БАЛА КЕЗДЕГИ КЫЯЛДАР
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну Жусупбек Акпарали уулу учурда эки буту иштебей, арабага күнү түшүп калды. Окуя эл үчүн эстегенге да оор болгон Ош окуясына барып такалат. Дарыгерлер чет мамлекеттен операция жасатса басып кетүү мүмкүндүгү бар экенин айтышып, учурда ал жардамга муктаж. «Бала кезимден аскер кызматкери болууну кыялданып, өз каалоом менен аскерге кеткем» деген ЖУСУПБЕК оор тагдырын төмөнкүчө баяндады:
-Учурда 23 жаштамын. 2009-жылдын октябрь айында Ош шаарынын жанындагы Жапалак айылында жайгашкан №81497-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткам. Кызматта жүргөнүмө кубанып, өзүмдү чыныгы жигит сезип, кайда жиберишпесин, эмне тапшырма болбосун милдеттүү түрдө кете берчүбүз. Бала кезимде эле аскер адамы болууну кыялданып, улуу агаларыбыздын куралчан, формачан түшкөн сүрөттөрүнө тигилип отура берчүмүн.
Ошентип, аскердик кызматка чакырылгандан 8 ай өткөн соң Июнь окуясы башталып кетти. Биз Нариман айылындагы мунайзат базасын кайтарууга алдык. Ош окуясы катуулап, согуштун оту тутана баштады. Мурда-кийин мындайды көрбөгөн жаныбыз «согуш деген ушул турбайбы» деп ойлодук. Андайды көргөндө адам өзүн баатыр сезип, кызуу кандуу боло түшөт экен. Кандай душман болбосун салгылашууга даяр турдук. Баарынан жаманы, душманыбыз ким, ошол белгисиз эле. Отуруп сүйлөшүп калганда «каршылаштар өзбектер эмес экен, эки элди козуткан үчүнчү күчтөр бар экен» деп жатышты. Биз аскербиз да, улутуна, расасына карабай элди кандай кырдаалдан болсо да алып чыгышыбыз керек.
«ӨМҮРҮМДҮ БЕЙТААНЫШ АЯЛ САКТАП КАЛДЫ»
-Каргаша болгон күнү 12-июнь болчу. Кырдаал оорлоп, түштүк тарап коркунучта турган. Адаттагыдай эле кызмат ордубузда болчубуз. Бир маалда биз кайтарып турган мунайзат базанын тосмосун бузуп, өзбек улутундагы белгисиз адамдар кирип келишти. Жанымдагы бирге кызмат өтөгөн балдар кайда кетишкенин да байкабай калыптырмын. Аңгыча «тарс» деген үн чыгып, көзүмдөн от чагылыша түштү. Куралдангандар ок чыгарышып, менин үч жериме ок тийди. Кол салгандардын максатын деле түшүнгөн жокмун. Жерге жатып калгандан кийин кыйналып тыбырчылап жатсам «өлө элек экен» дешип тепкиге алышып, учтуу арматуралар менен санга, жамбашка, айтор, туш келди сайгылай беришти. Калганы эсимде жок. Анан мени «өлүп калды» деп ойлоп кетишиптир. Бир убакта эсиме келсем, бир өзбек аял көчөгө сүйрөп чыгып жардам сурап жүрүптүр. Андан кийин эмне болгонун да билбейм.
Ооруканадан эсиме келдим. Биринчи жардам көрсөтүлүп, айлап ооруканада жаттым. Кийин билсем, мага 3 ок жаңылып, анын бири 3-4-омурткаларыма тийип, жүлүнгө доо кетиптир. Ошондой эле колума, өпкөмө да октор тийген. Ооруканада жатсам баягы мени сүйрөп чыгып жардам чакырган өзбек эже издеп келиптир. Ден соолугумду сурап, жакшы кебин айтып кетти. Ушундан улам «Жаман улут болбойт, жаман адамдар болот» деген сөзгө ынандым.
«АРАБАГА ОТУРУП КАЛДЫМ»
-Үмүт үзүлбөйт деген чын экен. «Баса албайсың, бутуң баспай калат» деген сөздөрдү угуп жатсам деле, убакыттын өтүшүн күтүп, «бара-бара басып кетем» деп өзүмдү алдай бердим. Акыры мени ооруканадан көтөрүп чыгып кетишти. Шаабайым сууп, жашоонун кызыгы жок калды. Бир нече айдан кийин өзүм аскердик кызмат өтөгөн жерден жардам болуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен майыптар үчүн араба берилди. Мунусуна да шүгүр дедим. Жок дегенде колум менен дөңгөлөгүн айлантып, үйдөгүлөргө жүк болбой, ары-бери жылам. Оору бир жагынан кыйнайт. Темир менен сайып кеткен жерлерим эмгиче айыга элек. Андан бери 4 жылдын жүзү болду. Оору менен алышыш үчүн чың организм, күчтүү дене болуш керек эмеспи. А мен болсо минтип баса албай, 2 бутум шал болуп турса, кантип жараатым менен алышмак элем?
Учурда заманам тарып, айла таппай жаткан чагым. Атам, бир туугандарымды аяйм. Мени менен кошо азап тартышып, алар деле үмүттөрүн үзбөй ары-бери алып барып дарылатуунун жолун издешүүдө. Апамдын көзү өтүп кеткен. Менин абалыма карап мамлекет Оштон бир бөлмөлүү батир берди. Жардам бергендердин баарына учурдан пайдаланып терең ыраазычылыгымды билдирем.
«ИТАЛИЯДА ОПЕРАЦИЯ КЫЛУУ КЕРЕК»
-Азыр жардамын берип, болгон күч-аракетин жумшап жаткан – таякем Бекназар. Ал мени 4 жылдан бери алып барбаган жери калбады. Мага эң чоң үмүттү тартуулап жаткан да ошол. Азыр Кыргызстанда оор операция жасоого мүмкүнчүлүк жок экен. Таякем чет мамлекеттерден доктур издеп, акыры меники сыяктуу жаракат алгандарга Италияда операция жасала турганын билиптир. Алар жиберилген анализди көрүп, басып кетүүгө үмүт бар экенин жана кайра баштан өзүлөрү кароодон өткөрүшөрүн айтышыптыр. Маңдайыбыз жарыла сүйүнгөнүбүз менен, баягы эле каражат маселеси кендирди кесип жатат.
Бекназар таякем банктарга барып, жардам беребиз деген кайрымдуу адамдар үчүн акча которууга эсептерди ачты. Азыр бизге бир сом дагы чоң мааниге ээ. Италияга барып, ал жактан текшерүүдөн өтүү үчүн эле 30 миң евро керектелет экен. Аз-аздан чогулуп жатат. Мага баарынан убакыт баалуу болуп турат. Эртерээк операция жасатпасам, андай оор операцияга организмим туруштук бере албай калышы да мүмкүн экен. Буюрса, айыккан соң аскердик кызматымды улантсам деген тилегим бар. Себеби аскерге барганыма 8 эле ай болгондо минтип каргашалуу кырсык болуп кетип, көксөөм суубай калды.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg