КОМПОТ – ВИТАМИНДЕР ТОПТОМУ

Алма, алмурут, өрүк, жүзүм, шабдалы... Буларды көз алдыңа элестетсең, заматта табит ачылып, жегиң келип кетет. Эх, сыртта күз мезгили болсочу! Мөмө-жемиштен как кургатып алдыңыз беле? Анда компот жасай коёлу.

КУРГАТЫЛГАН МӨМӨ КАСИЕТИ
Алма.
Көздүн көрүүсүн жакшыртып, тери ооруларынан сактайт. Нервди тынчтандырып, канды тазалайт жана кан тамырды бекемдейт.

Алмурут. Ич өткөккө каршы каражат. Ичегинин иштөөсүн жакшыртып, уулуу заттарды айдап чыгат.

Өрүк. Кальцийдин организмге сиңүүсүн шарттайт. Андан тышкары рактын алдын алат.

Кара өрүк. Ич каткан учурда сунушталат. В тобундагы витаминдерге бай.

Курма. Организмге энергия тартуулайт. Иммунитетти жогорулатып, суук тийгенге каршы сунушталат.

Мейиз. Темирге бай, жүрөк, кан тамыр ооруларынан жана анемиядан жабыркагандарга сунушталат.

КОМПОТ ЖАСООНУН ТАРТИБИ:

ТҮРЛӨП ЖАСАП ИЧИҢИЗ!
Сасык тумоого каршы.
Суу – 2 литр
Ит мурун – 300 грамм
Курма – 200 грамм
Лимон – 2 тилим
Кумшекер – 100 грамм

Суусундук катары
Суу – 1,5-2 литр
Алма – 200 грамм
Алмурут – 150 грамм
Кара өрүк – 100 грамм
Мейиз – 50 грамм
Лимон (же лимон кислотасы) – 1 тилим (1 чай кашык)

ДАРЫГЕРДИН КЕҢЕШИ
«Ден соолук жана сулуулук» клиникасынын башкы косметологу, врач - дерматолог АЙНУРА САГЫНБАЕВА:
– Компотту «витаминдер кутусу» деп койсок болот. Ал эми кышында байкалуучу авитаминоз (витаминдердин жетишсиздиги) организмди алсыз кылып, анын ар кандай инфекция, вирустарга туруштук бере албай калышын шарттайт. Бул учурда тери да сөзсүз жабыркайт. Ал өңүн өзгөртүп же сырткы катмары туурулуп, тактар түшө баштайт. Андан тышкары чач түшүп, тырмак сынышы да ыктымал. Мындай жагдайга кабылбаш үчүн витаминдүү жана колдо бар компотту ичип туруу сунушталат. Анын дагы бир пайдасы–табигый антиоксидант болгондугунда. Башкача айтканда, терини жана жалпы организмди жаш бойдон сактап туруучу заттарга бай. Ал эми кумшекер кошулбаган компот ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Ичегилерди тазалап, зат алмашууну жакшыртат.


Эскертүү! Кант диабети менен жабыркагандар таттуу, ал эми гастрити барлар кычкыл компоттон баш тартуусу зарыл
.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aitowa11
2014-02-10 13:24:28
Ваув компот ичким келип кетти.
0
4alma77
2014-02-10 14:07:05
Айнура Сагынбаева менин Чалмалык классташым окшойсун,саламым менен мен.
0
ayaza
2014-02-10 19:46:08
Мага ушул кенкеш керек болуп жатты эле,эртен эле балдарыма компот жасап берем.
0
tynara81
2014-02-11 11:38:45
Как эмес, жайында, күзүндө бышкан мөмө-жемиштердин өзүнөн жасалып, банкага жабылып кышка сакталган компоттор да пайдалуубу же кактан жасалганынын пайдасы көбүрөөкпү??
0
nura74
2014-02-26 14:51:36
Албетте как болуп кургатылган момонун пайдасы кобуроок.
0
arzigul89
2014-07-25 16:36:24
кара орук дегени эмненин кагы,билгендер айтып койунуздарчы
0
jazik.87
2014-08-30 14:46:45
arzigul89,кара орук- чернослива
0
jazik.87
2014-08-30 14:48:55
Мен кышы менен компот кайнатып чыгам,жолдошум да,кыздарым да компот деп турушат.Баарын аралаштырып кайнатып 4-5саат тындырып койсо соонун болот.
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан