ЧӨӨ – АКЫЛДУУ, КУУ ЖАНА ШАМДАГАЙ ЖАНЫБАР

Акыркы кезде элден «чөөлөр көбөйүп кетти. Көл, саздарды байырлаган өрдөк, ак куу, кыргоол дегендерди кырып салмай болду. Ал тургай кышкысын үйгө чейин келип, улак, каз дегенди жеп кетип жатат» деген сөздөрдү угуп калабыз. Чындап эле Кыргызстанда чөөлөр көбөйүп кеттиби? Алардын жаратылышка жана элге келтирген зыяны кандай? Изилдеп көрөлү.

ДҮЙНӨДӨ ЧӨӨНҮН 4 ТҮРҮ БАР
Чөөлөрдүн дүйнөдө 4 түрү бар: кадимки чөө (Азия чөөсү, Африка карышкыры деп да аталат), жабуулуу чөө (жонундагы жүндөрүнүн көрүнүшүнөн улам жонуна жабуу жаап койгондой көрүнөт), жол-жолдуу чөө, Эфиопия чөөсү. Алар Африка, Азия, Европаны мекендешет. Чөө сыртынан бир караганда түлкүгө да, карышкырга да бир аз окшошуп кетет. Боюнун бийиктиги 45-50 сантиметрге, денесинин узундугу 70-80 сантиметрге, салмагы 7-10 килограммга чейин жетет. 12-14 жыл жашайт.
Көбүнчө үй-бүлөсү же үйүр болуп топтошуп жашайт. Ургаачысы балдарын боюнда 60-63 күн көтөрүп, 4-8ге чейин күчүк тууйт.
Негизинен тарп, андан сырткары суу канаттуулары, суур, коён, түлкү, бака, кескелдирик, коңуз, келемиш менен азыктанышат.
Чөө – акылдуу, куу, чыйрак жана шамдагай жаныбар. Жерден жаңы көтөрүлүп учкан канаттууну секирип кармап алууга жетишет. Капкандарды айланып өтүп, ага оңой менен түшпөйт.

«БИЗГЕ КАЗАКСТАНДАН ЖАНА ӨЗБЕКСТАНДАН ООП КЕЛИШКЕН»
КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору, география илиминин доктору, биология илимдеринин кандидаты ЭМИЛ ШҮКҮРОВ:
– Кыргызстандагы чөөлөр кадимки чөөлөр түрүнө кирет. Биздин өлкөгө 19-кылымдын 80-жылдары түндүк аймактарга Казакстандан, түштүк аймактарга Өзбекстандан ооп келишкен.
Көл жана көлмөлөрдүн, дарыялардын боюндагы камыш калың өскөн саздактуу, бадалдуу жерлерди байырлайт. Бөксө тоолордо да жашайт. Бөрү карагаттын, чычырканактын түбүнө баш калкалайт. Чанда гана ийин казат. Карышкыр буларды жеп койгондуктан бөрүлөр азайган жерде чөөлөрдүн саны өсөт. Кээде айыл четинде жашагандардын козу-улагын, тоок-үндүгүн жеп кеткен учурлар да кездешет. Кечкисин аңга чыгарда бири эле улуп үн салса, калгандары да үн чыгарып туш-туштан чыга келишет. Кутурма, күйдүргү оорусун алып жүрүүчүлөргө киргендиктен аларды кол менен кармоо же үйдө багуу коркунучтуу.

«ЧӨӨЛӨРДҮН АЙЫНАН АК КУУЛАР АЗАЙЫП БАРАТАТ»
Кыргызстандагы Аңчылык департаментинин башкы адиси БААТЫРБЕК АБДРАИМОВ:
– Биздин департаменттин кызматкерлери Кыргызстандагы башка жаныбарлар сыяктуу эле чөөлөрдү да эсептеп, алардын санын жөнгө салып турабыз. Жөнгө салуу дегенди атып, кырып салуу эмес, аларды керектүү сандан ашырбай кармап туруу деп түшүнүү керек. Кийинки 5-6 жылда чөөлөрдүн саны көбөйдү. Учурда өлкө боюнча 3500 чөө бар (2013-жылдын октябрь-декабрындагы санак боюнча). Мисалы, Нарында мындан 5-6 жыл мурун жок болчу, азыр көп. Аталган жаныбар табигый жаратылыш санитары болуп эсептелет. Малдын, жапайы жаныбарлардын тарпын жана алсыз, оорукчандарын жеп пайда келтирет. Бирок ошол эле кезде уясын жерге салуучу канаттуулардын: жапайы каз-өрдөк, ак куу, чил, кыргоолдун кырылып жок болуп баратышына браконьерлер сыяктуу эле себепкер болууда. Алардын жумурткаларын, балапандарын жана өздөрүн жейт. Чөөлөрдүн тамак-ашы кышкысын тартыш болгондуктан, суу канаттуулары негизги тамагы болуп калат. Анын үстүнө суукта саз жана андагы тайыз суулар да тоңуп калгандыктан муз үстү менен өтүп, бадал түптөрүндөгү уяларга жетүү оңой. Учурда 3500 чөө бар дедик, ошолордун миңи эле бир күндө 1 өрдөк же 1 кыргоолдон жегенде 1 күндө 1000 өрдөк же кыргоол жок болуп жатпайбы?! Эгер бир айда 500 ак куу жешсе, анда кышы менен канча ак куу жем болорун эсептей бериңиз. Ысык-Көл аймагындагы ак куулардын кырылып жок болуп баратканы ушундан. Анын үстүнө чөө бат көбөйөт. Бир тууганда эле 4-8 күчүккө чейин тууйт.
Өлкөдөгү 7 облуста биригип 58 аңчылык топ бар. 2013-жылы ошол топтор менен кошо биз болгон мүмкүнчүлүктөрдү жыйнап 272 рейд өткөрүп, республика боюнча 1024 чөө атылган. Мурун өкмөт тарабынан акча бөлүнүп, ал акчалар карышкыр, чөөлөрдү атып келгендерге сыйлык катары берилчү. Бир чөөгө башында 300 сомдон болсо, акырындап 3000 сомго чыккан. Адамдар акча алуу менен жырткычтардын санынын көбөйүшүнө кедерги болуп, бизге жардамчы катары эсептелишчү. Бирок үч жылдан бери андай акча бөлүнбөгөндүктөн элдер да атып келбей калышты.

«АДАМДАРГА, ЧОҢ МАЛДАРГА КОЛ САЛБАЙТ»
Нарын облусундагы аңчылык багытындагы «Эки уул» ЖЧКсынын жетекчиси ОЧОР ТОКТОНАЛИЕВ:
– Чөөлөр түндө аң уулайт. Ачка калышканда 5-6га чейин топтошуп жем издешет. Итче улушат, жаш баладай чурулдашат. Башкы душманы – адам жана карышкыр. Түнкүсүн машина менен кубалап кармап, атуу оңой. Эмне дегенде машинанын жарыгына кез келгенде качып кетпейт, анткени жарыктан коркуп ордунан жылбай туруп калат.
Мурун бир чөөгө 3000 сомдон сыйлык берилип жаткан кезде 1 мергенчи бир сезондо 80 чөө атканын билем. Адамдарга, чоң малдарга кол салат деген болбогон кеп. Кутурганда гана адамдарды тиштеши мүмкүн. Коркунуч болгондо ырылдап, коргонот. Кокус бир нерсе кармап жесе, калдыгын жеп калайын деп чоң жырткычтарды ээрчип алчу куулугу бар. Кээ бир адамдар терисинен бут кийим жасап кийишет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Somalimogadishu
2014-02-10 21:46:21
кобойо беришсин!!!
зыяны андай деле коркунучту эмес экен
+2
mixi_94
2014-02-10 22:30:23
Мен чөө дегенди укканда денем титиреп кетет. Неге экенин билбейм, чөөдөн корком. Коркконум ушунчалык шаарда жүрсөм да итти көрсөм чөө көргөндөй титирейм.
0
Nurik_9597
2014-02-11 01:25:12
Меен жайлоодо чөнүн үнүн укам, адамга 4, 5 андан гөп болсо гана кол салат.
0
sterva
2014-02-11 01:40:29
Кулгонубу же ыйлаганыбы иши кылып кичинекей балдардай болот.Кээде чон эле адам кулуп аткандай
0
zaika_84
2014-02-11 08:17:16
Ачка болсо адамга кол салат,4-5болсо.Жылдан жылга кобоюп баратат.Бизде эрте жазда тоок багуу ото кыйын,беде,мака(жугору)тизе бою болуп калганда болду да кыра башташат,тоокторду.
0
saryanti
2014-02-11 11:12:09
4:5 болсо жалгыз адамга кол салышы мүмкүн эки адамга эч качан
0
Lumia-800
2014-02-11 19:37:49
80 чоону 3000 сомдон...охууу байып кетиптирго ыя мергенчи!
0
kamo
2014-02-12 00:14:55
Менин байкем аз жерден чоолорго таланып кала жаздаган. Кечинде ,кошуна айылга жоо кетип баратса аркасынан шыртылдаган ун чыккан экен,карап коюп ит деген ойдо кете берет. Бироосу уулуп жибергенде чоо экенин билип ,колундагы фонарик менен этпеп жакыныраак жердеги заправкага чуркап жеткен экен. Абайлабаса ачка чоолор жеп койгондон деле тартпайт.
0
marat.maratov
2014-02-12 04:26:57
ужаско мен буларды корсом кадимки эле ит экен деп ойломокмун окшойт жакшы маалымат экен рахмат супер сиздерге!!!
+1
Jyrgal_msk
2014-02-12 22:47:25
Коп болсо жалгыз адамга кол салышы мумкун,эки адамга эч качан кол салбайт.
0
Kyrgyz.jigiti
2014-02-13 11:52:20
Salamatsyzdarby choo oto jaman bolot bizde choo abdan kop kishilerdin buttaryn talap salgan
0
tilek-x
2014-02-14 10:08:06
Чоо баардык эле жерде бар окшойт бизде жалал абадда кечинде уулуп же адам сыякту ыйлаганын уккам бирок адамдарга тиш салганы уга элек экенмин
0
qwert
2014-02-15 03:24:01
адамдарга кол салат деп укканмын мен озгон менен жалалабаттын айылында жашайбыз аябай кокунучтуу айылда ызылдап баштаганда айтып калышчу баардык нерсеге топтолуп алып кол салышат деп
0
indira.1991
2014-02-15 19:26:27
3500 деп кайданы айтышат анданда коп болсо керек. Кыргызстандын Ош аймагында бар экенин эми угуп жатам, а Чуйдо бар экенин билем.
0
Aitowka2013
2014-03-24 21:56:33
indira.1991, мен оштон болом айылда жургонубуздо аябай жаш балача унулдашат биз кечкисин коп укчубуз ата энелерибиз чоолор келип жатат деп коркутушуп уктатышчу бизди
0
nurrayan93
2014-04-23 00:37:23
менда уккам адамга да кол салат кытыктап олтурот деп бирок кудай сактасын!!!
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан