Бийчи Атай Өмүрзаков «Мен бийчи» долбоору менен кошо бий студиясын биротоло жапты. Жыл сайын чет өлкөлүк жылдыздарды чакырып, жаш бийчилерди тарбиялап, таланттууларды аныктаган «Мен бийчи» долбоорунун жабылуу себебин Атай мындайча түшүндүрдү: «Аталган долбоор өз максатына жетти. Мындан ары аны улантуунун кажети жок. Анан да бий искусствосу Кыргызстанда абройлуу деп эсептелбейт. Анын үстүнө жазында өзүм түзгөн «Тумар КР» жана «Адэм» бий топтору менен дүйнөлүк турнеге чыгам». Кезинде Атай жараткан бийиктиктер менен ийгиликтерди анын бийчилери да кайталайт деп ишенели.