«Аят» тасмасынан улам таанылган актёр, режиссёр Азамат Арыков 24-январь күнү кырк жылкылуу болду. Дегенибиз, дал ушул күнү актёр кыздуу болуп, учурда кубанычы коюнуна батпай, калпагын көккө ыргытып жүргөн чагы. 3,5 килограмм салмакта төрөлгөн наристеге Фатима деген ысым ыйгарышкан. «Бул ысымды ыйгаруубуздун себеби, Мухаммед пайгамбардын сүйүктүү эрке кызынын аты. Анан да мен тарткан кинодо Фатима деген ыймандуу, акылдуу, сулуу каарман кыз бар. Ошондой болуп чоңойсун деп кызымдын атын Фатима койдук. Ата болуу сезими бир башкача экен, кызымдын жанынан чыкпай эле кечке үйдө жатам»,- дейт кубанган Азамат.