Гүлнур Асанова:«ЖАҢЫ ҮЙГӨ КИРГЕНИБИЗДЕ ШАШЫП АСМА ШАМДАРДЫ ИЛГЕНИБИЗ ЭСИМДЕ»

«Үйгө канча бут кирсе, ошончо кут кирет» деген кеп бар эмеспи. Бүгүн биз ырчы, актриса Гүлнур Асанованын үйүнө конокко бардык. Биздин келишибизге Гүлнур даярданып отуруптур. Бир аздан соң шаардын борборундагы үч бөлмөлүү үйү менен кеңири тааныштырып өттү.


«Конок тосуучу бөлмөбүз толугу менен эжемдин табитинде жасалгаланган. Жумшак эмеректи 40 миң сомго алганaбыз. Парда, сыналгылардын баасы эсимде жок».

«Келген досторум менен бул диванда отуруп алып баарлашканды жактырам».

«Салттуу түрдө биздин үйдө да сыналгы бар. Бирок аны көргөнгө адам жок» (күлүп).

«Асма шамдар үйгө кооздук берип турат».

«Мен жашыл түскө жакынмын, ошондуктан диван жапкыч, пардаларды жашыл түстө алгам. Уктоочу керебетимди топтому менен 2 миң доллардын тегерегинде сатып алгам».

«Сахнага кийчү кийимдерим шкафыма батпай, минтип сыртта илинип турат».

«Күзгүнүн алдында көп отурбайм, косметиканы көп колдонсом аллергия боло берем».

«Эжем менен жээнимдин уктоочу бөлмөсү. Уктоочу керебеттерди 2 миң долларга алганбыз».

«Ашканабыз ретро стилде жасалган, эмерек Польшаныкы. Башкысы, тамактанууга ыңгайлуу».

ЧАЙ ҮСТҮНДӨ МАЕК
– Гүлнур, конок тосконду жакшы көрөсүңбү?
– Ооба, конок тоскон жагат. Бирок эжемдин баласы төрөлгөндөн бери коноктордун саны азайды, мурдагыдай көп ырдабай да калдым, кичинекейди чочутуп албайын деп. Досторум келсе да «акырын киргиле, жээним уктап жатат» деп эскертип турам. Алар деле көнүп калышты.

– Бул үйгө көчүп киргениңерге канча болду?
– 2009-жылы 30-декабрда көчүп киргенбиз. Эсимде, Жаңы жылдын алды болчу, эжем экөөбүз шашып-бушуп асма шамдарды илип, айтор, Жаңы жылды тосконго араң жетишкенбиз.
Азыр бул үйдө эжем, кичинекей жээним үчөөбүз жашайбыз. Учурда бала багуучу болуп жүрөм. Эжем жумушка кеткенде баласын карап калам.

– Үйүңөр көп эле жакшылыгыңарга күбө болсо керек?..
– Бул үй биз үчүн куттуу үй болду. Эжем ушул үйдөн турмушка узады, жээним Умар төрөлдү. Мен көп фестиваль-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алганыма дал ушул үй күбө. Бирок көбүнчө конокторду чайканадан же башка эс алуу жайларынан тосом. Анткени курбумдун чайканасы бар да (күлүп).

– Кандай ырым-жырымдарды колдоносуң?
– Ырым-жырымдарды көп колдоно бербейм. Арчалап турам, ар бейшемби күнү аш басып, куран окуп турабыз.

– Шаймерден аттуу «тамашоучу» жигит менен кыз-жигит деп уктук эле, мамилеңерди качан ачыкка чыгарасыңар?
– Ал менин жакын досум. Ортобузда сүйүү мамилебиз жок. «Чынга чычалайт» деп коюшат го, чычаласам чын экен дешпесин деп эле мындай сөздөргө көз жумуп коём.

– Эжең кээде күйөрмандарың менен сенин ордуңа сүйлөшүп коёрун айтып калды...
– Айрым учурда ошондой болуп калат. Мен чарчаганда эжем менин ордума сүйлөшүп коёт, себеби баарына жетишпейсиң. Бирок күйөрмандарымды аябай сыйлайм, ошондуктан баарына жетишкенге тырышам.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Гүлнур турмуш курганга даяр"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (50)
Kara_kyrgyz
2014-02-11 18:06:44
мен да уйлонгонго даярмын !
0
kalbek87
2014-02-11 20:18:15
Учурдан пайдаланып катыра мактаныптыр,Гулнурдун уйундогу эмеректердин баасы окурмандарды анчалык деле кызыктырбаса керек. Менимче суроо салган журналистин, анчалык мааниси жоктой.
0
rs7777777
2014-02-11 21:03:18
журналист бул буюмду канчага алгансын тигини канчага деп суроо берген окшобойбу,болбосо бул буюмдар анчалык кымбат эмес,себеби мындай асма чырак менен телевизорду карапайым элдин ичинен ар бир экинчи адамдын уйунон кезиктиресин
+2
zhalyn13
2014-02-12 00:04:39
Гулнур азамат! Башкалардан айырмаланып ото жонокой,таланттуу кыз,уну тунук жана уккулуктуу.Кийген кийимдеринен эле ыймандуулугун байкаса болот ачык- чачык эмес.Чачы да суктанарлык экен
Ушунунан жазба ийгилик сага!
+1
maliw
2014-02-12 07:00:37
Admin media maga da anjelikanin uiu chikkan sanga wilteme berip koesunarbi
0
admin_media
2014-02-12 09:50:22
maliw, missnelya,
Саламатсыздарбы! Анжеликанын үйү эмес, бир күнү тартылган
0
Saiha.84
2014-02-12 13:45:38
Аззаматсын Гульнур!Тилектерин орундала берсин.
0
gulperi.kg
2014-02-13 15:05:43
Эл катары ото бай ото кембагал эмес орто жашаган жакшы анан да простой кыз экен.кызык кытайский арзан эле экен дегендерге тан калдым байлыкка малынбай орто жонокой жашаган жакшы эмеспи бай болсон деле кедей болсон да бараар жерин бир кудук
+4
alibekova94
2014-02-14 15:55:50
кандай жашаса кандай журсо озу учун да! аябай жакшы кыз! таланттуу ырды да актрисалыкты да жайына коет!!! сыймыктанам аман болсун ийгилик каалайм!
+2
AzaBaza
2014-02-14 18:13:18
бул кызды мен коргом,жакшы кыз
+1
Rostov-on-Don
2014-02-14 19:52:50
мага Гулнур жагат мээримдуу,назик,жузундо жылдызы бар кыз!
0
allan
2014-02-15 14:18:23
ай билбейм ай.мага бутка чалынган жудоо кыздай сезиле берет))Бул менин жеке ойум)
+1
kizburak.81
2014-02-15 17:50:45
Гулнур мага жагат ал акылдуу,ыймандуу,мээримдуу кыз ишине ийгилик!Ар дайым жузундон жылмайуу кетпесин.
+2
asyl81
2014-02-16 15:52:24
Гулнурга караганда эжеси сулуу, жылдыздуу экен.
+2
Altysha92
2014-02-16 23:39:41
Ишинизге ийгилик Гулнур эже!сиз мага аябай жагасыз ,бактылуу болунуз, ден соолугунуз чын болсун!
0
Ali1030
2014-02-21 10:55:38
ийгилик коштосун!!!
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан