КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов, салтка айланып калгандай, өздүк майрамын быйыл жакын адамдарынын курчоосунда өткөрдү. Ырчы мырзанын туулган күн белгилөөдөгү артыкчылыгы – жыл сайын бильярд боюнча сынак өткөрөт. Быйыл да бул салт бузулган жок.
Ырыскелди Осмонкулов:
– Туулган күнүңүз менен! Жаш өткөн сайын бул өздүк майрамдын маанилүүлүгү да жогоруласа керек, ээ?
– Рахмат. Албетте, ошондуктан пайдалуу нерсени жагымдуу нерсеге айкалыштырып, ушундай өзгөчө салтты ойлоп тапканбыз. Кызыгы, туулган күнүм жакындаганда досторум өздөрү чалып башташат. Атайын чакыруу деген нерсе жок. 29-январь күнү саат үчтө өзүбүз билип белгиленген жерден жолугабыз.
– Конок катары кимдер дайыма келишет?
– Сөзсүз Гүлнара Тойгонбаева келет. Бүгүн болсо конокторум өзгөчө көп. Алардын арасында Марат Ибраев, Адил Чекилов, ырчы инилерим Ильяз Андаш, Мирбек Атабеков жана башкалар да бар.
– Маанайыңыз кандай?
– Абдан жакшы, буюрса, 2016-жылы бильярд сынагы аралашкан туулган күнүмдүн өткөрүлүп баштаганына 10 жыл болот. Ошондо аябай өзгөчө кылып белгилейм.
Ырыскелди Осмонкуловдун жубайы ГҮЛЗАНА ЭРКИНБЕКОВАНЫ да кепке тарттык:
– Саламатсызбы? Туулган күн өткөрүү салтыңар өзгөчө экен...
– Саламатчылык, ооба, өзгөчө Ырыстын достору мындай сынак аралашкан туулган күн өткөрүүгө көнүп калышкан. Быйыл мындай кече 8-жолу өткөрүлүүдө.
– Окурмандарыбызга сиз тууралуу да билүү кызык болсо керек. Кантип таанышып, баш кошуп калдыңыздар, айта кетсеңиз?
– Экөөбүздүн таанышканыбызга 6 жыл болду. Кокустан шаардагы кафелердин биринен таанышканбыз. 2 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп, анан «качанкыга чейин ушинтип жүрөбүз, кел үйлөнөлү?» деп сунуш киргизген соң чогуу түтүн булата баштадык. Азыр 1 уул, 1 кыздын ата-энесибиз.
– Жолдошуңуздун өздүк майрамына эмне белек бердиңиз?
– Биздин табышканыбыз өзү чоң белек. Негизи эле «Ырыс, жаным, сүйгөнүм, бүгүн ушундай улуу күндө жаныңда болгонума чексиз бактылуумун. Сени сүйөм, бактылуу бол мени менен» (күлүп) дегенимдин өзү эле кайталангыс белек да.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg