ТУБАСА ИЧЕГИСИ ТУЮК, ЖАТЫНЫ ЖОК ТӨРӨЛГӨНДӨР КӨБӨЙҮҮДӨ

Учурда тубаса майып балдардын саны өсүп жаткандыгы тууралуу көп айтылууда. Мунун себеби эмнеде жана анын алдын алсак болобу деген суроого жооп издеп Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна баш бактык. Анткени республика боюнча оорукчан, анын ичинде тубаса майып туулган балдардын көбү ушул жерге келип дарыланышат.

«КОШ БОЙЛУУ АЯЛ ӨЗҮН КАРАБАСА, БАЛА ООРУКЧАН ТӨРӨЛӨТ»
Алгач Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору КАМЧЫБЕК УЗАКБАЕВди кепке тарттык:

– Камчыбек мырза, сизге алгач учурда тубаса майып балдар көп төрөлүп жатабы деген суроону узаткым келип жатат...
– Акыркы 5-6 жылда майып туулган балдардын саны 15 пайызга чейин өстү.

– Кайсы оорулардын түрлөрү менен көп төрөлүүдө?
– Биздин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2013-жылы жаңы катталган тубаса майыптардын саны 3414кө жетти. Мындан сырткары 2014-жылдын январына карата өлкөдө 1-17 жашка чейинкилерден 20 815 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар экендиги такталган. Булардын жарымынан көбү тубаса майыптар. Кандай оорулар менен көп төрөлө тургандыктарын карап көрөлү:
1-орунда нерв системинин аномалиясы (баш мээге суунун толуп кетиши, омуртканын туура эмес өнүгүүсүнөн улам жүлүндүн сыртка чыгып төрөлүшү, церебралдык шал оорусу, баш мээнин шишиги жана башка) турат. Ал эми андан кийинки 2-орунду жүрөк кемтиги, 3-орунду органдардын аномалиясы (кулагы же жатын кыны жок, ичегиси сыртка чыгып төрөлүү жана башка), 4-орунду кол-буттун аномалиясы (канча бир манжасы жок же бир буту кыска, май таман, колу кыйшык жана башка) ээлейт.

– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөлбөшүнүн кантип алдын алса болот? Эмнелерди билүү кажет?
– Балалуу болууну пландагандар 6 ай же 1 жыл мурун врачтарга текшерилип, аз кандуулук жана өнөкөт оорусунан дарылануулары зарыл. Боюнда болордон 3 ай мурда болочок баланын денесинин өсүп калыптанышына керектүү фолий кычкылын жана кээ бир керектүү витаминдерди ичиши абзел. Ал эми боюнда болгон өзгөчө алгачкы 3 ай ичинде врачтар тарабынан коюлган талаптарды аткаруулары кажет. Анткени алгачкы 3 айда баланын дене мүчөлөрүнүн түзүлүп, калыптануусу жүрөт. Ушул мезгилде аял үй-бүлөлүк чыр-чатактан алыс болуп, сапаттуу тамак-аштарды колдонуп, өз алдынча дарыгердин уруксатысыз дары-дармекти ичпеши керек. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталып, УЗИден текшерилип туруусу кажет.

«ТУБАСА НЕРВ ООРУЛАРЫ МЕНЕН КӨЛДӨН ЖАНА ТҮШТҮК АЙМАКТАРДАН КӨП КЕЛҮҮДӨ»
Нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси БАКЫТБЕК КАРАЧЕВге кездешип, төмөнкүдөй маалымат алдык:
– Биздин бөлүмгө 2013-жылы 800 бала түшүп, 320сына операция жасалган (айрымдарына этап менен). 800 баланын 70 пайызы тубаса хирургиялык нерв оорулары (баш мээ жана жүлүн) менен ооругандар. Аларга мээсине суу толуп төрөлгөндөр, мээсинин катуу кабыгы сыртка чыгып калгандар, моюн жана көкүрөк, бел туштагы жүлүндүн грыжасы менен жарыкка келгендер бар. Булардан тышкары мээсинин толук катмары жок (мээнин өзөгү менен каракуш мээ гана бар болуп, калганын суу басып турат), арткы мээнин грыжасы (грыжа экинчи баштай болуп көрүнүп калат), мээнин шишиги менен туулгандар келет. Айта кетчү нерсе, дал ушул баш мээнин тубаса шишиги менен төрөлгөндөр акыркы 5 жылда көбөйдү.
Тубаса нерв оорулары менен балдар көп келген аймактарга Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткен кирип жатат. Балдардын мындай майып төрөлүп калышынын башкы себеби эненин сапатсыз тамак-аш колдонуусу, стресстер, жыныстык жактан жугуучу оорулар менен ооруусу, фолий кычкылынын жетишсиздиги, ичкилик ичип, баңгизатын пайдалануусу жана башка болууда.

«1 ЖЫЛДА 300-350ДӨЙ НЫШАН БАЛАГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ»
Бет-жаак хирургия бөлүмүнүн жетекчиси АЛТЫНБЕК МАМЫРАЛИЕВ өз сөзүндө буларды баяндады:

– Бизге бет-жаактын түркүн оорулары менен ооругандар келишет. Анын ичинде нышан (эрини, таңдайы жырык), жаактын шишиги менен тубаса туулгандар бар. Нышан боюнча 1 жылда 300-350дөй балага операция жасалат. Бул мурунку 5 жылга караганда көбүрөөк. Мындай майып балдардын төрөлүшүнө негизинен энелеринин жакын туугандарына баш кошуусу, боюнда бар кезде жугуштуу оорулар менен ооруусу, ичкилик ичүүсү, химиялык каражаттардын жана радиациянын таасирине кабылуусу себепкер.


«КӨКҮРӨГҮ ИЧКЕ КИРИП ЖЕ СЫРТКА ЧЫГЫП КЕТКЕНДЕР БОЛОТ»
Ал эми №1-хирургия бөлүмүнүн врач-хирургу, Саламаттыкты сактоонун отличниги НУРБЕК АМАНБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биздин бөлүмгө 2013-жылы 880 бала түшүп, алардын 530уна операция жасалган. Тагыраак айтканда, бизге ичегиси сыртка чыгып калгандар (ичегилери киндиктен сыртка чыгып калат), ичегиси, кекиртеги же көтөн чучугу туюктар, көчүгүндө шишик (тератома) өскөндөр, көкүрөгү ичке кирип же сыртка чыгып кеткендер келишет. Булардан тышкары манжалары биригип келгендер, май тамандар, жатыны же жыныс кыны жоктор, ичегилери туура эмес жайгашып калгандар, жамбашы чыгып туулгандар сыяктуулар алынып келинип, операция жасалат. Минтип төрөлүп калган балдардын саны акыркы жылдары көп болууда. Көкүрөгү ичке кирип же сыртка чыгып туулуп калгандар мындан 6-8 жыл мурун Көлдөн көп келчү, азыр саны азайды. Ал эми Миң-Куш жана Нарын тараптан мээнин шишиги менен абдан көп келишчү эле, азыр алар да азайды (сыягы, радиациянын таасиринен улам). Жогорудагы оорулар менен тубаса төрөлүп калуулардын башкы себеби – энелердин болочок баласынын ден соолугуна кайдигер карагандыгы.



«ЖЭЭНИМЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ»
НУРКАН СЫДЫКОВА, Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 43 жашта:
– Учурда 1 жаш 4 айлык жээним Алымбекти карап жатам. Ал тубаса гидроцефалия (башка суу толуп кетүү) менен төрөлгөн. 5 айында Оштон башына туура эмес операция жасашкан экен, бул жерден нейрохирургия бөлүмүндө кайра операция жасашты. Азыр баланын абалы жакшы, врачтарга рахмат. Алымбектин оорукчан болуп төрөлүп калуусуна апасынын кош бойлуу кезинде ооруганы себеп болдубу же башкабы, так билбейбиз.

 


«БАЛАМДЫН ЭРДИН ТИГИШТИ»
ХАЛИМА МЕЙСАНОВА, Бишкектин тургуну, 33 жашта:
– Балам Абдыкерим 9 айлык. Нышан болуп төрөлгөн эле, 7 күн мурун бет-жаак хирургия бөлүмүндө операция жасашты. Азыр баламдын абалы жакшы.
Боюмда барда катуу сасык тумоолоп, дарыгерге кайрылбастан өз билгенимдей дарылангам. Ошонун кесепети тийдиби деп ойлойм.

 

 

 

 

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
nurik..asem
2014-02-11 14:32:26
Бизде врачтар карабайт торогонумдо 1-жарым жума жаткамын кызым гематома менен торолуптур башында бармактай Ирин болот экен ишенсенер роддомдон чыккыча корбоптур врачтар чыгабыз деген куну бала орогон медсестра коруп калды бала Жаны торолгондо башынан бутунун учуна чейин текшериш керекко детский врач акча эле болсо болду биздикилерге
+3
belosnejka1
2014-02-11 21:06:19
Бизде пландаштырып боюнда болуу тушунугу жок. Уч ай мурун аял кишинин денеси фолик кычкылы менен камсыз болушу керек озу. Кайдан ала качып эле уйлонуп алышат. Анан жумуш жок отурушат. Окмот да камсыз кылбайт, эч болбосо боюнда бар аялдарга витаминдерди кенири сатып алуусуна шарт тузуп беруусу керек. Кумторго окшош ишканалардан чыккан уулу заттардын да таасири бар. Тоолордон агып келаткан суулардын таза экенине ким кепилдик бере алат?
+1
Happymom
2014-02-12 00:10:22
Дуйнодо бир дагы эне баланын шорун тарпасын, андыктан ар дайвм дени сак бобок тороло берсин. Бала бакыт, бала базар.
+1
gulira-f
2014-02-12 17:38:32
АЛЛАХЫМ ооругандарга шыпаа берсин!!!
0
Aium_94
2014-02-13 00:56:06
кудайым биздин кичинекей бобокторду оорудан сактасын
+1
meri6ka
2014-02-13 22:33:15
эх батырак эле айыгып кетишсин,
жеген тамак аш бут химия,ананда биз эч качан ооруп турганда убагында кайрылбайбыз, профилактика кылбайбы3, качан гана болбой калган учурда барабыз, ананда ошол химия ал бул нерселерди жебегени аракет жасасак болот да, жоок эч качан кылбайбыз, азыр фигура деп анча мынча организмге керектуу тамак ашты жебейбиз, питание жакшыртуу керек, витаминдуу тамактануу керек, га3ировка, чипси, фаст фуд и т.п жебеш керек да, айта берсе коп,иммунитетти которуш керек,улуу ур
0
erboenyka
2014-02-14 09:54:31
Кытай ды кунолойбуз,озубуз деле алардан кем калышпай калдыкго.Картошка себерде ууга чылайбыз,жук жебесин деп,аны озубуз жейбиз.Алма орукко да ууну чачабыз.Малды бат семирсин деп гармон саябыз.Анан еще тан калып отурабыз,Ушунун баарын озубуз жеп алып,Илгери мындай оорулар жок болчу деп.
0
only_progress
2014-02-14 12:14:30
Туугандар азыркы осуп келе жаткан жаштарга азыртан ушундай нерселерди айтып туура тамактануу жыныстык катнашта ооруларды боюнда болтурбоону алдына алуу ж.б.темаларды проблема кылып которуп чыгыш керек. Уят деп жашырбай балдарды жаштарга кенири информация таратыш керек
0
GULYA5555
2014-02-15 12:22:40
bul tamak ashtan gana emes gigienadan da bolot eger aylu boiunda bolso guiosu bashka kuz menen koshulup kelip ayalu menen koshulsa gim bilet tigi kuz kandai orular menen ooruit tuurabu oshon u4un erkekter oilongula janagundai soikulardu jok kulush gerek orunun baarun taratkan osholor alar aitpaitta silerge oruganun ak4a taokanuna suiuno berishet kele4ektegi seninbalanun tagduru kuzukturbait soikular jok bolsun4u alardun aiunun kan4alagan ui buloo buzulup ata
0
indira.1991
2014-02-15 19:55:08
Азыркы жаштар алкогольго коп басым жасашат ошонун айынан ушундай бейкуноо наристелерге таасирин тийгизип жатат. Эненин эле эмес атанында ден соолугу чын болуш керек ошондо алты саны аман торолотко деп ойлойм
0
o.aza
2014-02-15 22:58:42
Жакшы кенеш бериптир рахмат дейли а бирок врачка корунойун деп бансан эртен кел туштон кийин кел ошо мн барбай койобуз даже озуно барсанда жакшы кабыл албайт себеби биз кыргызстанда жашайбыз
0
Pirlo
2014-02-16 08:24:04
Kuday Saktaysin,azaisa eken ushunday nerseler,ozunordu karagyla kyzdar bashynan bashtap boydo bolgondo,aman bolgula!!
0
4ok4oloi
2014-02-17 21:04:24
Мен Россияда тородум алты жарым айлык торолду балам тубаса гидроцефалия менен операция кылышып башына шунт коюшкан азыр жакшы кудайга шугур орусиянын жараны болбосок да аябай жакшы карашты
0
sumaya90
2014-03-13 18:27:20
баардык бобоктор ден соолукта болушсунчу бактыбызга.жогордогу бобокторубуз айыгып корбогондой болуп кетишсин.
0
Suluukyz
2014-09-15 00:45:52
Кудай дартын берсе, дабасын да берет деп койушат Сабырдуулук каалайм баарыныздарга. Баарынарга ден соолук гана тилейм Алла тааламдан!!!
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан