АКЫЛДУУ БАЛА

( Кыргыз эл жомогу)

Илгери-илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы эс тартып чоңойгондо атасы жанына чакырып алып:
– Балам, мени сыйласаң ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок,- дейт. Аны уккан баласы капаланып:
– Ата, эгер мени адам кылам десең уурулук кесипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын,- деп жооп кайтарат.
Баласынын жообуна атасы аябай ачууланды:
– Атанын жолун жолдобойт деген эмне? Тилимди албайт имиш! Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел!
Уурдабасаң көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!
Бала «макул» деп үйдөн чыкты да, Жоошбайдын кызыл өгүзүн күзгү эгинге сатып келди. Бул тууралуу атасына айткан жок. «Балам өзүмдү тартып ууру болот экен» деп атасы аябай кубанды. Ошентип өгүздү союп алышты.
– Ата, бул этти жегенден мурда экөөбүз таразага түшөлү, эт түгөнгөндө кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели,-деди бала.
Атасы уулунун сөзүн эп көрдү. Макул болуп, экөө таразага түшүштү. Арадан бир-эки жума өткөндөн кийин эт түгөндү. Экөө таразага дагы түшүштү. Атасы мурункудан бир аз арыктап калыптыр. Ал эми баласы болсо, тескерисинче, семирген экен. Бул ишке атасы таң калып, баласынан жөнүн сурады.
– Таң кала турган эч нерсе жок,- деди баласы атасына жылмайып.
– Сиз эт жеп жатканда, «уурулугум ачылып калбасын» деп коркуп жейсиз. А мен өгүздү сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болду. Ар ким өз эмгеги менен гана семире алат.
Ошондо атасы баласына:
– Уурулук эң жаман иш турбайбы, сен бул бузук жолдо жүрбөй, түз жолго түшкөнүң жакшы болуптур,- деди да, батасын берди.
Ошол окуядан кийин атасы уурулугун таштаган экен.

Асхат Субанбеков
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
koroleva1981
2014-02-10 20:28:42
Бала кездеги суйуктуу жомогубуз
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан