БИРИНЧИ ЖОЛУ! БЕЛЕКТЕР – БИШКЕК ШААРЫНАН БАТИР ЖАНА ДУБАЙГА ЖОЛДОМО!

«ФинансКредитБанк» мезгил сыноосунан ийгиликтүү өттү. Кыргызстандын банк системасында кынтыксыз 8 жыл иштеген бул банк эл ишенимине кире алды. Туруктуу кардарлар өзүнүн банкын бир гана ишеними үчүн эмес, заманбап банктык продуктылары жана ыңгайлуу кызматтары үчүн жактырышат. «ФинансКредитБанк» акыркы 5 жыл аралыгында өткөргөн байгелүү акциялар да анын визиттик карточкасы болуп калды десек болот. Жыйынтык чыгаруу баналдуу формалдуулук гана эмес, банктын бардык кардарлары күткөн чыныгы майрам болуп баратат.
Жыл бою өткөрүлгөн акча которуу боюнча акциянын башкы жеңүүчүлөрүн сыйлоону да эстен чыгарышкан жок. Банктын Бишкек, Ош жана Аравандагы филиалдарына мындай жагымдуу жаңылыгы менен куттуктоо үчүн жеңүүчүлөрдүн жакындары жана туугандары, ошондой эле акциянын бардык жүрүшүндө ага активдүү катышкандар, ай арасындагы акчалай сыйлыкка ээ болгон жеңүүчүлөр жана жаңы кардарлар келишти. Бул күнү акциянын башкы байгеси – акчалай сыйлыктарды тапшырышты.
«ФинансКредитБанк» бир нече жылдан бери өзүнүн туруктуу партнёрлору менен тыгыз иштеп келатат. Банктын камкордугун ар кандай акциялардын катышуучулары болгон кардарлардан сырткары согуштун ардагерлери, пенсионерлери да сезип, банктын кызматкерлеринин көңүл сыртында калбасын билишет. Бизнес чөйрөсүндө мындай иш-чаралардын баары «компанияга кардарлардын ишеним артуусунун жогорулаганы» деп айтылат. «ФинансКредитБанктын» жетекчилиги коммерциялык кызматташтыкты негизги орунга койбойт.
«Социалдык жоопкерчилик» деген түшүнүк банктын жетекчилигинин жумушундагы артыкчылыктарынын бири.
Банк быйылкы жылга да кардарлары үчүн которуулар боюнча 2 акцияны өткөрүүнү пландады. Ал которуунун бардык системалары боюнча (алардын саны банкта 14тү түзөт) жана өзүнчө «Юнистрим» системасы боюнча өтмөкчү. Өткөрүү мөөнөтү 2014-жылдын 1-февралынан 31-декабрына чейин. Шарттары да жөнөкөй: ар бир филиалдан же «ФинансКредитБанктын» аманат кассасынан акча жөнөтүп, же кабыл алып упай топтоо менен эки акциянын биринин жеңүүчүсү болуу. Быйылкы жылдын башкы белектери дайымкыдай уникалдуу! Алардын уникалдуулугу – мындай белектерди Кыргызстандагы банктардын ичинен эч кимиси көрсөтпөгөндүгү! «Юнистрим» системасынын акциясы боюнча – Бишкек шаарынан батир үй жана которуунун бардык системаларынын акциясы боюнча башкы белек – Дубайга эки кишилик жолдомо!
«ФинансКредитБанк» өз кардарларын кубантып, алар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу менен жаңы кызыктуу сунуштарды берүү аркылуу улам жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Мисалы, 1-февралдан тарта банк насыялар боюнча пайыздык ставкаларын ылдыйлатты. «Керектөөчү» насыясын эми жылдык 22 пайыздык ставка менен, ал эми «Бизнес» насыясын жылдык 18 пайыздык ставка менен алууга болот. Ошондой эле банк кардарларына жаңы продукт сунуштайт. Ал жылдык 17 пайыздык ставка менен кыймылсыз мүлк алуу үчүн «Ипотека» насыясы болуп саналат.
Эгер кардар өз капиталын сактагысы келсе же көбөйтүүнү кааласа, «ФинансКредитБанктын» абдан ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланса болот. Мисалы, депозиттерди сактоо, пайыздык үстөккө коюу сыяктуу. Банк ар бир кардардын талабына жооп бере тургандай иштөөгө аракет кылат. Ошондуктан анын жогоруда аталган кызматтарына кардарлар тарабынан талаптар жогорулап жатат. Пайыздык үстөктү көбөйтүү юридикалык жактарга да, жеке жактарга да ылайыкташтырылган.

Көптөгөн адамдарда бүгүнкү күндө «Банк канчалык деңгээлде ишенимдүү?» деген башкы суроо бар. Биз бул тууралуу банктын Башкармачылыгынын төрагасы А.ЖОРОБЕКОВГО байланышып, андан төмөнкүдөй жооп алдык:
– «ФинансКредитБанктын» ишенимдүүлүгү бир гана каржылык көрсөткүчтөрдүн өсүүсү менен камсыздалбайт. Бул жерде өбөлгө түзүүчү башка жагдайлар бар. Алар: филиалдардын жана аманат кассаларынын тармактары, көп сандагы кардардык базасынын болуусу, ыңгайлуу шарттары бар жаңы продуктыларды ишке киргизүү, сапатты жакшыртуу жана тейлөөнүн ылдамдыгы.
Биз ар бир кардарыбыз үчүн кубанычтабыз жана бардык партнёрлорубузга каалоо айтуу менен бирге элибизге тынччылык, аманчылык каалайбыз. Кирип келген 2014-жыл баарыбызга жемиштүү болушуна тилектешпиз.

Бактыгүл Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан