КАР КӨЧКҮНҮН ТУТКУНУНА АЙЛАНБАЙЫН ДЕСЕҢИЗ...

Адам өмүрүнө коркунуч жаралган кырдаалда кимди угасыз? Сиздин өжөрлүгүңүз же шашылыш жумушуңуз жашооңуздун баасына татышы мүмкүн. Бирок көп учурда тобокелге салып, анын аягы кандай бүтөрүн да билбейсиз. Анда, кеп учугу дагы бир тилсиз жоо – кар көчкү жөнүндө болсун.

КӨЧКҮДӨН БЕШ АДАМ КАЗА ТАПТЫ
Беш адамдын өмүрүн алган өткөн аптадагы каргашалуу кар көчкү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл округунун Тас-Бел жайлоосунда орун алды.
Аталган округдун Жайык айылынын 5 тургуну 27-январь күнү Тас-Бел жайлоосуна малынан кабар алууга кеткен боюнча үйлөрүнө кайтышкан эмес. Дайынсыздарды жакындары издеп чыгышып, жайлоого бараткан жолдо кар көчкү түшкөнүн көрүшөт. Айыл эли биргеликте сүрүлүп түшкөн карды тазалап, 29-январь күнү көчкү алдынан 5 жансыз денени таап чыгышты. Каза болгондордун улуусу 39 жашта болсо, кичүүсү 21де эле. Апааттын курмандыктарынын алдынын 7ден балдары, жубайлары артында калса, арты бойдок кетти. 

Окуя боюнча сурап айыл округдун башчысы УЛУКБЕК КЕРИМКУЛОВго кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биздин айыл тоолуу аймак болгондуктан, «Падыша-Ата» мамлекеттик коругунан ары унаа менен барганга жол жок. Ат менен 5-6 саат жүрүп жайлоого жетебиз. Дайынсыз жоголгондорду алгач туугандары издеп барып көчкү түшкөнүн, анын тегерегинде атка артылчу куржундардын жатканын көрүшүп, келип бизге кабар айтышты. Бир саатта айыл эли чогулуп барып, карды тазалай баштадык. Кийинки күнү райондун акими техника алып келип, иштин башында өзү турду. Коңшу айылдан келгендер, биздин айылдын тургундары болуп жалпы 300 киши, андан сырткары ӨКМнын 20 аскери жардам беришти. Үч күндөн кийин алардын сөөктөрүн алып чыктык.
Аксакалдардын айтымында, буга чейин мындай окуя биздин айылда болбоптур. Кар көчкү да январь айында түшчү эмес эле. Быйыл бир аз күн жылып, кардын асты эрип кетти окшойт. Кардын калыңдыгы 70 сантиметрдей болчу.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө Президенттик резерв фондунан 50 миң сомдон жардам берилди.

КӨЧКҮНҮ ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИ ТАЗАЛАЙТ
Жолго кар көчкү түшүп, башка айылдар менен байланышсыз 2-3 күнгө калган айылдар тоолуу Кыргызстанда көп эле кездешет. Учурда 1-февралда түшкөн кар күрткүсүнүн кесепетинен башка айылдар менен байланышсыз калган Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ор-Казган айылында жол 6-февралда да ачыла электигин ӨКМдан кабарлашты.
Мындан көп өтпөй, 4-февралда достору менен аңчылыкка чыккан Жайыл районунун бир тургуну да көчкү алдында калды.
2012-жылы бул кырсыктан 15 адам каза болсо, былтыркы жылы курмандыктар болгон эмес.
Түшкөн кардын көлөмү боюнча эң чоңу Ош – Бишкек унаа жолу болсо, саны боюнча Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу саналат.
Жолдордогу кар көчкүнү тазалоо милдети Транспорт жана коммуникация министрлигине жүктөлгөн. Ал эми Жол-кайгуул кызматы айдоочулардын кыймылын көзөмөлдөсө, куу ашуу, жон белде калгандардын чатырын, тамак-ашын жергиликтүү бийлик белендеп, жогоруда аталган иштерди уюштуруу менен координациялоону Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) колго алат.
Ош – Бишкек жолундагы көчкүнү тазалаган Транспорт жана коммуникация министрлигинин 9-жол тейлөө ишканасынын башчысы Токтобек Балбаков төмөнкүлөргө токтолду:
– Биздин пункт Жайыл районундагы Сосновка айылында жайгашкан. Көчкү түшкөн учурда эки саатта жетип барып, ишке киришебиз. Айдоочулар баш ийбей, жол толук ачыла электе эле өтүп кетүүгө шашышат.
Элди сабырдуулукка чакырат элем, алдыда унаалар турса, демек, жол жабык. Ага болбой, маңдайкы жолго чыгып кетишет. Өзгөчө өрөөндө жол карарып калса эле ашууну эсепке албай чыгып алышат.

ӨКМнын алдындагы Гидрометеорология агенттигинин директору ЗАРЫЛБЕК ИТИБАЕВге кайрылып, февраль айына карата болжолдуу аба ырайын билдик:
– Биздин өлкө тоолуу болгондуктан, 3000дей жерде кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Алардын ичинен стратегиялык маанидеги жолдорго түшүүсү мүмкүн болгон 150 жерде жасалма аткылоолор жүргүзүлөт. Өлкө боюнча 18-февралга чейин кар жаап, аба ырайы суук болот. Андан кийин суу аралаш кар жаап, күн акырындап жылый баштайт. Көчкү көп учурда күн жылып, кар эрип баштаганда жүрө баштайт.

Жол жүрүүдө унаалар арасындагы  аралык 500 метрден кем болбошу керек.

ӨКМнын шашылыш СМС-билдирүүлөрүнө, жолдогу «Чектелген жүрүү», «Унаа жолунун жабылуусу» белгилерине көңүл буруңуз!

Кар көчкү эң аз эртең мененки маалда түшөт.

Кырсыкка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, дароо 101ге же (0800) 222-2-222 номерин терип, маалымат бериңиз. Чалуулар акысыз.

Кар көчкү түшүү коркунучунун узактыгы октябрдан тартып апрель айларына чейин эсептелет, бирок көчкү түшүү февраль-март айларына туура келет.

Кокусунан көчкү алдында калсаңыз, күчүңүздү сактап, өзүңүздү кармап, уктабаганга аракет кылыңыз.

«Супердин» сурак бурчу
ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛГАН БИЛДИРҮҮЛӨРГӨ МААНИ БЕРЕСИЗБИ?

Самидин Сулайманов, Баткен шаары:
– 15 жылдай болуп калды, жайдыр-кыштыр жолдо жүрөм. Келе жатып көрүп жатабыз, көчкү түшүп, аны өкмөт тазалап, аракет кылып жатат. Билдирүүгө маани берем, жолдон кайчылаш өткөндөрдөн «Жол кандай экен? Ачык элеби?» деп сурап турабыз. Сактыкка кордук жок.

Жеңишбек Усенов,  Жалал-Абад шаары:
–  Келген билдирүүлөр туура эмес чыгат. Мисалы, жол 2-3 күнгө жабык дешет. Бирок биз каттап эле жатабыз. Элдер «жол ачыла элек экен» деп ойлошот. Же алар ашууну көрбөй эле, бул жакта отуруп алып жиберип коюшабы?  Биз кардарларыбызды да, өзүбүздү да тобокелге салып жолго чыкпайбыз. Кабарлашып билип турабыз.

Нурлан Солтобаев, Талас шаары:
– Билдирүүлөргө маани берем. Тазалап жатышканда Төө-Ашууда кээде он сааттап күтүп турабыз. Болгону, оор жүк ташуучу унаалар ашууга келгенде жай айдап, жол ачылган учурда да тез чыга албайт, анын артында турган жеңил унаалар кыйналат. Ушул маселе жөнгө салынса жакшы болмок.

Курстан Раимкулов,Өзгөн шаары:
– Билдирүүлөргө көңүл деле бурбайм. Мына жакында «жол жабык» деп СМС жиберишти. Келе жатсак жол ачык экен. Келип эле 101ге чалып сурасак, «жол ачыла элек» дешти. Маалыматты улам жаңылап, туура жиберишсе. Кечээки абалды бүгүн жибербей.

Бакыт Кадыров, Нарын шаары:
– Беш жылдан бери Нарындан Бишкекке каттайм. ӨКМнын эскерткенине рахмат. Дайыма жолго чыгарда телевизордон, радиодон аба ырайын билип, чөнтөк телефонго келген билдирүүнү окуп кабардар болуп турабыз. Айдоочулар, келаткандар бараткандардан жолду сурайбыз.

Абдиашим Асан уулу, Баткен шаары:
– Алыскы жолдо айдоочулук кылганыма эки жылдай болуп калды. Бишкекке чыгарда бул жактан баргандардан жолду сурайбыз. Билдирүү жибергени менен, айткандарынын жарымынан көбү туура келбейт. Быйыл мага бир да ирет смс келген жок.

Сабырбек Усенов,Каракол шаары:
– Жүргүнчү ташыганыма 20 жылдан ашты. Албетте, билдирүүлөргө маани берем. Унааны кышка даярдап, техникалык талапка жооп бере тургандай алып жүргөнгө аракет кылам. Бизде жол жакшы, ачык. Ашуу да ашпайбыз.

(Суроого жооп бергендердин баары таксисттер)

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Мэри
2014-02-11 15:00:10
Негизи, жайлоого жайында чыгып, күн сууктап калганда этекке түшөт деп айтылат. Б.а. кышында мал кыштоодо багылат. А булар кышында да жайлоодо болушат бекен? Ал жакта суук, кар белден болсо керек... Же айырмасы жокпу...
0
aman94el
2014-02-15 02:04:09
Мэри, ой ушулар биздин кошуналар эле эй кайдагы мал кароо кор тирилик деп анчылыка чыккандар да а биз жакта кар оор жааганда кийик эликтер ылдыйлап тушушот ошого барышкан го бирок жаныбарларды да кордой бербеш керек да !!!!!,
,,,,
0
Мэри
2014-02-11 15:08:41
"....куу ашуу, жон белде калгандардын" дегенди "ач белде, куу жолдо" деп айтса туура болот...
0
anara-anara
2014-02-11 22:49:16
Анчылыкка чыгышканда чилдеде кайдагы мал.
0
№ 588, 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан