдын неберелерин ээрчитип алам. Башкача айтканда, “Кыз-Буракта” мурун ырдаган эжелердин балдарын жардамга чакырам.
– Концертте Гүлшайыр эженин неберелери да ырдайт деп уктум эле...
– Ооба, эки небереси болуп трио ырдайм. Экөөнүн тең музыкалык билими бар. Биз ырдачу эки ырдын тең обону мага таандык.
– Акыркы күндөрү ырла­рың­дын обонун өзүң жаза баштадың. Обон чыгарууга шыктуу экениңди качан байкадың?
– Кичинемде бир ырды ырдап келатып аягын билбей калсам, өзүм кошуп ырдап койчумун. Ошентип жүрүп обон чыгарууга жетиштим.
Алгач чыгарган обондорумду угузсам эле баары “койчу сен” дешип тоготушчу эмес. Азыр ошондогу “койчу сен” дегендер “обон жазып бербейсиңби?!” дей башташты. Бүгүн эртең менен апам “иштей бер. Сенден үмүтүм чоң” деди эле илхам келип, бир обон чыгарып салдым.
Кайрыктар мага көбүнчө машинада баратканда, тамак жеп отурганда, ваннада жатканда келет. Баш-аягы 15 обон жараттым.
– Топтун кичүүсү сен эмессиңби. Башкалар улуулугун салып жумшай беришпейби?
– Азыр мен кичүүсү болбой калгам. Менден кичүү Айзирек деген кыз келген, ошону жумшай башташты, тамаша. Айзирекке тапшырма беришсе коркуп турам. Анткени ал туура эмес жасаса “сен үйрөткөн жоксуң” дешип мени кошо урушушат да. Айзирек келе электе чын эле мени көп жумшашчу. Кээде Кенже апам “сен кемпирдей болуп ордуңдан козголгуча өзүм эле алып келе коём” деп жү­гүрүп кетчү.
– Гүлшайыр эжени “кыздарды катуу урушат” дешет. Сен кызы эмессиңби, туура эмес кылсаң деле унчукпаса керек...
– Бизде андай аёо деген жок. Кыздарды апамдан мурун Кенже апам көбүрөөк көзөмөлдөйт. Кенже апамдын тили ачуу, мурун тилдемек түгүл какыс-кукус да кылып жиберчү. Кенже апамдын бир урушканы бир айга жетет. Сөздөрү кадимкидей мээмде жаңырып жүрө берет. Эсимде, бир жолу ал үйүнө кетип, мени Гүлнара эже карап калды. Гүлнара эжемдин жыйнаган үйүн чачып, тамак ич десе ичпей, кийин десе кийинбей койдум. Анда 5 жашта болсом керек. Укмуш эрке элем да. Бир убакта Гүлнара эжем терезеге барып “оо, Кенже келатат” деп сүйүнүп кетти. Артынан чуркап барып карасам, чын эле келатыптыр. Кенже апамдан коркорумду билдиргим келбей калп эле “Yes, Кенже апам келатат” деп сүйүнүмүш болуп койдум. Ошонумду Гүлнара эже азыркыга чейин айтып “мен байкабай калчудай болуп сүйүнүмүш болуп коёт” деп шылдыңдайт.
– Мен билгенден жарым айдан бери окууга бара элексиң. Кантип жетишесиң?
– Азыр 2-курстамын. Ушунча болуп бир да жолу акча берген да, атымды пайдаланган да жокмун. Апам кичинемден эле «баланчанын кызы» деп көтөрмөлөгөндү жактырбайт. Ишенесизби, апам бир да жолу мектептеги чогулушка катышкан эмес. Дайыма Кенже апам барчу. Гастролго чыгып, окубай калган сабактарымды жанталашып окуп, өз күчүм менен жетишип алам.
– Чет жерге окууга баруу оюңда барбы?
– Курбу кыздарымдын баары юридикалык факультетке тапшырып жатышса, мен дагы юрфакка тапшырганмын. Бирок кийин чыгармачылык менен эле кетсем керек. Ошондуктан чет өлкөгө атайын вокалдан сабак алганы баргым келет. Бул ой апамда да бар.
– Чет элдик жаранга турмушка чыгып, ошол жакта калып калышың мүмкүнбү?
– Иним бар деңизчи, ошентсе да мен кетсем апам жалгыз калып калчудай сезилет. Эч качан чет өлкөлүк адамга турмушка чыкпайм. Бул жерде апамдын жанында жүрө берсем акчанын кандай табыларын, турмуш деген эмне экенин көрбөйм, сезбейм. Менин чет жерге барышымдын негизги себеби билим алуу, анан турмушту өз жон терим менен сезүү.
– Сайкал, сүйлөшкөн жигитиң барбы?
– Мен бир жигитти жактырсам да, сүйлөшүп жүрө албайм. Анткени “Кыз-Бурактын” мыйзамы боюнча кыз 23кө чыкканда анан жигит менен сүйлөшө алат. Менин эркек досторум көп. Бирок жигит катары сүйлөшкөнүм жок. 23кө чыккыча сүйүүгө жолуксам, ал жигитти сыртынан акмалагандан башка аргам жок. Апамдын канча жылдан бери топтогон кадыр-баркына, “Кыз-Бурак” деген атка доо кетиргим келбейт. Чынында, “Кыз-Бурактын” жоопкерчилиги Кенже апама караганда, менде көбүрөөк болушу керек.
– Апаң “турмушка чыгам” десе уруксат бересиңби?
– Мен «Кыз-Бу­рактын» кыздарынын баарын кызганам. Бир жолу тойдо ырдап жатсам, апам бирөө менен вальс бийлеп жүрөт. Кызганганымды билгизип, кабагымды түйсөм деле бийлей берди. Апамды эч кимге бербейм. Өзү деле андай кадамга эч качан барбайт.
– Иниң жөнүндө айтып берсең...
– Иним Эркин түрк лицейинде 2-класста окуйт. Алган баалары жалаң “беш”. Кичинекей болгону менен, аң сезими, ой жүгүртүүсү чоң адамдай. Үйгө киши келсе “келиңиз, төргө өтүңүз. Ден соолугуңуз жакшыбы? Канча балаңыз бар? Аттары ким? Жакшы окушабы?” деп сураганда оозуң ачылат. Экөөбүз аябай жакынбыз. Дасторконго бата кыларда дайыма “эжем арыктап кетсин” деп бата кылат.
– Арыктап эле калыпсың го...
– Мурун 72 килограмм болчумун да. Көчөдөн мага угуза эле “мынча эмне семиз?..” дей беришчү. Апам дагы “кызым, мени уят кылбай арыктачы” дечү. Анан майлуу манты, шишкебек сыяктуу тамактарды, шоколадды такыр жебей, диетага отурдум. Ошентип, азыр 52 килограмм салмакта жүрөм. Диетадан мурун да мени инимдин батасы арыктатты го деп ойлоп жүрөм.
– Маегиңе рахмат.

Сайкал тууралуу...

  • 1992-жылы 10-декабрда төрөлгөн.
  • Оштогу КМЮАнын алдындагы юридикалык колледждин 2-курсунда окуйт.
  • Гастролго чыкпай калса кадимкидей бук болот.
  • Бир жума диета кармаса эле жети килограммга арыктайт.
  • Диета кармабаганда күнүгө үч «Сникерс» жейт.
  • Апасы “кичинекей козум” десе, Сайкал апасын “менин апам го, апам” деп эркелетет.
  • Ачык кийимдерди жактырат.
  • Кыргызстанга гана эмес, чет өлкөгө да таанымал ырчы болгусу келет. Ырчы эле болбостон, комузчу, обончу, аранжировкачы болсом деген да тилеги бар.
  • Тойго барарда топтогу кыздардын баарынын чачын жасап берет.
  • Репертуарында 20 ыры бар.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
chopa_07
2009-10-05 15:26:54
Molodez, iyigilik saga!
0
kgjigit
2009-10-11 11:45:58
ийгилик!!!!!!
0
№ 361, 2-8-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан