АТАКТУУЛАРДАН КАЙНАТА, КАЙНЕНЕ КҮТКҮҢҮЗ КЕЛСЕ...

Кечээ эле мотурайган балакайлар бүгүн минтип бой жетип, алды кыз, жигит болгонго жарап калыптыр. Бул жолу атактуулардын уул-кыздарын сиздерге тааныштырып коюуну чечтик.

Асел Турдалиеванын кызы Бегайым:«АПАМ ЫРЧЫ БОЛУШУМДУ КААЛАБАЙТ»

Толук аты-жөнү – Өмүрканова Бегайым Сабырбековна
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 24-июль
Хоббиси – Музыка угуу, бийлөө, китеп окуу
Учурда – Кыргыз-Түрк «Айчүрөк» кыздар лицейинде окуйт
Үй-бүлөдө – Жалгыз кыз

Асел Турдалиеванын кызын ырчы эжебиздин клиптеринен көрүп калчу элек. Биз билген кичинекей Бегайым азыр 10-класстын окуучусу. Созулган кыз өзү окуган лицейдин президентинин милдетин аткарат.
Апасынын эркеси бир жылдары сахнага чыгып ырдап да жүргөн, бирок ырчылыкты алып кете албады окшойт. Көрсө, кызынын ырчы болушун Асел эжебиз анчейин колдобой коюптур. Учурда билим алуунун үстүндө жүргөн Бегайым «Азыр деле ырдагым келет, бирок апам ырчы болушумду каалабайт. Анан өзүм да ойлонуп, элчи болууну чечтим. Ал үчүн чет тилдерин үйрөнүп жаткан учурум» дейт. Жеке жашоосун сурасак, «азыр мага жигит жандаганга эрте, кат жазып сүйүүсүн билдирген балдар бар, аларды апам деле билет» деди. Демек, Асел айымга күйөө бала болууну көздөгөн жигит бул жагдайды эске алганы оң го...
Бегайым кемчилиги катары унутчаактыгын айтат: «Апам таштандыны төгүп койчу деп же дагы бир башка жумушту дайындап кетсе, эстен чыгарып коём. Бул нерсе башымда көп маалыматтар аралашып калганына байланыштуу болуш керек». Көрдүңүзбү, эгер дароо өзгөчөлөнбөсөңүз, Бегайымдын башындагы «көп маалыматтардын» арасында калып калышыңыз да мүмкүн. Кана анда, Бегайым чоңойсун деп күтүп турабызбы же азыртадан аракетти баштайбызбы?..

Назым Мендебаировдун уулу Аскат:«АТАМ БИЗГЕ ДОСТОЙ ЭЛЕ МАМИЛЕ КЫЛАТ»

Толук аты-жөнү – Кенжекулов Аскат Назымович
Туулган жери – Нарын шаары
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 5-октябрь
Хоббиси – Футбол жана баскетбол ойноо, музыка угуу
Учурда – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окуйт
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу

Көптөгөн тасмалардын көркүн ачкан театр жана кино актёру Назым Мендебаировдун 18 жаштагы Аскат аттуу уулу бар. Өспүрүм кыздардын кыялындагы жигит, каш десе каш, бой десе бой, өң десе өң, айтор, баралына келсе далай кызды артынан чуркатып ыйлатчудай. Андыктан эртерээк жүрөгүнө жол тапканга камыныңыз.
Актёр байкебиздин уулу «Москванын сүйүүсү» деген тасмада роль жараткан, «Тамашоунун» «УКГ №5» командасынын экс-оюнчусу, абдан шайыр жигит. Таарынсаңыз карегиңиз менен тең айланып жүрүп эле таарынычыңызды жазып коёт. Кыздарга койгон талабы да өтө катаал эмес. Кадимки селкилерге таандык жөнөкөйлүк сапат болсо жетиштүү. Баса, кыздар, Аскат саксофондо мыкты ойнойт. Музыкага жакын адамдар сезимтал келишет эмеспи, андыктан жашооңузда романтика жетишпей жатса, терезеңиздин түбүнө барып саксофондо ойноп бериши да мүмкүн.
Аскат таланттуу атасы тууралуу: «Атам аябай жоош адам. Көп урушпайт. Биз менен чогуу отуруп кино көрөт, бирге ырдайбыз, бийлейбиз, компьютер оюнун, футбол, баскетбол ойнойбуз, бири-бирибизге достой эле мамиле жасайбыз»,- дейт. Назым Мендебаировдой кайнатаңыз болсо жаманбы, кайненеңиз менен тил табыша албай жатсаңыз, кайнатаңызга шыбырап коёсуз, калганын өзү бүтүрөт.

Cайра Момунбаеванын кызы Акбермет:«СҮЙҮКТҮҮМ АПАМДАЙ ЭРКЕЛЕТИШИ КЕРЕК»

Толук аты-жөнү – Акбермет Азат кызы
Туулган жери – Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 4-апрель
Хоббиси – Бийлөө
Учурда – Кыргыз-Кытай институтунда 3-курста окуйт
Үй-бүлөдө – Жалгыз кыз

Ырчы, актриса Сайра Момунбаеванын Акбермет аттуу жалгыз кызы бар. Акбермет учурда 20 жашта. Бий менен кичинесинен бери алектенет. 8 жылдай «Аяр» элдик бий тобунда, 3 жыл «We`ll be» бий студиясында бийлеген. Мындан сырткары жаш моделдерди тарбиялайт.
«Азырынча жигиттерге кызыгуу жок, апам үчүн дале кичинекей кызмын» дейт ал. Ананчы, апасы бооруна кысып «берекем, Кудай берген кубатым» деп эркелетип жатса. Акберметти сүйүктүүсү апасынан кем калышпай эркелетиши керек, антпесе сиздин сүйүүңүздөн күмөн санап калышы мүмкүн. Мырзалардын эсине, чебер эжебиздин кызына адамгерчиликтүү, жөнөкөй жигиттер жагат. Анан да жүрөгүңүзгө барчу жолду оңой эле табат, анткени палоо, ганфан, дымдама деген тамактарды катыра жасайт экен.
Кемчилиги – бир аз жалкоо, апасынан «ушул сапатыңды оңдо» деген эскертүүнү көп угат. Айымдардын ачуусу бат келет эмеспи, Акберметтин жини оңой менен келбейт, абдан сабырдуу. Калган жакшы жагын ашыра мактап, жаман жагын жашыруу сиздин колуңузда, урматтуу мырза.

Кубик Калыковдун уулу Улан:«СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫМДЫ АПАМ ЭЛЕ БИЛЕТ»

Толук аты-жөнү – Калыков Улан Кубанычбекович
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата шаары
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 20-сентябрь
Хоббиси – Музыка угуу, кино көрүү
Учурда – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда 2-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу

Сакадай бою сары алтын куудул агабыз Кубик Калыковдун 19 жаштагы уулу бар. Атасына сүйлөө манерасына чейин окшош. Учурда режиссёрлук кесипке окуп жаткан чагы. «Салам, Бишкек!», «Баары бир звезда болом» деген комедияларда роль жараткан. Окуудан тышкары кафеде музыкант болуп иштейт. Атасы куудул эмеспи, Уландын да тамашакөйлүк жайы бар, кокус одоно тамаша айтып алса, капа болгондун ордуна түшүнгөнгө аракет кылыңыз.
Улан чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгон жигит, атасы куудул, эжеси ырчы, өзү келечектеги режиссёр, бирок үйдө апасы менен көп сырдашат. Сүйлөшкөн кыздары менен баскан-турганын төкпөй-чачпай апасына айта берчү сапаты бар. Андыктан эртелеп кайненеңизге «подход» түзө бериңиз. Айтмакчы, Улан «сүйүү жашка карабайт» деген кепке ишенет, анткени учурда сүйлөшкөн кызы өзүнөн бир жаш улуу жана аны апасы эле билет. Кыскасы, «жүрөгү бош эмес экен» деп коркуп калбай, «аракетке берекет» деген тайманбас, өрт кыздар, чамдагыла!

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Атактуулардын бойго жеткен балдары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
nur_kg94
2014-02-03 21:29:59
aaa мыкты жигитер
+3
wolf_95
2014-02-04 17:13:42
Аттин Маликага да суроо салбаптырсыздар да!
+1
piter93
2014-02-06 18:33:26
wolf_95, маликаны бут кыргыз ели тааныйт кимдин кызы екенин а буларды тааныбайт ошол учун буларды еле чыгарыгыптыр. Тооба ерсиз катынсыз калып кала тургансып реклама кылып куда кудагый издей башташыптырго атактуулар
+3
Kanimika
2014-02-05 01:36:55
Сайра эженин кызы жакшынакай экен.



0
hakker_a
2014-02-05 02:25:19
Асел Турдалиеванын кызы ото сулуууго мага жакты. Негизи Бегайымды бир караганда сулуулугу билинбейт го. Аны карап турсан сулуулугу ого бетер ачылат го. Эх чиркин сени суйом го Бегайым.
+1
KELDIBEK92
2014-02-05 03:13:04
maga asel ejenin kyzy jakty,ona takaya bultuwka,a mne nravitsya bultuwki,kantip taanywsak bolot boldu eken???
0
Beka95
2014-02-05 11:13:41
Кубик Байкенин уулу Кочкор Атадан болсо кайсы школдо окуган экен интересно????????????????
0
Positive
2014-02-07 01:31:14
Asel ejenin kyzy 4onoiup kalyptyrgo takaya milawka i serezna9 uwunan jazba Begimaika
-1
Bars-13
2014-02-07 02:13:12
Асель Турлалиеванын кызы жакшынакай экен.
+1
Bars-13
2014-02-07 02:22:10
Турдалиева
-2
aiza1979
2014-02-08 20:21:45
Asel ejenin kyzyna yigilik
-1
Beko87
2014-02-09 00:20:19
Кубик акенин баласы Улан.апана сырынды айтканын жакшыгоо бирок 100%айтып салба.)))
-1
edikshergaziev
2014-02-22 00:04:53
Бегайым татына кыз экен. Бактылуу бол,балалыктын алтын доорун текке откорбо. Ийгилик окууларына!
0
Aiym01011
2014-02-28 04:05:16
молодцы!
0
ANGEL_
2014-03-07 17:32:26
Улан "Салам Бишкек" тасмасында ким болуп аткарган эле?
0
you
2014-06-01 01:21:18
Mmm
0
№ 587, 31-январь-06-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан