Өз жеринде атактуу болуу кыйын, чет жерде өз кызматы менен көзгө илинүү андан да кыйын эмеспи. Орусиянын атактуу «ХБ», «Универ. Жаңы жатакана» («Универ. Новая общага»), «Интерндер» («Интерны»), сыяктуу сериалдарынын артында эмгектенген эки кыргыз уулу жөнүндө угуп, алар менен байланыштык.
Маектешим ЭМИЛ РАЕВ 26 жашта. 5 жылдан бери Орусиянын «ТНТ» телеканалында оператордун жардамчысы катары эмгектенет.
– Эмил, алгачкы жолу Москвага келгениңизди эстей кетсеңиз...
– Айылдан 2008-жылы эл катары Москвага кара жумушчу болуп иштөө үчүн келгем. Мындай атактуу телеканалдардын биринде орус жылдыздары менен кол алышып иштеп калам деген нерсе он уктасам түшүмө кирген эмес.
– Кызык, анда мындай жумушка кантип орноштуңуз?
–Туруктуу жумушум жок бир топ кыйналдым. Бир күндүк жумуштарды аткарып ар жерде иштеп жүрүп, кокустан 2009-жылы «Универ. Жаңы жатакана» сериалынын бир сериясы көчөдө тартылып, бир күнгө камера ташуучу болуп орноштум. Жумуш бүткөндө сериалдын директору келип «Туруктуу жумушуң барбы?» деп сурады. «Жок» десем, «Сен аракетчил экенсиң. Бизге сендейлер керек. Ушул жерде иштебейсиңби» дебеспи. Ошентип иштеп калдым.
– Атактуулар менен иштешесиңер да, силерге жасаган мамилеси кандай?
– Көңүлүмдү жылытканы, бизди адаттагыдай «чёрныйлар» деп бөлүшпөйт. Иштешкен актёр, актрисалар жөнөкөйлүгү менен жагат.
– Кыргызстандын тасмаларын көргөндөрү барбы арасында?
– «Универдин» режиссёру биздин «Общага» деген сериалды көрүптүр. Анан мени чакырып кемчиликтерин көрсөттү. Ошондо мекенибизге барып, жакшы киностудия ачсак деген ой пайда болду. Буюрса, 2015-жылы келишим бүтсө мекенибизге кайтып, ойлогон ойлорубузду ишке ашырабыз деген ниет бар.
– Айлык маянаңыз канча?
– Иш күнүбүз 12 саатка созулат. Андагы тартылуу иштери үчүн 3500 рубль алабыз, андан ашык болуп кетсе, ар бир саатына 500 рублдан төлөшөт.
Тапкан акчабыздын баарын айылга салып, туугандарыбыздын жашоо шартын оңдоого көмөктөшүп жатабыз. Бирок биздин айлык маянабыз актёрлордукуна салыштырмалуу күлкүлүү эле болуп калат.
Экинчи маектешим МИРБЕК НАМАЗБЕКОВ да 26 жашта. Ал 2010-жылдан тартып ошол эле телеканалда сүрөтчүнүн жардамчысы катары эмгектенип келет.
– Мирбек, эми сиздин Орусияга болгон сапарыңыз тууралуу билгим келип турат...
– Мен Москвага 2008-жылы келдим. Бөлөм «Домодедово» аэропортунан тосуп алмак. Барсам эч ким жок. Бөлөмө чалсам «мына, күтүп турам» дейт. Кайра издейм, жок. Бир маалда карасам, «Шереметьево» аэропортунда жүрүпмүн.
Бөлөмдү ээрчип батирге бардым. «Жакшы, аз экенбиз» деп сүйүнүп жүргөм. Кечинде эле адамдар келип жатат, келип жатат, басарга жер калбады. Ошондо үйдүн ээси «капталыңардан жаткыла, көбүрөөк батасыңар» дегени эсимде.
– Дароо эле кыялыңыздагы жумушка орношпосоңуз керек?..
– Ооба, алгач куруучу болуп иштегем, 3 айдан соң акчабызды бербей айдап жиберишти. Анан магазинде сатуучу болдум, анда Эмил досум «ТНТда» эмгектенчү. Бошогондо ага барып кара жумушчу боло калам. Ошентип жүрүп көтөрүлүп, азыр сүрөтчүнүн жардамчысымын. Сериалдардагы декорацияларга жооптуумун. Түнкү клуб жасайбыз, спорт зал, сулуулук салону, кыскасы, окуя кайсы жерде тартылыш керек болсо, павильонду ошондой кылып жасайбыз.
– Тасма тартуу учурунда кызыктуу окуялар болсо керек?..
– Албетте, бир жолу сценарий боюнча сериалдагы Кузя (Виталий Гогунский) диванды көтөрүп бир нерсе издеш керек эле. Анан ошол кадрды тартып жатсак, кошуна бөлмөдө уктап жаткан оператор ойгонуп, актёрго «Эмне жалгыз көтөрүп жатасың?» деп жардамдашып кирсе болобу. Баарыбыздын боорубузду эзген ошондо. Мындай тамашалуу учурлар күндө болуп турат.
– Жумушуңуздун пайдасы тийдиби?
– Албетте, көп атактуу адамдардын чөйрөсүнө аралаштым. Дүйнө таануум өзгөчө өзгөрдү. Үйлөндүм-жайландым.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg