ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (3-февралдан 9-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Биринин артынан бири пайда болгон маселелер айлаңызды алты кетирет. Канчалык аракет кылсаңыз да, баарын өз ордуна коюуга күчүңүз жетпей кыйналасыз. Айланаңыздагылар менен да тил табыша албай, таарынычтар жаралат. Ал эми апта соңунда баарын таштап, эс алуучу жайды көздөй сапар тартасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Эгер маанилүү чоң ишке киришүүнү көздөп жатсаңыз, шашылбай турганыңыз оң. Пландарыңыз толук иштелбегендиктен же убакыттын тардыгынан оюңуз оңунан чыкпай калышы мүмкүн. Мындан сырткары ден соолугуңуз да кескин начарлап кетүү коркунучу бар. Эс алуу күндөрү катачылык кетирип, жакын адамыңыз менен урушуп кетүүңүз күтүлүүдө.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жашооңуздун нугу башка жакка бурулат. Айрымдар катылып жүргөн талантын ачып, көпчүлүктүн көзүнө илинсе, айрымдар күтүүсүздөн окуянын каарманына айланат. Ал эми күнүмдүк турмушта болуп жаткан иштерге жакшылап баам салып, андан соң кадам шилтебесеңиз, адашып калууңуз ыктымал. Өзгөчө келишим түзүп жаткандардан тактык талап кылынат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Баштаган ишиңиз солгундап, аягына чыкпай кыйнайт. Бирок жакындардын жардамына таянсаңыз, тоскоолдуктарды жеңесиз. Ашык болгон адамына сөз айтууну ойлогондор аны кийинкиге жылдырганы оң. Апта ортосунда эски таанышыңызга кезигүүңүз күтүлүүдө. Ал эми дем алышта үй-бүлөдө пикир келишпестик орун алышы мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башында түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөр жаралат. Бирок оң колдун ачуусун сол кол менен басып, чырдын ырбашына жол бербеңиз. Жумушта активдүүлүгүңүз төмөндөп, алсырап, ишке жарытылуу көңүл бурбайсыз. Андыктан кандайдыр бир чечим кабыл алуу керек болсо, кийинки аптага жылдырганыңыз оң. Апта аягында конокко барасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, ишенимдүү адамдардын колдоосуна ээ болосуз. Бул үчүн сизге тапшырылган иштин майын чыгарып, өзүңүздү көрсөтүүңүз керек. Ал эми акчаны үнөмдүү колдонбосоңуз, каржы жагынан тартыштык пайда болушу ыктымал. Аптанын экинчи жарымында бойдоктор сүйүүсүн жолуктурат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Активдүүлүгүңүздү көрсөтүп, талаштуу суроолорго жооп табасыз. Бул артыкчылыгыңыз айланаңыздагылардын мактоосуна татыйт. Акча жүгүртүү менен алектенгендерге капчыктарын калыңдатууга жакшы шарт түзүлөт. Апта ортосунда алыстан конок келет. Эс алуу күндөрү үйдөгү чарба жумуштары менен алектенесиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта жумуштагылар же үйдөгүлөр менен кайсы бир маселени чечүүдө талаш-тартыштан башталат. Узак сапарга чыгууну пландагандар кийинки аптага жылдырганы туура. Анткени көздөгөн ишиңиз оңунан чыкпай, убара тартасыз. Апта соңунда балээге кабылбайын десеңиз, башкалардын ишине аралашуудан алыс болуңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын биринчи жарымында жашооңуздун багыты жакшы жагына бурулушу күтүлүүдө. Тагдыр сунган белекти колдон чыгарбай кармап калуу сизден көз каранды экенин унутпаңыз. Бейшембиде көптөн күткөн буюмуңузга жетесиз. Жекшембини бекер өткөрбөй, келечектеги пландарыңызды курууга арнаңыз.

 

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Үйдөгү көңүл чөктүргөн маселеге кейип, бир жагынан ден соолугуңуз да калыбында болбой жумуштарыңызга кол шилтейсиз. Бирок жумушка жоопкерчиликтүү болуу кажет. Кайдигерликтин айынан каржылык чыгымга дуушар болуп калышыңыз мүмкүн. Андыктан башты шылкыйтып калбай, белди бекем бууп, алдыга умтулуу зарыл.

 

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бирөөгө берген убадаңызды аткарууга туура келет. Болбосо, кадырыңызга доо кетип, сөзгө каласыз. Апта ичинде бир нече майрамдык кечелердин коногу болосуз. Ага улай чыр чыгып кетиши мүмкүн. Ошондой эле күтүүсүз жолугушуу айрымдардын унутта калган сезимин тутантат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жалкоолукка алдырган таттуу нандан четте калат эмеспи. Эмнени каалап жатканыңызды так аныктап, иштерди өз маалынан кечиктирбей бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Ал эми келечекте ишке ашыруучу идеяларыңызды башкалар илип кетпесин десеңиз, көпчүлүккө жар салбай турганыңыз оң. Аптанын экинчи жарымында иш боюнча сунуштар түшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан