Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы Индостан жарым аралынын Түштүк чыгышындагы Шри-Ланка аралында (Түштүк Азия) жайгашкан. 9 провинция, 25 округдан турат. Эскиче аталышы – Цейлон. Шри-Ланка сөзүнүн бизче мааниси «кут төгүлгөн жер, өлкө» дегенди билдирет. Мына ушул берекеси ашып-ташкан өлкөгө эс алып, саякат куруу максатында «Супер сулуу-2013» сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева жана шоу-бизнес өкүлдөрү Добр, Каныкей, Эрмек Нурбаев, Нурзат Токтосунова 30-январда жөнөп кетишти.
Расмий борбору – Шри-Жаяварденепура-Котте.
Иш жүзүндөгү борбору – Коломбо.
Президенти – Махинда Раджапаксе. Президент 6 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мыйзам чыгаруучу органы – Парламент, бир палаталуу, 225 депутаттан турат.
Аянты – 65 миң 610 чарчы чакырым.
Калкы – 21 миллион 675 миң 648 адам (2013-жыл).
Расмий тилдери – Сингал жана тамил тилдери.
Дини – Буддизм (калктын 70,19 пайызы), индуизм (12,61%), ислам (9, 71%), христиан (7,45%).
Валютасы – Ланка рупийи (1 шри-ланка рупийи болжол менен биздин 40 тыйынга барабар).
БИР ЖЫЛДА 305 ТОННАДАЙ ЧАЙ ӨНДҮРҮЛӨТ
Бул өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө туризм менен бирге өлкөдө өндүрүлүүчү табигый каучук, корица
(татымал), баалуу таштар салым кошот. Шри-Ланкада дүйнөдөгү чайлардын 10 пайызы, башкача айтканда, жылына 305 тоннадай чай өндүрүлөт. Бул жагынан Индия жана Кытайдан кийин 3-орунда турат.
Экспортко текстиль, кийим, чай, татымал, баалуу таштардан алмаз, зымырыт (изумруд), лаал (рубин), ошондой эле кокос, резина, балык чыгарылат.
ОРХИДЕЯНЫН 150 ТҮРҮ БАР
Өлкөнүн климаты жылуу жана нымдуу болгондуктан, өсүмдүктөрдүн 3 миңге жакын түрү бар жана алардын 25 пайызы гүлдөөчүлөргө кирет. Орхидеялардын көз жоосун алган укмуштуудай кооз түрлөрү табияттын көркөмдүгүн арттырып турат.
Жемиштерден манго, банан, папайя, мангостан, рамбутан, маракуйя, авокадо, ананас, саподилла, дуриан бардык жерде өсүп, айрымдары жыл ичинде бир нече ирет түшүм берет.
Ширесинен табигый каучук алынуучу гевея дарактары атайын плантацияларда өстүрүлөт. Анын ширесин алуу үчүн дарактын кабыгын кесип, кесилген жерге идиштерди байлап коюшат. Топтолгон ширелерди иштетүүдөн өткөрүшүп, каучук чыгарышат. Гевея дарагынан бышык жана бекем эмеректер жасалат.
ФЛАМИНГО МЕНЕН ЛЕОПАРДДЫ ДА КӨРӨ АЛАСЫҢ
Канаттуулардын 450 түрү кездешип, алардын ичинде тоту куш, фламинго, тоос, илегилек жана башкалар бар. Жаныбарлардан жапайы каман жана буйвол, чөө, бугу-эликтин түрлөрү, аюу, крокодил, маймыл, пил, таш бака, леопард жана башкаларды көрүүгө болот. 19-кылымда 30 миңден ашык пил бар болсо, учурда 6 миңдейи гана калган.
ЮНЕСКОНУН МАДАНИЙ МУРАСТАР ТИЗМЕСИНЕ 8 ОБЪЕКТИСИ КИРГИЗИЛГЕН
Алар: байыркы тарыхый шаарлар Анурадхапура жана Полоннарува, Сигирия (Арстан аска) аскалуу бөксө тоосу, Синхараджа токой-коругу, Канди ыйык шаары, Галле шаарынын эски тарыхый бөлүгү, Дамбулладагы алтын үңкүр храмы, Борбордук Шри-Ланкадагы тайпак тоо. Аталган жерлер туристтер арасында абдан популярдуу. Шри-Ланкага баруу мүмкүнчүлүгү болуп калса, аталган жерлерден кыя өтпөңүз.
ТУРИСТТЕР БААЛАП КӨРҮҮЧҮ ЖАЙЛАР
Ботаникалык бак. Перадения шаарчасында ушул эле аталыштагы 60 гектар жерди ээлеген падышалык-ботаникалык бак жайгашкан. Түркүн өсүмдүктөрдү, алардын ичинен пальмалардын жана гүлдөрдүн, фикустардын көптөгөн түрлөрүн көрүп, Шри-Ланканы жердин бейишине окшоштурасың.
Пилдер үчүн атайын жай. Кегаль шаарынан түндүк-батыш тарапта жапайы пилдер баш калкалоочу атайын жай Пиннавела бар. Ал 1975-жылы ата-энеси карабай, жунглиге таштап койгон пилдердин балдарын сактап калуу максатында ачылган. 2008-жылы андагы пилдердин саны 84кө жеткен. Аларды 2 маал сууга киринтип, 3 жашка чейинкилерине бөтөлкө менен сүт берип багышат.
Адам чокусу. Далхаузи кыштагынын жанында Адам чокусу аттуу тоо жайгашкан. Аны буддисттер Шири Пада (ыйык из) деп аташат жана анын чокусунда сакталып калган тамандын изин Гаутама Буддага таандык деп эсептешип, сыйынышат. Чокуга чыкчу эң кыска жол 7 чакырымга созулат жана ага 5 саат кетет.
Сигирия (Арстан аска) аскалуу бөксө тоосу. 5-кылымда падыша тоого чеп куруп, айланасын адам оңой менен өтө албагыдай кылып терең аң казып, аны суу менен толтуртуп салган.
Булардан башка барып көрүүчү кооз жана тарыхый жерлер, шаркыратмалар абдан көп. Чай, гевея (каучук дарагы) жана кокос плантацияларына баш багып, сүрөткө түшүп, аларды өстүрүү сырларын сурап билсең болот.
КҮРҮЧТҮ КӨП КОЛДОНУШАТ
Шри-Ланка Индостан жарым аралынан булуң жана кысык менен гана бөлүнүп, ага жакын тургандыктан ашканасы индиялыктардыкына окшош. Тамак-ашка күрүч, балык, эт, деңиз азыктары, жашылча-жемиштер, буурчак көп колдонулат. Көптөгөн тамактарга кокостун майын, кырындысын жана сүтүн, карри татымалын кошушат. Кирибати – кокос сүтүнө бышырылган ак күрүчтү абдан баалашат. Мындан тышкары питу – күрүч унуна кокостун кырындысы жана суу кошулуп жасалган тамак көп колдонулат. Муну бууга бышырышып, дасторконго сунушат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg