Айрым учурларда атактуулар тарапка моюнубуз кыйшайып собол таштап калабыз. Бул жолу да тамашакөйлүктү төшкө басып, кызыктуу суроолорду атактууларга узаттык.
Сайкал Садыбакасова:«ПАСПОРТТОГУ ШТАМП МЕН ҮЧҮН МААНИЛҮҮ ЭМЕС»
– Жарандык никеде жашагандарга көз карашың кандай?
– Чынында, жарандык никеде жашоо биздин менталитетке туура келбейт. Бирок батыштын таасириби, биздин жаштар ушундай кадамдарга көп барууда. Ар ким өзүнүн көз карашына, турмушка болгон ой жүгүртүүсүнө жараша иш кылат да. Ошондуктан туура же туура эмес деп айта албайм. Кандай болгон күндө да мен үчүн шарият боюнча нике кыйдырып, анан чогуу жашоо маанилүү. Ал эми паспорттогу штамп андан кийинки орунда десем болот.
Токтобек Асаналиев:«БАЛДАРДЫН НИКЕСИЗ ТӨРӨЛГӨНҮНӨ ЧОҢДОР КҮНӨӨЛҮҮ»
– Балдардын никесиз төрөлүшү көбөйүүдө. Сиздин оюңуз?
– Мен мындай жагдайда дароо эле чоңдор күнөөлүү дейм. Анткени ошол эле чачын ак баскан, креслодо манчыркап отургандар мыйзам чыгарымыш болушат. Элге үлгү болгондун ордуна 5-6дан аял алып коюшкан. Аны көргөн жаштар эмнени гана кылышпайт. Жаштардын ар бир экинчиси интернет деген оору менен ооруп калган. Дүйнөлүк желеде эмнени гана көрбөйт, окубайт. Кыргыздын менталитетине туура келбеген иш-аракеттер интернет аркылуу келип жатат да. Дүйнөлүк желеден алыс болгула же таптакыр жолобогула дебейм. Болгону бизге интернеттин берип жаткан жемиштери ушул болууда.
Нурлан Насип:«АЯЛГА КОЛ КӨТӨРҮҮ КАНЫМДА БАР»
– Аялдарга кол көтөргөн эркектер жөнүндө эмне айта аласың?
– Чынын айтайын, аялга кол көтөрүү канымда бар. Айылдагы агаларым, чоң аталарым баары эле аялдарына кол көтөрүшчү. Айрыкча ичип алышканда. Бойдок болгондуктан бирөөгө кол көтөрө элекмин деңизчи. Кийин үйлөнгөндө деле мындай кадамга барбаганга аракет кылам.
Байкашымча, шаардыктар романтик келишет. Алар, тескерисинче, аялдарына белек берип, жылуу сөзүн көп арнашат. Аялын сабагандар айылдыктар го дейм. Өзүм деле айылдын баласымын, бирок ушул нерсени моюнга алам.
Азамат Болгонбаев:«ТӨКМӨ АКЫНДАР КАМДУУ ЖҮРҮШӨТ»
– Жаттап алып ырдаган төкмөлөргө кандай карайсыз?
– Негизи бул маселе жаттап ырдоо, анан төгүп ырдоо деп каралбайт. Илгертен эле акындар бардык нерсеге камдуу жүрүшкөн да, ошондуктан көрүнүштү дароо ырга салышкан. Азыркы төкмө акындар деле жаттабайт, болгону камдуу жүрүшөт деп айткым келет.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg