«Супер-Инфо» гезити көп жылдан бери «Супер сулуу» сынагын уюштуруп, жеңүүчүнү кыштын чилдесинде ысык тропикалык өлкөлөргө эс алууга жөнөтүп келет. Салтты улай быйылкы жеңүүчү Орункүл Шабралиева Шри-Ланкага сапар алды. Ал эми былтыркы жеңүүчү Гузеля Келдибаева сынак анын жашоосун 180 градуска бурганын баяндап берди.
- Гузеля, айтсаң, «Супер сулуу» сынагынын жеңүүчүсү аталганың сага эмне алып келди. Жемишин көрүп жатасыңбы?
– «Супер сулуу» аталып, Индиянын Гоа штатына барып эс алып келгеним өмүрүмдөгү эң чоң, сөз менен айтып жеткире алгыс кубаныч болду. Буга чейин сулуулук сынактарына катышып эле жүрчүмүн. Бирок жашоодо аябай уялчаак кыз элем. Сынактан кийин өзүмө болгон ишеним күчөп, өтө активдүү болуп кеттим. Моделдик агенттиктерге чакырышты, подиумга чыгып жүрдүм, дос-тааныштарым көбөйдү дегендей. Кыскасы, сынактан кийин жашоом 180 градуска өзгөрдү.
Бир жолу сулуулук салонума бир индус кызы келди. Ал Индияда жашайт экен. Бирок Гоага бир да жолу барбаптыр. «Сулуулар сынагын жеңип алып, Гоага барып келгем» деп мактануу менен гезитти көргөздүм. Ал «азамат, ошол жакта жашап мен Гоаны көрө элекмин, кооз жер деп угам» деп мага суктанды.
– Сенин сулуулук салонунда визажист болуп иштешиңди билебиз. Эмнеге бул кесипти тандап калдың?
– Менин таенем КРнын Эмгек Сиңирген артисти Анара Мадиева. Ал дайыма сахнага чыгар алдында визажистке барып, сулууланганын көрүп кызыга берчүмүн. Бара-бара бул кесипке кызыгып баштадым. Ошентип чоңойгондо дал апамды сулуулаган визажистке барып жазылып, сабак алдым. Айымдар дайым өзүнө каранып, сулуу болуп жүрсө дейм. Бул кесипти тандаганым ошондон.
– Өзүң сулуулук салонун ачып, иштетип баштаган экенсиң...
– Ооба, жакында өзүм мурун визажист болуп иштеген сулуулук салонун ижарага алып иштетип баштадым. Кошумча айдоочулукка окуп жатам. Кыргыз-Орус Славян университетинин психология факультетине тапшырдым. Биздин жумушка бир күндө 20 киши келсе, ар кимисинин кыялы ар башка болот. Алардын тилин таап сүйлөшө да билиш керек. Кол алдымда учурда 10 кызматкер иштейт. Чачтарач, маникюр, педикюр, бетке макияж да кылабыз. Андан сырткары салондо кийим оңдоо кызматы да бар. Бир келген кардар экинчи жолу сөзсүз келет, демек, кызматкерлерибиз өз ишин билет экен деп сүйүнүп калам.
– «Кыздардын душманы – курбулары» деп коюшат. Бул боюнча оюң кандай?
– Мен ушул тема боюнча бир кызык окуяга туш болдум. «Супер сулуу» сынагына даярданып жүргөндө бир кыз менен аябай жакшы сүйлөшүп кеттик. Эки ай бою дефиле, бийге чогуу барып, жолугушуп турчубуз. «Концертте сен кандай көйнөк киесиң, эмне кыласың?» деп сырдашып да калдык. Экөөбүз тең мурун сулуулук сынактарына катышып, бардык жерде орундар алдын ала сатылып кетерин билчүбүз. «Супер сулуу» сынагында деле орундар сатылып кеткен болуш керек деген элек. Анан эле сынакта жеңүүчү деп менин атымды атап калбаспы. Ошондо баягы мени менен чогуу жүргөн кыз куттуктап койгонго жараган жок. Аябай таң калдым. Бирок кыздардын ортосунда чанда болсо да достук болот дегенге ишенем.
Гузелянын эжеси ЖАМАЛДЫ да кепке тартып, сиңдиси тууралуу кызыктарды билдик:
– Жамал, сиңдиңдин сырларын ачып бербейсиңби бизге...
– Биз үч бир тууганбыз. Мен улуусумун, менден кийин Гузеля, анан Бакай деген инибиз бар. Гузеля кичинесинде аябай таттууну жакшы көрчү. Бир жолу экөөбүз дүкөнгө барып калдык. Ал жактан кошуна байке үйдөгүлөрдүн баарына балмуздак алып берген эле. Үйгө алып келсек апам (ред. таенеси) уктап жатыптыр, ойготпой аныкын муздаткычка салып, калганын жеп алдык. Апам кийин ойгонгондо балмуздагын берейин десек кагазы эле турат. Жакшылап карасак, жанына «кечирип коюңуздар, өзүмдү кармай албай калдым» деп кагазга жазып коюптур Гузеля. Ушундай күлкүлүү кыз болчу.
– Гузеля сынакка катышканда жеңет деген ишеним бар беле?
– Негизи, «Супер сулуу» сынагына кастингге апам экөөбүздү тең алып келген. Бирок Гузеля мага караганда мындай сынактарга көп катышкан, мүмкүнчүлүгү көбүрөөк, каалоосу да күч эле. Ошондуктан ага жол бошотуп бергем.
– «Жигиттер менден сүрдөшөт» дейт Гузеля. Чын эле ошондойбу?
– Ооба, негедир балдар андан коркуп, «сиңдиң бой көтөргөн кыз» деп мага көп айтышат. «Өзүңөр биринчи кадам жасабайсыңарбы? Анан Гузеля жооп берет да» десем, «жанына жологондон да коркобуз» дей беришет.
– Атын ким тандаган эле, өзгөчө го...
– Гузеля төрөлгөндө атам Жамиля, апам Гузеля деген ысымдарды тандашкан экен. Бирок ЗАГСка барып туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө атам Жамиля деп жаздырып коюптур. Ага карабай үйдө Гузеля дечүбүз. Документте жазылып калгандыктан, мектептеги журналдарда Келдибаева Жамиля деп жазылчу. 11-классты бүтүп, паспорт алганда кайра Гузеля деп өзгөртүп алды.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg