«АСКЕР КЫЗМАТЫН ЧОГУУ ӨТӨГӨН ДОСТОРУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Мен 2011-2012-жылдары №73809-Кой-Таш аскер бөлүгүнүн 2-ГСБ ротасында бирге кызмат өтөгөн досторум Нургаипжан уулу Эламанды жана Хайтмамат уулу Майсалды издейм. Достор, эгерде окуп калсаңар байланышып койгула.
Чүйдөн досуңар Кабыл уулу Нурсултан,
0707 86-40-78
«ГРУППАЛАШТАР, КАЙДАСЫҢАР?»
– Мен Ислам университетинде 2001-2005-жылдар аралыгында чогуу окуган группалаштарым Жамила, Турсунай, Парвина, Гүлзат эже, Майрам эже, Гүлшан эжелерди издейм. Учурда турмуш шартыма байланыштуу алыскы Орусиянын Камчатка шаарында турам.
Группалашыңар Махабат Кожоярова
+7924-782-53-70
«АЗАМАТ, СЕНИ КҮТӨМ»
– Өзгөндүн Баш-Булак айылынын тургуну, 1987-жылкы Азамат аттуу жигитти издеп жүрөм. Сени эки жылдан бери издейм, окуп калсаң мага чалып койчу, күтөм.
Сени сүйгөн Бааргүл,
89251725407, baarghul88@mail.ru
«ТАЯКЕЛЕРИМДИ ИЗДЕЙМ»
– Биз Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылында турабыз. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылында жашаган таяке, таежелерибиз Назгүл жана Дамирбек Иманалиевдерден 2006-жылдан бери такыр кабар ала албай келебиз. Окуп калсаңыздар кабарлашып коюңуздар, сиздерди жээниңер издейт.
Сагынбай Жороев,
0778 02-25-26
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 47-43-43