Акындар ырга салып келген эң аруу сезимдердин бири бул – махабат. Жакындап келе жаткан Махабат майрамына карата «Супер-Инфо» гезити менен super.kg порталы сүйүшкөндөр үчүн бул жылы да өзгөчө сынак жарыялайт. Сынактын шарты боюнча, түгөйлөр өздөрүнүн чогуу түшкөн кызыктуу сүрөттөрүн сүйүү баяны менен admin@super.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү шарт. Ошондой эле кеңсебизге алып келишсе да болот. Сүйүү баянда түгөйлөрдүн ортосундагы сезими кантип тутангандыгы, кызыктуу учурлары түшүнүктүү, так тилде жазылышы керек. Ал эми сүрөттөр оригиналдуу гана эмес, сапаттуу да болушу абзел. Байланыш телефонуңузду, аты-жөнүңүздү жазууну унутпаңыз! Сынакка кабыл алуу 7-февраль күндүзгү саат 12:00дө токтотулат. Андан соң сүрөттөр порталыбызга жайгаштырылып, добуш берүүгө коюлат. Албетте, жеңүүчүлөрдү өзгөчө жана күтүүсүз белектер күтмөкчү.